Мирлан Абдыкалыков, режиссёр: «НИКА» СЫЙЛЫГЫН АЛГАНЫМДЫ ТҮНКҮ СААТ 3ТӨ УКТУМ»

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

1-апрель күнү режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» тасмасы «Ника» сыйлыгын алды. Фильмге «КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» наамы берилди. Аталган наамга Эстония, Грузия, Украина, Литва режиссёрлорунун тасмалары ат салышып, ийгилик кыргыз тасмасына буюрду. Жаш режиссёрдун эмгеги «Ника» сыйлыгын алган алгачкы кыргыз тасмасы катары тарыхта калды.

«НИКА» – ОРУСИЯНЫН «ОСКАРЫ»
«Ника» – Орусиянын улуттук киносыйлыгы. 1987-жылы СССР кинематографисттер бирикмесинин секретариаты тарабынан негизделген. Учурда академиянын курамында 621 өкүл бар. Аталган сыйлыкты Орусиянын «Оскар» сыйлыгы деп аташат. 1990-жылдан тартып жеңүүчү жашыруун добуш берүү менен аныкталып келет. Сыйлыкты Михаил Калатозовдун легендарлуу «Турналар учат» тасмасынын баш каарманынын ысымынан аташкан. Артында канаты бар келишимдүү кыздын элеси түшүрүлгөн алтын жалатылган статуэтка байыркы грек Кудайы Ника сыяктуу эле жеңиштин символу болуп саналат.

Мирлан Абдыкалыков сыйлыкты алганына кубанып турган учуру. Режиссёрду куттуктап, тасма тууралуу учкай кеп козгодук.

– Аталган тасманы тартып жатканда кандай максат койдуңуз эле? Кошул-ташыл ийгиликтерди алып келерине ишенгенсизби?
– Бул тасма менин толук метраждуу биринчи эмгегим. Буга чейин кыска метраждуу, документалдык тасмаларды тарткам. Аталган фильмди тартып баштаганда киночуларга, атама (ред. Актан Арым Кубат), фильмдин продюсерине уят болбой, эмгегим акталса экен деп максат койгом. Мындай ийгиликтерди багынтат деп күткөн эмесмин. Жетишкендиктердин баары күтүүсүз болду.

– «Ника» сыйлыгын алганыңызды укканда кандай сезим болду?
– «Ника» сыйлыгынын жыйынтыгы 1-апрелде чыкты. Киносыйлыктын жүрүшүн интернеттен онлайн кылып көрсөтмөк. Бизде интернет жакшы болбодубу же алардын чагылдыруусунан ката кеттиби, көрө албай койдук. Түнкү саат 12ге чейин күтүп, жатып алганбыз. Саат 3тө интернет сайттарга чыгып, тааныштарым куттуктап башташты. 1-апрель болгондуктан тамашалап жатат го деп ишенбей, киносыйлыктын сайтына кирип, ынандым. Аябай кубандым. Тасманы жараткан чыгармачылык топ бири-бирибизди куттуктадык.

– Тасма прокатта көп кармалган жок. Кайрадан эл назарына коюуга эмне түрткү болду?
– Тасманы кинотеатрларга коюп баштаган учур шайлоого туш келип калды. Жарнама жайгаштыруучу такталар бош болбой, тасманы элге жайылта алган жокпуз. Азыр кайрадан элдин суранычы менен «Манас» кинотеатрында коюп баштадык.

– Жыл айланбай фильм ондогон эл аралык сыйлыктарды алды.Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
– Буюрса, жакында Түркияда чоң фестивалга катышканы жатабыз. Ушуга катар эле Америкада да фестивалга көрсөтүлгөнү жатат. 11-апрелден тартып «Сүтак» тасмасы Германиянын 30 шаар, 41 театрында көрсөтүлүп баштайт.

– Тасма аркылуу кандай ойду айткыңыз келген? Мазмунуна токтоло кетсеңиз?
– Фильмдин өзөгүндө адамдардын ортосундагы мамиле кандай болуш керектиги айтылат. Ата-бабаларыбыздан келаткан каада-салтыбыз сүрөттөлөт. Бир жылкычынын үй-бүлөсүнүн жашоосу чагылдырылып, алардын бири-бирине болгон мамилеси, трагедиясы, сүйүүсү баяндалат.

- Алдыдагы сынактардан да сыйлык алып кайтыңыз. Ийгилигиңиз арта берсин!

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
11.04.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз,дагы коп коп ийгилик.
11.04.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кинотеатрга барып коруп келиш керек экен.
11.04.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кинону кайсыл сайттан корсок болот, сураныч айтып койгулачы?
11.04.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетке чыга элек
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-11 19:01:02
11.04.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oksan, жалаң баш тамгалар менен жазуудан алыс болуңуз.
11.04.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан азаматсын! Талантын оркундой берсин!
11.04.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ника сыйлыгына корсотулду дегенде бербесе керек деп ойлогон элем .алды деп угуп суйнгонмун ийгилик ишине
12.04.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыкты менин колума тапшыргансын аябай суйунуп калдым.Чын дилимден куттуктайм
12.04.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз.Ишиниз ийгиликтуу болсун Кыргыз элим !!!
13.04.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ника сыйлыгын алган болсо жакшы тартылган го.Интернетке чыкса коробуз созсуз.Ийгилик мындан чон жетишкендиктерге жеткиле.Азаматсынар.
14.04.2016. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунтип кыргыз элибизди дангыр дунгур эте бергиле! Рахмат ушундай сценарист,режиссер,актерлорго баарына. Жакшы болуптур кино,сыйлык кут болсун!
14.04.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетке качан чыгат екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо