КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ КААТЧЫЛЫКТЫ БАССЕЙНДЕ СҮЗҮҮ МЕНЕН ЖЕҢМЕКЧИ БОЛУПТУР

№699 25-март-31-март, 2016-ж

18-март күнү Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган Каржы министрлигинин кезектеги тендери коомчулукту таң калтырды. Министрлик 15 чиновник үчүн дайвинг (суу алдында сүзүү) боюнча кызматтарды 230 миң сомго сатып алмак. Башкача айтканда, жыл аягына чейин 15 чиновник 113 ирет бассейнге барып, суу алдында сүзүүнү үйрөнмөк.
Аталган тендер коомчулуктун кескин сындарынан улам артка кайтарылып, министр Адылбек Касымалиев кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Аталган министрликти КСДПнын квотасынан барган адам жетектээри, эл каржылык каатчылыктан катуу кыйналып жаткан маалда бул министрликтин сууга сүзүү үчүн элдин жүз миңдеген акчасын коротмокчу болгондугу коомчулуктагы сындарды ого бетер күчөттү.
2015-жылдын декабрында эле Касымалиев баштаган министрлик 228 миң сомго 2 планшет, 284 миң сомго 10 кресло сатып аларын жарыялап, сын-пикирлердин алдында калган. Ал окуя салык төлөөчүлөрдөн чогулган акчаны тескөөчү мекемеге эч бир сабак болбоптур.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо