БИР БҮРКҮМ

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

  • Адамкул Жунусов Бажы кызматынын башчылыгынан бошотулду. Анын ордуна өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков АЗАМАТ СУЛАЙМАНОВДУ дайындады.
  • Өлкөдө 13 миң ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР билим алышат. Алардын эсебинен Кыргызстан 8 миллион доллардын тегерегинде киреше табат.
  • «Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюмунун отчётуна ылайык, Кыргызстан СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН индекси боюнча 180 өлкөнүн арасынан 85-орунду ээледи. Башкача айтканда, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында жалпыга маалымдоо каражаттары эң эркин мамлекет деп табылды. Алсак, коңшу Казакстан 160, Өзбекстан 166-орунда.
  • Быйыл мектептерде АКЫРКЫ КОҢГУРОО салтанаты 27-майга белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
  • 2015-жылы Кыргызстанга келген МАЛАЙЗИЯЛЫК ЖАРАНДАРДЫН саны 6 эсеге көбөйгөн. Маалым болгондой, 2014-жылы Кыргызстанга малайзиялык 62 жаран келсе, 2015-жылы алардын саны 368ге жеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги маалымдайт.
  • Өлкөдө төрөтканаларда «БЭБИ-БОКС» же энеси жериген ымыркайларды таштап кетүү үчүн атайын контейнер орнотуу пландалууда. Бул аргасыздан келип чыккан чечим экенин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
  • Транспорт жана коммуникация министринин орун басары УЛАН УЕЗБАЕВ кызматынан бошотулду. Уезбаев буга чейин Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендердин айланасындагы ызы-чууга тиешеси бар экени айтылган.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 4-класстын ОКУУЧУЛАРЫНЫН 80 пайызы окуп жаткан тексттин маанисин түшүнө албайт.
  • Өлкөдө УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 821 катышуучусу бар жана аларга 9-майда 10 миң сомдон жылына бир жолку берилчү акча тапшырылат.
  • Беш күндүк график менен иштегендер үчүн 3-4-майдагы иш күндөрү 30-апрель жана 7-майга жылат. Ошентип, 2-5-май күндөрүнүн аралыгы ЭС АЛУУ деп жарыяланды.
  • Президент Алмазбек Атамбаев Опера жана балет театрынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну өкмөткө тапшырды.
  • АЛМАЗБЕК КАДЫРКУЛОВ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо