БӨЙРӨКТҮ ИШТЕН ЧЫГАРУУЧУ 10 ФАКТОР

№704 29-апрель-5-май, 2016-ж

Кийинки кезде өлкөбүздө бөйрөгү ооругандар, ал тургай бөйрөгү иштен чыгып, аны алмаштырууга, ага алы жетпесе гемодиализ аппаратына көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Буга себепкер эмнелер? Окумуштуулар бул жаатта негизги 10 факторду көрсөтүшөт. Аларды билип, бөйрөгүңүздү мүмкүн болушунча эрте сактоого тырышыңыз.


ЭТТИ, СҮТ-АЙРАНДЫ КӨП ИЧИП-ЖЕШ
Күндөлүк менюга белоктуу азыктарды, алып айтсак, этти, жумуртканы, сүт-айранды көп колдонууда бөйрөктүн иштеши начарлайт. Тамакты түрлөп, жашылча-жемишти кошуп жеш керек.

ГАЗДАЛГАН ТАТТУУ СУУСУНДУКТАРДЫ ДАЙЫМА ИЧҮҮ
Заарада белок пайда боло баштайт (буга суусундуктардын курамындагы жыт жана даам берүүчү заттардын да тиешеси бар). Бул бөйрөк канчалык бир деңгээлде сезгенип, иштеши кыйындаган деген белги.

УБАГЫНДА ЗААРА УШАТПОО, СУУКТА ЖУКА КИЙИНҮҮ
Толгон табарсыкты убагында бошотпоодон бөйрөктүн басымы көтөрүлүп, начар иштей баштайт.Суукта, өзгөчө кышта жука, белди жаппаган кийимди кийүүдөн бөйрөк суукка урунат. Тамандан сыз өтсө, муздак бассейнде сүзсө да бөйрөк жабыркап, сезгенерин эске алыңыз.


АЧУУ, ЫШТАЛГАН АЗЫКТАР ЖАНА ТУЗ
Туздалган, ышталган азыктарды көп жегенден жана тамакка туз, калемпир, мурчту ашыкча салып ичкенден бөйрөккө күч келип, акырындап иштен чыгат. Химиялык жер семирткичтер колдонулуп өстүрүлгөн жана гени өзгөртүлгөн (ГМО) жашылча-жемиштерди жегенден да бөйрөктө оору жараларын унутпаңыз.

СУУНУ АЗ ИЧҮҮ ЖАНА КИР СУУНУ ИЧҮҮ
Сууну (таза) аз ичсе, бөйрөктүн иштөөсү бузулат. Күн ысыкта 1 күндө 2-3 литрге жакын суу ичүү керек. Кир сууну ичкенде суу менен кошо организмге бактерия, вирус, уулуу заттар жана башкалар кириши мүмкүн. Аталгандар бөйрөктү сезгентет.


B6 ВИТАМИНИНИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Аталган витаминдин организмде жетишсиздиги бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун жаратат. B витамини авокадо, жүгөрү, гречка, сабиз жана малдын ич эттеринде бар.

АЗ КЫЙМЫЛ
Кечке компьютердин же сыналгынын маңдайында отуруу, спорт менен машыкпоо же үйдө жумуш жасабагандан, кыскасы, кыймылдын жоктугунан бөйрөктө таш жаралуусу мүмкүн.

ИЧКИЛИК, ООРУЛАР
Ичкиликти ашыкча ичүү бөйрөктүн иштешин бузат.
Жогорку кан басымда, кант диабетинде бөйрөктүн тамырлары ичкерип, иштөөсү оорлойт. Циститте табарсыктагы оору козгогучтар заара түтүкчөсү аркылуу бөйрөккө барып, аны сезгентет. Ангинада, тиштин ириңдөөсүндө да оору козгогучтар кан жана бездер аркылуу бөйрөккө өтүп, аны сезгентет. Андыктан убагында дарыланыңыз.


МАГНИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Бул химиялык элементтин жетишсиздиги бөйрөктө ташты пайда кылат. Магний кешью, соя, бадам, күрүч, сулу, шпинат жана какаонун курамында камтылган.

БАҢГИЗАТТАР ЖАНА ДАРЫЛАР
Дары-дармекти, өзгөчө ооруну басаңдатуучу каражаттарды өз алдынча ичүү, баңгизатты колдонуу бөйрөктүн иштешин начарлатат.


БӨЙРӨКТҮН МИЛДЕТИ
Адамдагы 2 бөйрөк артериалдык басымды жана организмдеги суу-туз алмашууну жөнгө салат.
Эритроциттердин (кызыл кан денечелери) жана сөөк ткандарынын жаралышына салым кошот.
Кандын курамынан заараны жана башка азоттуу шлактарды бөлүп чыгарып турат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(32)
02.05.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кунумдук тиричиликте дээрлик баарын эле тескерисин жасайбыз. Ото пайдалуу экен.
02.05.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат супер кейжи силерге

02.05.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эт жумуртка айран суттор даарыланган осумдукторго караганда таза болотго менимче
02.05.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассалом алейкум супер инфо мен азыр 27 жаштамын бирок жаш болгонума карабай давления деген нерсе мени торошумо тоскол кылып жатат себеби 165 ке 121 болуп бул рабочий деп коет экен бул жон жургон давления эгер кош бойлуу болсом бир ай эки айга жетпей алдырууга туура келип жатат кан басымым 180 140 болуп баратат ушул нерсенида дарылап торосом болобу силерден сураныч ушул суроомо жооп алып беригиздерчи алдын ала чоон рахмат
03.05.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanay, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жибериңиз.
02.05.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эт,суттор эн пайдалуу азык деп эсептейм. кыймылсыздык,суук отуу,анан муногу пиво эн Чон зыян бойроко,бойроко эле эмес Бут организме.
02.05.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту Super.kg Психологоия, адамдын ойлонуусу жонундо маалыматыныздар барбы ?
03.05.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MuslimNur95, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, эске алынат, рахмат.
02.05.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эчтемке жебей эле коюш керек экенда:))Баардык нерсени аралаштырып жесе эчтемке болбойт.Бойроктун душманы бул сыз,зак,сууу.Биздин тошоктор пахтадан,пахта сыз болот.Дуйнодо орто азия элдеринен башка элдер пахтадан тошок кылып жатбайт!
02.05.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амеей баары эле зыян экен да,анда эле эмне жесек болот экен.
02.05.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai4,жейбер, бирок коп жебе.
03.05.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айиий жакшы маалыматтар экен! Рахмат силерге! Жакында эле ушул бойроктун айынан Москвадан келген элем. Бирок Кудайыма шугур баары жакшы экен болгону шамалдап калыптыр ! Эми буйруса дагы оорутуп албоо учун алдын алып сактайм !
03.05.2016. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин балдарым кундо эртен менен куурулган жумуртка анан сут ичишет эми эмне беребиз я кудай
03.05.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллергия жонундо дагы жазгылачы жаз келди аллергия жудотту
03.05.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон рахмат жакшы кенеш экен.
03.05.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жегенибиз баары даарыга бышкан андан калса эт, сут, жумуртка болсо эми эмне жейбиз?
03.05.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туззуук
04.05.2016. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер инфо? Мага Жоо басуу жонундо маалымат берип койгулачы сураныч?? Мен ото коп басам зыянбы же пайдабы билгим келет маалымат бергилечи болсо??алдын ала рахмат.
04.05.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursultanbek, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
04.05.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nursultanbek,баскан пайдалуу колдон келсе кунуно 3 км басыш кк тез ылдамдыкта
04.05.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойрок оорунун белгилерин жазып коесунарбя?
04.05.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен ар ким озунун ден соолугу учун кам корсо керек
04.05.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми азыр этти сутту коп жегендер аз.Кыргызстана кедейчилик 80% Эл сутту да этти да жарытып жебейт ойлонбогула ичкилик да азайды кудайга шугур.
04.05.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин ичип курулдай берет тамак жегенден кийин.Суперинфо жооп таап бере аласыздарбы
05.05.2016. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
egemberdievagulbara,i4egiler wamaldagan
04.05.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойрок оорунун симптомдорун дагым жазып койгулачы.
05.05.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PatriotKG01, egemberdievagulbara, саламатсыздарбы? Сунуштар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
06.05.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маалымат экен! Апамдын бөйрөгү ооруйт. Эми апама кеп кеңеш бере алам. Сиздерге рахмат суперинфо!
06.05.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сайтта тибет медицинасы жонундо маалымат барбы? Болсо шилтемесин берип койгулачу сураныч
06.05.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Et mai sut jumurtka jesh kerek birok az azdan kop jep alsan bolboit, birok Kyrgyzdar kop dele jebeit, bizdin kyrgyzdar arak, gazdalgan suusunduktardy kop ichip koiushat, mailuu etti jep alyshat oshonduktan boor, boirok buzulup kalat da.
07.05.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат супер
08.05.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын алуунуда жазып койбопсуздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо