«КЕЧКИСИН МАЙДА ЖАЗУУЛАРДЫ КӨРБӨЙ КАЛАМ»

№699 25-март-31-март, 2016-ж

Суроолорго Республикалык дартты аныктоо борборунун жогорку категориядагы врачы Сабира Апышева жооп берет.

– Көздүн кан тамырларынын кызарып кетиши эмнеден улам болот? Окулистке барганымда «көрүүң жакшы эле, кызарганы чарчагандан» деп тамчылатма дарыларды жазып берет. Аны тамчылатканда жакшы болуп, кызарганы тарап калат да, убакыттын өтүшү менен кайра эле кызара баштайт. Кечкисин майда жазууларды, ал тургай унаалардын номурларын да көрбөй калам.

Анипа, Жалал-Абад

– Биринчиден, көздүн ички кан басымы жогорулап кеткенде ошондой кызаруу пайда болот. Экинчиден, конъюнктивит илдетине чалдыкканда, үчүнчүдөн, көз кургап кеткенде кызарат жана тунара баштайт. Көздүн кургап кетиши эртеден кечке компьютердин алдында отуруп иштегенден жаралат. Мындай учурда окулистке көрүнүп, эмнеден кызарганын аныктап, анан ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо