
Электр энергиясынын баасы боюнча маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Талкууда депутаттар электр энергиясын сырттан сатып албаган учурда тариф 1 сом 38 тыйын болушу керектигин айтып, учурда жарандар эмне үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканына кызыгышты. Депутат
Экмат Байбакпаев:
«Импорт жок болсо да 2,16 сомдон төлөп жатабыз, эмнеге?»- деген суроо берди. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы
Таалайбек Нурбашев:
«Импортту карызга алганбыз. Карызды төлөшүбүз керек. Төлөп жатабыз»,- деп билдирди.
«Эгер импорт жок болсо, карыздардан кутулсак, анда бааны 1,38 сомго түшүрөбүз»,- деп кошумчалады. Депутаттар маселе боюнча канааттандырарлык жооп ала албаганын белгилешти. Ал эми жергиликтүү басылмалардын бирине Таалайбек Нурбашев
«700 киловатт-сааттан ашык пайдаланганда 1 киловатт-саат 2,16 сомго бааланган тариф электр энергияны суук мезгилде жылытуу максатында колдонууну чектөө үчүн киргизилген» деп билдирген. Буга чейин өкмөт тарифтердин жогорулашын чет элден келген импортко байланыштырып келген. Кыскасы, аталган мамлекеттик агенттик депутаттарга тариф саясатын түшүндүрө алган жок. Жыйынтыгында тарифтерге тийиштүү токтомду кайра карап чыгуу жана импорттоло турган электр кубатын эсепке алуу менен тарифтерди тактоо үчүн өкмөткө 45 күн мөөнөт берилди. Ал эми электр энергиясы импорттолбогон шартта тариф эмне үчүн 2 сом 16 тыйын болуп жаткандыгы боюнча так маалыматты депутаттар кийинки жыйында уга турган болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg