УРМАТ АМАНБАЕВА МЕНЕН САЛЯНОВАНЫН КҮЙӨӨСҮНӨ КАРАТА ӨКҮМДӨР ӨЗГӨРГӨН ЖОК

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

20-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаевага каршы козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Шаардык сот экс-депутатты 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча Октябрь райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган. Экс-депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке 17 миллион 263 миң 500 сом зыян келтирген деп айыпталган болчу.
Ушул эле күнү экс-башкы прокурор, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иши боюнча да Бишкек шаардык соту чечим чыгарды. Шаардык сот "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталып жаткан Бакыт Абдыкапаровду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, 50 эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынды. 7 жылдын 3 жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелинет, эгер соттолуучу аталган сыноо мөөнөтүнүн ичинде өзүн үлгүлүү алып жүрсө, жаза мөөнөтү кыскартылат. Эске салсак, Бакыт Абдыкапаров «мамлекетке зыян келтирген, көз боёмочулук кылган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Абдыкапаров 7 жылга шарттуу түрдө кесилген эле.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо