-

АКШдагы Колумбия университетинин жана БУУнун жүргүзгөн
БАКТЫЛУУЛУК ИНДЕКСИ боюнча иликтөөлөрүндө Кыргызстан 85-орунда. Казакстан 54, Өзбекстан 49, Тажикстан 100-тепкичте. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң эле бактысыз Украина болгон. Ал 123-орунда.
-
2015-жылы 177 ӨСПҮРҮМ КЫЗ боюнан алдырган жана 1064 өспүрүм кыз көз жарган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз саламаттыкты сактоо министринин маалыматына таянып билдирди.
-
ДОЛЛАР МЕНЕН насыя алган 2397 жарандын
2 миллиард 641 миллион сомдук насыясы 62,14 сомдук курс менен сомго которулду. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.
-
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН сайтындагы маалыматка ылайык, учурда 6-чакырылышта Чүй облусунан 34, Ош облусунан 33, Жалал-Абаддан 14, Нарындан 10, Таластан 9, Ысык-Көлдөн 7 жана Баткенден 6 адам депутаттык кызматта.
-
Бишкекке Кавказдан 9 айлык Симба аттуу АРСТАНДЫН БАЛАСЫ белекке берилди. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фонду кабарлайт. Арстан жакынкы күндөрдө Караколдогу зоопаркка жеткирилет.
-
Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп АЗАМАТ ДИКАМБАЕВ дайындалды.
-
Жогорку Сот ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча Талас облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
-
Кыргызстандын калкы күндө орточо бош убактысынын 6 саатынын жарымын телевизор көрүүгө, 3 мүнөтүн маданий мекемелерге барууга бөлөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2015-жылдык отчётунда жазылат.
-
11-мартта Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековду 10 миллион сом айып пул төлөөгө өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Ахматбек Келдибеков кылмыш ишинин эки эпизоду боюнча күнөөлүү деп табылды.
-
Быйылкы жылы миңдей мектеп интернетке туташтырылат.
-
Күйөөсүн жиликтеп салган Айдай Субанованын акыл-эси жайында деген жыйынтык чыкты. Буга чейин ал Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасына жөнөтүлгөн болчу. Соттук процесс 24-мартта башталат.
-
Жогорку Кеңеште лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечи –депутат Төрөбай Зулпукаров.
-
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, өлкөдөгү инфекциялык оорулардын 40 пайызы Жалал-Абад облусунда катталган. «Негизги себеп – булганыч суу. Таза суу чыгаруу керек»,- дейт министр.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg