Велосипедди башкы унааңыз катары тандасаңыз, экологиянын жакшырышына чоң салым кошкон болосуз. Анткени ал абаны булгабайт, күйүүчү май талап кылбайт жана шаардын тыгын көчөлөрүндө машиналарга салыштырмалуу тез жүрөт. Адистердин айтымында, аны тебүүдөн пайда жана ырахат алууга болот.
-
Уйкуну жакшыртат. Таң эрте велосипед тебүү уйкунун ачылышына жардам берсе, көп кыймылдоо түнү тынч уктоону камсыздайт. Велосипедди көп тебүүдө стресске каршы күрөшүүчү гормон көп иштелип чыгып, натыйжада уйкусуздуктан арыла аласыз.
-
Чыдамкай болосуз. Дайяыма велосипед тээп туруу организмди чыңдайт. Өзүңүздү сергек сезип, жумуштагы, дегеле жашооңуздагы ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүүңүзгө кепил болуп бере алат.
-
Зат алмашууну жакшыртат. Табит ачылып, аш сиңимдүүлүк жогорулайт. Велосипед тебүүдөн кийин курсак ачса, демек, зат алмашуум активдешти деп билсеңиз болот. Эскертүү! Велосипед тээп келгенден кийин 30-40 мүнөттөн кийин тамактанган туура. Өтө тоюп алып тебүүдө ашказандын иштеши начарлайт.
-
Велосипед арыктайм дегендер үчүн табылгыс курал. Аны тебүү учурунда бир топ калория иштетилет, жамбаштын тегерегинде ашыкча майлар жоголот. Орто ылдамдыкта велосипед тепкен адам мүнөтүнө 7 же саатына 200 калория сарптайт. Кимде ким жакын аралыкка катуу ылдамдыкта айдаса, ошончолук майлары жоголот.
-
Жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат. Велосипед тебүү учурунда кан айлануу жакшырып, клеткаларга кычкылтек жана башка азыктандыруучу заттар бат жетет, коллаген заты көп иштелип чыгат. Бул теринин сапатын жакшыртып, эрте бырыш түшүүнүн алдын алат. Ал эми тердеген учурда тер аркылуу уулуу заттар бөлүнүп чыгат.
-
Чымыр болосуз. Велосипед тебүү учурунда бут, төш, далыдагы жана колдогу булчуңдар чыңалып, денеңиз чымыр болот. Сан булчуңдарынын өөрчүшүнө жана кымча белдүү болууга шарт түзөт.
-
Стресстин алдын алат, нерв клеткаларын бекемдейт. Велосипедди көп тебүү менен бакыт гормонун оңой жана бат алууга болот. Жок дегенде 2 чакырым жол жүрүңүзчү, мээңиздеги ашыкча ойлор өзүнөн-өзү жоголот. Муну менен сиз өмүрүңүздү 5 жашка узарта аласыз.
-
Өпкөнү тазартат жана жакшы иштешин камсыздайт. Ал үчүн сиз жүрүүчү жерди туура тандашыңыз керек. Мисалы, токой, талаа, сейил бактар. Бул жайларда велосипед тепкенде териге кычкылтек жакшы сиңип, мээ таза аба менен дем алат.
-
Көздүн көрүүсүн жакшыртат. Велосипедди кайсы жерде теппеңиз сөзсүз жолдон көзүңүздү албай, көзүңүз улам бир предметке урунат. Бул көз үчүн эң жакшы көнүгүү болуп саналат.
-
Жыныстык жашооңузду узартат. Велосипед ата-бабаларыбыз минип келген жылкыны алмаштыра албаса да, ички секреция бездеринин иштешин жакшыртат.

КООПСУЗДУГУҢУЗГА КАМ КӨРҮҢҮЗ!
Велосипедден кулаганда алгач тизе жаракат алат. Эгер күч салып жыгылсаңыз тизе, тизе мууну жабыркашы мүмкүн. Андыктан алгач жакын аралыкка этияттык менен тээп үйрөнгөнүңүз оң.
Башыңызга туулга (шлем) кийүүнү унутпаңыз. Анын башыңызга чагын тандап, туура кийүүңүз керек.
Кырсыкка кабылбаш үчүн велосипедди ар дайым текшерип, тазалап, оңдоп туруңуз.
Айдоочулар велосипедди толук кандуу транспорт деп эсептешпейт. Андыктан алардын көзүнө дароо урунгандай болуңуз. Түнкүсүн машиналардын жарыгынан чагыла турган, күндүз көзгө тез уруна турган өңдөгү кийим кийиңиз. Коопсуздук үчүн велосипеддин педалдарына жарык чагылдыргычтарды жана алды-артына фонарларды тагуу керек.
Велосипеддин кандай моделин албаңыз, өзүңүздүн боюңузга чагын тандаңыз. Алгач ага отуруп көрүңүз. Рулун, ээрин, педалын боюңузга ылайыкташтырып алыңыз. Рамага мингенде эки бутуңуз жерге тийип турушу керек . Тээп баратканда эки таманыңыз тең педалга жеткидей кылып ээрин тууралап алсаңыз, тепкенде ыңгайлуу жана коопсуз болот. Негизинен, руль менен ээрдин бийиктиги бирдей болгону жакшы.

КИМДЕРГЕ ТЕБҮҮГӨ БОЛБОЙТ?
Жүрөк, простатит, варикоз, остеохондроз, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, арка омурткасы кыйшайгандарга велосипед тебүү сунушталбайт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg