АРТРИТ – БИР МУУНДУН, ПОЛИАРТРИТ – КӨП МУУНДУН СЕЗГЕНИШИ

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

Жазында козголуучу оорулардын бири – артрит. Андыктан бул убакта «колу-бутум түнү менен какшап чыкты», «буттарым бүгүлбөй калыптыр» дегендер көп болот. Минтип адамдарды бушайманга салып, кыймылын чектеген оорулар өз ичине кандай сырларды камтырын Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, ортопед, академик Сабырбек Жумабековдон сурап билдик.

МУУН КАНДАЙ УЧУРДА СЕЗГЕНЕТ?
Адамда бир канча муун болот. Мисалы, тизе, чыканак, ийин, жамбаш, кол-буттун манжа муундары. Муундардын ичинде чел кабык жайгашкан. Ал суюктук бөлүп чыгарып, аны менен муундарды, кемирчектерди нымдап турат. Ошол чел кабыктар сууктан, инфекциядан жана башкадан улам сезгенет да, суюктукту мурункудан көп бөлүп чыгара баштайт. Муундардын шишиши, оорушу, кыймылын жогото башташы ошондон.

АРТРИТ МОНОАРТРИТ ЖАНА ПОЛИАРТРИТ БОЛУП ЭКИГЕ БӨЛҮНӨТ
Моноартрит – бул бир муундун сезгениши. Полиартрит – көп муундун сезгениши. Эки түрүндө тең оорунун жаралуу себептери окшошуп кетет:

Инфекциялык
Вирустук, бактериялык инфекциялык оорулардан кийин жаралат. Мисалы, кургак учук, жыныстык жактан жугуучу оорулар, бруцеллёз жана башка. Жыныстык жактан жугуучу ооруларга токтолсок, уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз деген ооруларды убагында дарылабаса, анда аталган оорулардын оору козгогучтары канга өтөт. Анан кол манжалардын муундарындагы кемирчектерди жабыркатат. Акырындап кол манжалары кыйшая баштайт.
Мындан тышкары көздүн көрүүсү начарлап, бөйрөк оорулары жаралат. Аялдарда бойдон түшүп калуу, баланын өлүк төрөлүшү, ара төрөө, ал эми эркектерде жыныстык жактан алсыздык, тукумсуздук, заара чыгуучу каналдын ичкериши күтүлөт. Андыктан жогоруда аталган ооруларды тоготпой жүрө бербөө керек. Жубайлардын экөө тең текшерилип, бир убакта дарылануулары зарыл. Болбосо дарыланбаганынан улам оору кайра жуга берет.

Ревматоиддүү
Кызыл жүгүрүк (ревматизм) көбүнчө тукум куучулуктан, ангинадан жана стрептококк бактериясы козгоочу оорулардан (мисалы, тонзиллит) жана сепсистен жаралат. Оору козгогучтар адам дарыланбаса организмге тарап, жүрөк-кан тамырларды жабыркатат.

Кристаллдашкан
Организмде зат алмашуунун бузулушунан, туура эмес тамактануудан улам муундарга туздун топтолуп калышынан жаралат.

Рейтер синдрому 
Вирустук жана бактериялык инфекциядан бир эле мезгилде табарсык, тизе мууну, көз (коньюктивит) ооруйт.
Аталгандардан тышкары псориаз менен коштолгон түрү, жаракаттан кийин пайда болгон түрү, остеоартриттүү деген түрлөрү да бар.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Оорунун бардык түрүндө оору белгилери окшош:

  • Муундун шишип, сыздап, какшап оорушу, көбүнчө аба ырайы өзгөрүп, күн бүркөк тартканда, жаан-чачын жаарда жана жааганда, аба суук тартканда. Анткени сезгенген муун аба ырайына абдан сезгич болуп калат; 
  •  Муундун кыймылынын жоголо башташы;
  • Дене табынын көтөрүлүшү;
  • Эртең менен кыймылдоодо кыйынчылыктын жаралышы;
  • Сезгенген муундар менен катар жайгашкан булчуңдардын кичирейиши;
  • Манжа муундун кыйшайышы.

ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО
Диагноз үчүн анализдер алынат (тамактан да мазок алынат). Муун рентгенге тартылат. Оору эмнеден келип чыкканына жараша дары-дармектер сунушталат. Эгер оору тереңдей элек болсо дарылап, ооруну өнүктүрбөй коюуга болот. Бир эле курс менен дарылап айыктыруу кыйын, андыктан 1 жылда 2-3 ирет дарылануу зарыл.
Дарылардан башка да укалоо, дарылык (лечебная) физкультура  колдонулат. Булардан муундардын оорусу аздан жоголуп баштайт. Артрит менен полиартритти дарылоо максатында атайын көнүгүүлөрдүн комплекси иштелип чыккан. Көнүгүүлөр врачтын көзөмөлү менен жасалып турат. Дарылоонун кийинки этабында санаторий-курорттук дарылоо жакшы натыйжасын берет. Курортко барууда сөзсүз врачтын көрсөтмөсү зарыл.
Муундар абдан кыйшайып, кыймылы чектелип калган учурда сезгенген муундар алынып, ордуна протез муундар салынат. Биздин борбордо 1 жылда миңдей адамдын мууну, көбүнчө ийин, чыканак, тизе, жамбаш мууну алмаштырылат.
Эгер операция жасалбаса сезгенген муундардагы сөөктөр өсүп, биригип, муун таптакыр кыймылдабай калат.

АЛДЫН АЛУУ
Артритке кабылбоо үчүн муздак сууга кир чайкабоо, сыртта суукта жана нымдуу жерде узакка иштебөө, кечке колду сууга салып идиш же пол жуубоо, кышында жука кийинбөө кажет. Табарсыкка суук тийгенде, ангина, кызыл жүгүрүк же жыныстык оору менен ооруганда инфекция муундарга, жүрөктүн клапандарына өтүп кеткиче жүрө бербей дароо дарылануу зарыл. Ангинасы барлар жаш балдарга эч качан тамакты чайнап бербеши керек. Оорунун козгогучтары баланын организмине кирип, балаңызда да ангина жаралат. Бактерия, вирустар өбүшүүдөн да жуккандыктан өбүшүп учурашууну токтотуңуз!

Дарылоодо укалоо да колдонулат.

Дарылоого мүмкүн болбой калган учурда операция жасалат.
Сүрөттө артриттен жабыркаган тизе муундарынын операцияга чейинки жана кийинки көрүнүшү.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
04.04.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен.
04.04.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул оору айыкпайт.Лечение временно эле ооруну басып коет.Жылдап корунуп журом,барган сайын уламдан улам кучтуу дарыларды жазышат.Преднизалон канча жыл ичтим,кийин отмена кылышты,неге десем кальций ди смывать этип жок кылыптыр дейт.Суроо жаралат экен ,анда эмне учун назначать этишти....Акыры 2группадагы инвалидмин...Элементарный движениелерди кылалбай калат адам ооруганда.Эч бир адам оорубасынчы...Диагнозум ревмотоидный артрит,полиартрит
08.04.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erboenyka,Салам! Мечиттерде Королевское масло черного тмина деген май сатат ошол майдан алып кунуго эрте менен бир чай кашыктан ач карын ичип анан жарым сааттан кийин тамактанып журсон айыгасын, бирок жарым жыл узбой ичкенде анан таасири болот экен! Мен кепилдик бербейм го, бул майды Мухаммед пайгамбар САВ озу сунуштаган экен. Байкап корсон ашыктык кылбас. Оорубасан деле ичип журсон жакшы экен мен ичип журом зыянын байкаган жокмун. Рахмат, конул бурганына! Аллах шыпаа берсин!
04.04.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Псориаз м н ооругандардын да муундары жабыркайт дейт. Муундардын оорусу бул артрит болобу ?
04.04.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйшык бутту туздоп коюптур го
05.04.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апам полиартрит менен ооруган,айыккан полностью кудайга шугур! Айыкпайт десенер айыкпайт ,айыгыш учун морально жашаганга аракет кылсан баары болот!
05.04.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begai_kg, Мумкун болсо мага купуяга жазгылачы кантип айыкканын.
05.04.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begai_kg,Морально озумду которгон учун басып журом,меникиндей диагноз мн инвалидный коляскага отуруп калгандар толтура...Кудайга шугур
06.04.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле ревматоидный артритмин кундун суугун бутум ооруганын алдын ала эле билип коем канчалаган лечение алдым бирок жардам бербеди Москвадан алган 1 жолку лечениемде 1 жылдан ашуун бир да ооруган жок азыр Кыргызстандамын жылына 2-3 жолудан леч алам кайра эле ошол ооруу.
06.04.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elvina93,Кыргызстанда дарылар сапатсыз дешет балким сиздики ошондон болуп журбосун жылына 2-3 жолу леч алганыныз? Бизде дарылардын сапаты начар дешет, кее бир дарылардын таптакыр действиясы жок, баасы кымбат, бул дагы контрольдун жоктугу, ар бир аптека озу билип бааны койушат, контрольдогон киши жок.
06.04.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы! артроз оорусунан айыкккандар барбы?
07.04.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынындале оор оору сакайып кеткиле, менин абжемда ушундай оору менен ооруйт жылына 2,3лечение алат байкуш преднихалондон да кучтуусун ичип расса шишип атат .
07.04.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женем бар эле кыз кезинен эле муундары ооручу экен,,келин болгондон кийин да ооруп журду,,1жыл мурун amwayден витаним алып ичкен,азыр такыр оорубай калды,Кайсы витамин экенин эсимден чыгыптыр..Ичип корунуздор сиздер да Сакайып кетсениздер ажеп эмес
08.04.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга ден-соолук каалайм
09.04.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы сурот негедир башка операциянын натыйжасындай корунду го)))
09.04.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артрит Полиартрит Ревматизм ж.б. институт травматология эмес институт ревматология карайт.Ойлобогула врач болсо эле баарын биле бербейт да
09.04.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чымчык соойсо да касап сойсун дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо