ОППОЗИЦИЯНЫ БАЯГЫ ЭЛЕ КӨНДҮМ ЫКМАЛАР МЕНЕН ЖАМАНДОО ЖҮРҮҮДӨ

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

Айрым адамдар тарабынан бийликти басып алуу жана кызмат орундарын бөлүштүрүү пландары талкууланганы тууралуу дагы бир аудио интернетке тарады. Аудиоматериалдын башкы бетине Эрнест Карыбеков, Тургун Нурматов, Дастан Сарыгуловдун сүрөттөрү коюлуп, булардан башка да эки адам сүйлөшүүгө катышканы маалымдалат. Сүйлөшүүгө катышкан адамдар бийликти алууну, андан кийинки кадамдарын, тагыраагы, өкмөттү кантип түзүү керектигин талкуулашат. Белгилей кетсек, буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү делинген эки аудио тараган. УКМК ал аудио мыйзамдуу түрдө жазылганын айтып, 24-март күнү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду камакка алган. Алар өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган деп айыпталып, УКМКнын СИЗОсуна 12-майга чейин камакка алынды. Сүйлөшүүгө катышкандардын бири делген Апрель баатыры, оппозициячы Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыяланды. 25-март күнү болсо Эрнест Карыбеков ошондой эле айыптоо менен кармалып, 2 айга камакка алынды. Сүйлөшүүгө катышты деп шектелгендердин бири Дастан Сарыгуловду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй камагында калтырды.
Оппозиция өкүлдөрү соңку окуяларды оппозицияны каралоо аракети катары баалашып, аудиожазуулар монтаждалганын жарыялашууда. Ал эми УКМК монтаждалбаган дейт. Коомчулук болсо монтаждалганын же андай эмес экенин эч качан биле албайт.
Жыйынтыктап айтканда, бийликтин оппозицияны элге жаманатты кылуу аракети акаевдик, бакиевдик замандан эч өзгөрүүсүз ишке ашууда. Кезинде азыркы бийлик өкүлдөрү оппозицияда жүргөндө бийлик аларды ушундай эле жолдор менен, мисалы, мамлекеттик телеканалдар жана гезиттер аркылуу жаман көрсөтүп келген. Ошол ыкма, ошол сценарийлер эч өзгөрүүсүз кайра эле колдонулууда.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо