№698 18-март-24-март, 2016-ж
Суроолорго Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы ЖАМАЛБЕК ТУРГУНБАЕВ жооп берет
– Апамдын дайыма эле башы ооруй берчү. Жайкысын күнгө таптакыр чыга алчу эмес, короого чыкса да баш кийим кийип чыкчу. Бир нече жолу ооруканага жатып да дарыланды. Анан бир көзү таптакыр эле ачылбай калды. Невропатологго көрүнсө «нерв менен артерия жабышып калыптыр» деп башынын оң жагындагы нервин алып салышты. Операциядан кийин оң көзү жакшы көрбөй, кулагы жакшы укпай жатат?
Асема, Каракол
– Баштагы четтик нервди алса анда кулакка, көзгө эч кандай тиешеси жок. Эгерде борбордук нерв системиндеги нерв алынса анда көзгө, кулакка таасир этет, начарлайт. Убакыттын өтүшү менен акырындан калыбына келет. Ден соолугу начарласа сөзсүз дарыгерге кайрылышы керек.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |