БИР БҮРКҮМ

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

  • 12-апрелде президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ белгиленбеген жерге токтотулган унааларды мажбурлап эвакуациялоого багытталган мыйзамга кол койду.
  • Кыргызстанда 2015-жылы аллергия менен жабыркаган 40 833 адам катталган. Анын 10 миңге жакыны жаш балдар болуп саналат. Бул тууралуу САЛАМАТТЫКТЫ сактоо министрлиги маалымдайт.
  • Бишкек мэриясы борбор калаадагы 205 миң даракты атайын текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу мэр АЛБЕК ИБРАИМОВ билдирүүдө.
  • «Суицидден каза тапкандардын саны кыскарды, бирок аскер кызматкерлеринин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйдү»,- деди КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы ЖАНЫБЕК КАПАРОВ.
  • Өлкөдө акыркы 10 жыл ичинде кант диабети менен жабыркагандардын саны 2,5 эсеге өсүп, ооругандар 50 миң кишиден ашты. Эндокринолог РОЗА СУЛТАНАЛИЕВАНЫН айтымында, иш жүзүндө бул көрсөткүч 200 миң кишиге жакын болушу мүмкүн.
  • 10-июнга чейин мектеп окуучуларына ата-энесинин ПИН-номерине байланыштырылган өздүк идентификациялык номерлер ыйгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.
  • Жогорку Кеңештин депутаты АИДА САЛЯНОВА абакта же үй камагында кармалган депутаттарга айлык төлөбөөнү сунуштап жатат.
  • Кыргызстанда ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктап, мунун айынан жыл сайын 10 миңге чукул бала атасыз же апасыз калууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин өкүлү РИММА ЧЫНЫБАЕВА билдирет.
  • Өлкө боюнча эң көп ЖАЛАЛ-АБАД облусунда медициналык кадрлар жетишсиз, аталган дубан 189 врачка муктаж.
  • Бишкек мэриясы борбордун үч тилкесинде жоогазын тигүүгө 360 миң сомдун тегерегиндеги каражат коротту.
  • «Мамлекеттик кызматкерлердин арасында декреттик өргүүгө чыккан эркектер көбөйдү. Мамлекеттик кызматта иштеп аз айлык алган күйөөсү менен коммерциялык түзүмдө иштеп, көп акча тапкан аялдан турган үй-бүлөдө мындай жагдай ыңгайлуу болуп жатат»,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты ИСХАК МАСАЛИЕВ.
  • Өлкөдө 2015-жылы балдарга карата миңден ашуун кылмыш катталды. Анын ичинен өлтүрүү 13, зордуктоо 74 жана башка кылмыштар бар. Бул тууралуу Башкы ПРОКУРАТУРАНЫН маалыматында айтылат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо