№698 18-март-24-март, 2016-ж
Суроолорго Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы ЖАМАЛБЕК ТУРГУНБАЕВ жооп берет
– Кышы-жайы дебей эле эки таманым сыздай берет. Жылытуучу атайын дары майларды (мазь) сүйкөп, жылуу байпак кийип алсам басылып калат. Доктурларга көрүнсөм дарыларды жазып берген, эч кандай жардам болгон жок. Бул оорудан кантип арылам?
Акбермет, Талас
– Тамандын муздашынын эки себеби бар. Кант диабетине анализ тапшыруу керек, эгер бул анализи таза чыкса, анда тизеден ылдый кан тамырларды УЗИден текшертүү кажет, суук тийиши мүмкүн. Ошонун жыйынтыгы менен дарылоо жүргүзүлөт.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |