БИР БҮРКҮМ

№705 6-май-12-май, 2016-ж

  • ЖОЛ ПАТРУЛДУК милициясы 87 Лада Приора, 87 сигналдык үндү катуу чыгаруучу жабдык жана 87 мобилдик радиостанция сатып алмакчы. Мунун баарына жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 39 миллион 237 миң сом жумшалат.
  • Туристтик сезон аяктамайынча ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯГА болгон баа өзгөрбөйт. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын башчысынын орун басары Нурлан Садыков билдирди.
  • Германия Кыргыз Республикасын колдоо максатында жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү долбоорунун алкагында 13,5 миллион евро КАРЫЗЫН кечти. Мындай маалыматты Каржы министрлиги кабарлайт.
  • Өкмөт БӨЙРӨК ооруларынан жабыркагандарга гемодиализ кызматын каржылоо үчүн 60 миллион сом бөлдү. Учурда гемодиализге муктаж 552 адам бар.
  • КАРТОШКА илдетине байланыштуу бул жашылчаны Кыргызстандан алып кирүүгө Казакстан убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлиги таркаткан маалыматта айтылат.
  • Кыргызстанда малды ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО башталды. Алгач идентификациялоо иштери пилоттук аймак катары тандалып алынган Ноокат, Кара-Буура жана Ысык-Ата райондорунда жүргүзүлөт.
  • Муфтияттын маалыматына ылайык, 2016-жылга карата өлкөдө 2704 МЕЧИТ бар, анын 500ү акыркы 5 жылдын ичинде курулган.
  • «Жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда жаш балдардын 16 пайызы КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАРГА көз каранды»,- дейт Кыргыз-Орус Славян университетинин кызматкери Владимир Школьный.
  • «Өлкөдө эркектердин 45 пайызы ТАМЕКИ тартат, чылым чеккен кыз-келиндердин саны да жогорулоодо»,- деди профессор Талант Сооронбаев.
  • ТОКОН МАМЫТОВ Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп дайындалды.
  • Өлкөдө МИОКАРДДЫН курч инфаркт илдети эркектерге караганда аялдарда 9 жашка кечирээк өнүгө баштайт, бирок бул оорудан эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк аялдар кайтыш болуп жатат. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун 2015-жылдык отчётунда айтылат.
  • Учурда 119 миң кыргыз жараны Орусиянын КАРА ТИЗМЕСИНДЕ турат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы маалымдайт.
  • Соңку 5 жылда АКШ жарандары 54 КЫРГЫЗ БАЛАНЫ асырап алышкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурган иш-чарада маалымдалды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо