№704 29-апрель-5-май, 2016-ж
Театрга анда-санда баш багып калмай жайым бар. Барган сайын Шайыр Касымалиеваны кезиктирем. Саламдашсаң күлүп коёт. Эже сүрдүү көрүнгөндүктөн ашыкча суроо узатууга даай алчу эмесмин. Бул ирет театрга актриса менен маектешүүгө бардым. Кызыккан суроолорумду берип, сүрөткө тарттык. Ал башынан кечирген сүйүүсүн, 15 жылдан бери айыкпай келе жаткан оорусун айтып, маегибиз бир топко созулду.
"Мен деле тирүү жанмын. Жаңылам, сынып калган учурларым болот. Андайда 1-2 күн кыйналам да, кайра эле түзөлүп, алдыны көздөй жөнөйм. Өткөнгө такыр өкүнбөйм. Баары бир ал нерсени кайрый албайсың. Ал кетти, өткөндү көмүп салыш керек деп айтам".
Өзүмдү алсыз, назик, ыйлаак, жан дүйнөсү жумшак адамдай көрчүмүн. Эл дагы мени ошондой ойлошсо керек. Турмушта чоң кыйынчылыктар болот экен. Ошондо адам чыйралып, табигый күчү пайда болот тура. Мындан 10 жыл мурун апамды машина сүзүп, кырсыктап калды. Кудайдын керемети, дарыгерлердин жардамы менен жакшы болуп, бир ажалдан калды. Ошондо апамды 2 ай карадым. Ошол учурда менде каяктан келген күч экенин билбейм, бир күч пайда болду. Азыр башыма кыйынчылык түшкөндө ошол окуяны эстеп, чыйралам.
Өзүмө жакпаган сапаттарымдын башында шашмалык турат. Мунун айынан жакшы болчу нерсени да бүлүнтүп салам. Анан аябай ишенчээкмин. Мени кичине бала деле алдап кетет. Башыма бир иш түшкөндө өзүмдү-өзүм көп күнөөлөйм. Эгер күнөө менде болсо, өзүмдү жей бермейим бар. Акыркы күндөрү эмне үчүн өзүмдү кордоп жатам, урушпай эле коёюнчу, аяп коёюнчу деп калам (күлүп). Жакшы сапаттарым – кечиримдүүмүн, мени кыйын күнгө таштап кеткен адамга жамандык каалабайм. Азапка салган адамга да колумдан келсе жакшылыгымды аябайм.
"50 жашка чыксам да бир орунда тургум келбейт. Өзүмдү ар тараптан сынап көрсөм дейм. Жасап көрөм, болсо болду, болбосо болбой калды. Тобокелчиликке баруудан коркпойм. Рэп ырчыларынын “Эне тил” аттуу чыгармасынын клибине тартылуу мен үчүн кызык болду".
Рэпти атайылап деле укпайм. Жогорудагы клипке курбум Замира Сатыбалдиеванын сунушу менен тартылып калгам. Анын оюн угуп 50 жашка чыкканда кандай болот, жок деп эле койсомбу десем, курбум “жаш балдардын чыгармасы экен, кызык болот” деп кызыктырып койду. Тартылуу учурунда аябай кыйналдык. Ыр башталганда кечигип же эрте баштап, бир топ түйшүк жараттык. Рэперлер жаныбарларды үйрөткөндөй эле болушту. Маанайлары түштү. Түнкү саат үчкө чейин тарткан учурлар болду. Тартылгандан кийин сарсанаа болдук. Айрыкча Гүлмира (ред. Турсунбаева) “эл эмне дейт, кандай болду?” деп кыжалат болду. Мен үчүн таене болуп туруп мындай клипке тартылуу кызык туюлду. Бизди айрыкча жаштар жакшы кабыл алышты.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
А так Я Вас уважаюююю.
Оорубаныз,бар болунуз
Биринчиден: ден соолук каалайм, оорубаныз, тез сакайып кетиниз!
Экинчиден : кыздын чырагы кырк, бир куну чыныгы суйууго туш болунуз! Учунчудон :Эээми чачынызды кеспенизчи(!!!) абдан сонун жарашат эле узуун чачыныз! Бар болунуз, аман болунуз!