ИИМ БАШЧЫСЫНЫН ИШИ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫ ЖАРАНДАРДЫ КОРГООДО АЛСЫЗ ЭКЕНИН ДАЛИЛДӨӨДӨ

№699 25-март-31-март, 2016-ж

24-мартта ички иштер министри Мелис Турганбаев 2015-жылдын ноябрь айында кол салууга дуушар болгон теолог Кадыр Маликов менен жолугушту. Анда министр Маликовго газ травматикалык тапанчасын белекке берди. Министрдин мындай белеги коомчулукта сын-пикирлерди жаратты. Социалдык тармактардын колдонуучуларынан «Баарына бирден тапанча берип чыксын анда. Бул министрдин өзүңөрдү өзүңөр коргоп алгыла дегениби?» деген маанидеги сындар жаады.
ИИМге коомчулуктагы нааразычылыктын күчөшүнүн жөнү бар. Жарандарды өз коопсуздугунан күмөн санатып, көптөгөн кылмыштардын бети ачылбай кала берди. Алсак, жапжаш кыз Камила Дүйшөбаеваны, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Руслан Абасовду кимдер буйрутма берип, кимдер өлтүргөндүгү эмдигиче белгисиз. Журналист Турат Акимовдун өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишинде дагы эле илинчек табыла элек. Күч органдары кылмыштуулук менен оппозициячылар менен күрөшкөндөй күрөшүшсө, жөнөкөй жарандар тынч укташмак.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо