БИР БҮРКҮМ

№697 11-март-17-март, 2016-ж

  • Мектеп окуучулары ЖАЗГЫ КАНИКУЛДА 17-марттан 23-мартка чейинки аралыкта эс алышат.
  • 4-мартта Түркияда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин спорт министрлеринин жолугушуусу орун алып, II ДҮЙНӨЛҮК көчмөндөр оюнун 3-8-сентябрь аралыгында өткөрүү бекитилди.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкөдөгү мектептерге КОМУЗДУ ЧЕРТҮҮНҮ үйрөтүү сабактарын киргизүүнү көтөрүп чыкты.
  • Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Болот Жунусов кызматтан бошотулду. Президенттин башка буйругу менен бул кызматка БОЛОТ ОТУНБАЕВ дайындалды.
  • Кыргызстанда калктын 73 пайызын КЫРГЫЗДАР, 15 пайызын өзбектер, 6 пайызын орустар, калган катмарын башка улуттардын өкүлдөрү түзөт.
  • Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, Кыргызстандагы мектептердин 9 пайызында гана туруктуу ИНТЕРНЕТ бар болсо, 25 пайызы компьютерлер менен камсыздалган. Орточо 12 окуучуга 1 компьютер туура келет.
  • 13-марттан тартып өлкөдө АБА ЫРАЙЫ бузулуп, жамгыр жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалым кылат.
  • Экстремисттик кылмыштарга аралашкан кыргыз жарандарынын 25 пайызы АЯЛДАР. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги билдирди.
  • Балдарынын бири оор кылмыш жасаса энеге "БААТЫР ЭНЕ" жана "Эне даңкы" медалдарын бербөө тууралуу жобону камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
  • Учурда ГЕМОДИАЛИЗГЕ абдан муктаж бөйрөк оорусунан жабыркаган адамдардын саны 110го жетти, алардын 15и жаш балдар. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирген.
  • Кыргызстанда 2015-жылы 29,1 миң КЫЛМЫШ катталган. Анын 13 257син окубаган, иштебеген адамдар жасашкан. Мындай маалыматты депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.
  • Ысык-Көлдө 130 миң адам ТАЗА СУУ менен камсыз болуп, облустун 72 айылында таза суу түтүктөрү ишке кирген. Бул тууралуу облус администрациясы маалымдайт.
  • Улуттук Банк 9-мартта валюта базарынан 5 миллиондон ашуун ДОЛЛАР сатып алды. Муну менен март айындагы Улуттук Банк сатып алган доллардын суммасы 20 миллион доллардан ашты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо