ҮҢКҮР-ТОО БОЮНЧА ӨКМӨТ ЭЛДИ ИШЕНДИРЕ АЛБАЙ ЖАТАТ

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 26-март күнү өзбек тарап 18-мартта алып кирген аскер техникасын жана чек арачыларын Аксы районундагы такталбаган Чаласарт аймагынан чыгарып кетти. Муну менен чыңалып турган чек ара маселеси аз да болсо калыбына келе түштү.
Бирок Аксынын Кербен шаарына жакын жайгашкан Үңкүр-Тоо айланасындагы талаштуу маалыматка чекит коюлбай келе жатат. Белгилүү болгондой, 23-март күнү Кербен шаардык кеңештин депутаттарына өкмөттөн "Үңкүр-Тоодо жайгашкан станцияны башка орунга которуу үчүн ылайыктуу жер тапкыла" деген сунуш түшкөнү маалымдалган. Документте "Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Кербен" станциясын башка жайга жылдыруу боюнча" деп даана жазылып турганы жалпы элге жарыяланып, өкмөт сындардын мөндүрүндө калган. Өкмөт бул токтом жасалма экенин айтып, «Өзбекстанга чектеш аймакта жайгашкан» деген жазуусу бар токтомду документтин түп нускасы деп көрсөтүүдө. Алдана берип көңүлү калган коомчулук өкмөттүн мындай актануусуна ишене албай турат.
30-мартта дал ушул Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңеш өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында укту. Жалпы элдин кызыкчылыгындагы талылуу маселени бийликтегилер элден жашыруун талкуулашканы жоопсуз суроолорду көбөйттү. 29-март күнү эле аталган тоого байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети да жабык форматта караган эле. Комитет мүчөлөрү тоонун башынан байланыш толкундарын таратуучу станцияны ордунан жылдырбоо, тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документ боюнча иликтөө жүргүзүү чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, Башкы прокуратура 20-апрелге чейин талаштуу документ боюнча тийиштүү маалыматтарды комитетке берүүсү керек.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо