ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНДЕГИ ДИПЛОМАТТАРДЫН ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАРЫ КӨЗ ЖАЗДЫМДА КАЛУУДА

№704 29-апрель-5-май, 2016-ж

24.kg агенттиги Тышкы иштер министрлигинин айрым кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарын ачыктаган маалымат жарыялады. 2013-жылы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Шамил Кайкиев Москванын көчөлөрүндө мас абалында машина айдап, полициянын колуна түшкөн. 2015-жылы ошол эле Кайкиев Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы элчилигине кеңешчи болуп дайындалган. ТИМдин маалыматына ылайык, Шамил Кайкиев жогорудагы окуядан кийин «дисциплинардык жоопкерчиликке тартылыптыр». Андан соң дипломаттын 13 жылдык эмгек тажрыйбасы, жумуштук жана жеке жетишкендиктери эске алынуу менен кызматка дайындалган. Эске алчу жагдай, Шамил Кайкиевдин бир тууганы Эмил Кайкиев учурда тышкы иштер министринин орун басары.
27-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн карап чыгууну чечип, тиешелүү комиссия түзүлдү. Маалыматтарга караганда, комиссия Казакстанда туризм боюнча өтүп жаткан жыйындан чыгып кеткен кыргыз дипломатынын жүрүм-турумун жана Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин айрым өкүлдөрүнүн кызматка татыктуу, татыктуу эместигин карап чыкмакчы. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Сагынбек Ибраевдин жана элчиликтин кызматкери Эсен Аксамаевдин жоопкерчилигин кароо маселеси да кабыргасынан коюлуп жатат. Элчиликтин өкүлдөрү Пакистанда кулчулукка кабылган кыргыз айымына жардамдашпай койгону үчүн айыпталышууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо