ЖАЗГЫ МОДА-2016: АЙЫМДАР РУБАШКАСЫ

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

Жумушка, окууга, сүйүктүүңүз менен жолугушууга, курбуларыңыз менен көңүл ачууга бара жатканда, кыскасы, ар бир кырдаалга ылайыктуу болгон рубашкалар сиздин сүйүктүү кийимиңиз десек жаңылышпайбыз. Быйыл кандай рубашкалар модада, окуп билип алыңыз.

РУБАШКА-КӨЙНӨК
Учурдун модасына айланган рубашка-көйнөктөр өткөн кылымдын 70-жылдарында мода агымы катары кирип келген. Азыркылар ошол кездеги рубашкалардын иштелип чыккан варианты. Рубашка-
көйнөк лосина менен жакшы жарашат. Ошондой эле узун, кенен фасондогусу бийик такалуу бут кийим, балетка, танкетка, сандалия менен жарашыктуу болот.


ЖЫНСЫ РУБАШКА
Жынсы рубашка универсалдуу кийим, сейилдөөгө, көчөгө чыкканда кийип алсаңыз болот. Күн, клёш, карандаш юбкалар, чапташкан шымдар менен жакшы айкалышат. Бирок кенен шым менен кийбей эле койгонуңуз оң. Бутуңузга бийик да, жапыс да бут кийим кийип алсаңыз болот.


ШАРФЫ МЕНЕН ТИГИЛГЕН РУБАШКА
Шарфы менен рубашкалар айымдардын модадан түшпөй келе жаткан сүйүктүү кийими. Мындай рубашкаларды кыска юбкалар, классикалык шымдар менен кийсе жакшы жарашат. Болгону рубашканы шымдап алуу керек. Узун, кенен юбка менен кийүүнү пландаганыңыз бекерге кетет.




РУБАШКА МЕНЕН БЛУЗКАНЫН АЙЫРМАСЫ
Рубашка катуу кездемеден тигилип, боору топчуланат. Ал эми блузкалар жука кездемеден тигилип, боору туюк, айрымдарынын боору топчулама болот.


ГҮЛДҮҮ РУБАШКА
Рубашка гүлдүү болсо эч качан алдыңкы кийим гүлдүү болбошу керек. Антпесе кийимиңиз пижамага окшошуп калат. Толук айымдар майда гүлдүү рубашка кийгени туура. Эгер дене мүчөңүз идеалдуу болсо ар кандай көлөмдөгү гүлдүү рубашкаларды тандай бериңиз.


КЛАССИКА
Классикалык рубашкалар эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Рубашканын үстүнөн узун ачык түстөгү жакет же жилет кийип алсаңыз келбетиңизди ачат. Спорттук стилге ылайыкталган юбка, шымдар, албетте, классикалык рубашка менен жарашыксыз.


ЧАТЫРАШ
Чатыраш рубашкалар кэжуал стилинин хитине айланды. Ал жынсы кийимдер менен мыкты шайкеш боло алат. Чатыраш рубашканы кийген учурда баалуу зер буюмдарды тагынуу өтө жагымсыз көрүнөт.

ЖОЛ СЫЗЫКТУУ РУБАШКА
Эгер толук болсоңуз жоон сызыктуу эмес, ичке сызыктуу рубашка кийиңиз. Боюңуз узун жана арык болсоңуз тигинен кеткен сызыктуу рубашка кийбеңиз, ого бетер арык, узун көрсөтөт. Жол сызыктуу рубашкалар менен бир өңдөгү кыска шым, кыска юбкалар жана чапташкан шымдар жакшы отурат. Мындай рубашка менен узун юбка кийбей эле койгонуңуз жакшы.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(4)
12.04.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
соонун))
13.04.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ООООй супер!
17.04.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектерге кандай кийим мода быйыл аны да жазып койбойт беленер
18.04.2016. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге либойу мода
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо