«ТОРГОЮМ» ЭЛДИКИ ЭМЕС, АЙЫЛДЫК АКЫНДЫКЫ

№699 25-март-31-март, 2016-ж

Учурда популярдуулугу артып, баары кыңылдап ырдап жүргөн «Торгоюм» ырын көпчүлүк элдики деп билишет. Бул ырга Нурмат Садыров «жан берип», экинчи жолу өмүрүн узартканга салымын кошту окшойт. Бирок аталган ырдын сөзүнүн автору кадимки айылдык акын экен. Редакциябызга ырдын автору Рыскулбек Турсуналиевдин кызы Гүлнара Турсуналиева келип, «Торгоюм» ыры атасына тиешелүү экенин билдирди.

«АПАМДЫ «КИЧИНЕКЕЙ ТОРГОЮМ» ДЕП ЭРКЕЛЕТЧҮ»
– Атам Рыскулбек Турсуналиев 1935-жылы Талас облусунун Миң-Булак айылында төрөлгөн. Чоң атам тегирменчи, чоң апам болсо ыр-бийге шыктуу, ооз комузчу да болуптур. Кыязы, атам чоң апамды тартса керек. Атамдын музыкага шыктуу экенин билген ата-энеси аны Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга окутушат. Атам филармонияда Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев жана башка белгилүүлөр менен ийиндеш иштешет. Бирок болбой эле айылдын касиети тартып, айылдагы мектепте 30 жылдан ашуун ыр, кол эмгек, сүрөт сабактарынан мугалим болуп иштеп калат.
Атам «Торгоюм» деген ырды 48 жашында жазган. Апама жаңы үйлөнгөндө эле аны Орусияга аскерге кызмат өтөөгө чакырып, 3 жыл аскерде жүрүп келет. Ошол кезде апам чымчыктай болгон кыз экен. Атам апамды чымчыкка салыштырып «кичинекей торгоюм» деп эркелетчү. Кийин экөө 8 балалуу болуп, апама арзуусун, дил тереңинде уялаган ыраазычылыгын билдирүү максатында «Торгоюм» ырын жазат.

«АЛГАЧКЫ ЖОЛУ «САРМЕРДЕНДЕ» ЖАҢЫРДЫ»
– «Торгоюм» ырына Советбек Урматбеков деген музыкант агай обон жазгандан кийин ыр кеселерде, айыл кечелеринде дайыма ырдалып, Таласта көбү билчү. Бир күнү сыналгы көрүп отурсам «Сармерденде» Айтбү Атамбаева деген аткаруучу ырдап жатат. «Атамдын ыры го» деп сүйүнүп кеттим. Айылдаш, тааныш-билиштердин баары чалып, «кечээ берүүдөн атаңдын ырын ырдашты» деп айтып калышты. Андан кийин Гүлзат Батырканова ырдап чыкты, учурда Нурмат Садыров аткарып жүрөт.
Атам 2010-жылы оор илдеттен каза болуп калды. Анын өзү калбаса да аты калсын деп «Торгоюмду» «Кыргызпатентке» барып атама каттатып, мен мураскер болуп алдым. Учурда атамдын ырын жайылтып аткарып жүргөн ырчыларга ыраазымын, бирок суранарым, авторун кошо атап жүрүшсө арбагы сүйүнүп калат беле дейм. Жакында эле Нурмат концерт берип, бизди да чакырган. Ошондо апам сахнага чыгып «бул ырды абышкам мага арнаган» деп сүйлөсө, эл дүркүрөтө кол чаап абдан жакшы кабыл алышты.

Лунара Бекиева
star@super.kg


“Торгоюм” ырынын жаралуу тарыхы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
26.03.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Гулзат эженин ырдаганы абдан жагат, таланты, музыкалык сабаты болгон учун абдан жеткиликтуу ырдаган. Керемет чыгарма!
Медиа-портал
26.03.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсынар супер инфо ушинтип авторлордон маек алып турсанар өлүп калгыча деле,антпесененер ырчылар авторлорду билип туруп деле айтпай ырдап чыгып журушот го.ырды чыгарган адамдар деле журогу жылып калсын.
SUPER.KG видео
26.03.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Керемет ыр!! Ыр саптарын жазган агабыз Рыскулбек Турсуналиевке таазим кылабыз жана рахмат айтабыз! Укканда бийлегин эле келет го))
Медиа-портал
26.03.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун ыр,текстти да,обону да сонун!
28.03.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сонун,сонун ыр,жаны акындар мындай ырларды жаза бербейт
28.03.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз Абдыразаковдун "Апакебай" ырынын авторун билип берсенер. Эн соонун чыгарма
28.03.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россияда ырдын авторлору да звезда,бизде ичи тарлык күч болгон үчүнбү,көп ырчылар авторлорду атабай эле ырдай беришет.ошол үчүн кайсы ырды ким жазганын толук билбейбиз.
28.03.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86,Россияда ырчылар авторлорго чон суммадагы гонарар толоп берет,биздин ырчылар ошодон корксо керек да эртен менден да гонарар талап кылбасын деп
28.03.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торгоюмдун аранжировкасы Абдыразаковко таандык!Аябай жакшы жасаган!Азаматсынар!!!
29.03.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айтбубу Атамкулова десе туура болот
29.03.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ыр менен катуу оорудумго чиркин
29.03.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уга берип эми уккум да келбей калды.
30.03.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ильяз Абдыразаков озу музыканы катуу жасайт, бир дагы жаман ыры жокко байкасанар, торгоюмду деле соз жок жасап койгон
30.03.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhanuzak,туура айтасыз
31.03.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтбубу Атамкулова ырдаган эженин аты, анын ырдап жургонуно коп болду..))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо