ЖЫНСЫ ШЫМ ТАНДАЙБЫЗ

№705 6-май-12-май, 2016-ж

Жынсы шымды кантип тандоо керек? Бул жылы анын кандай түрү популярдуу? 2016-жылдын тренди болгон жынсы шымдар менен таанышып алыңыз.

КЛЁШ ЖЫНСЫ ШЫМ
Көк түстөгү клёш жынсы шым кайрадан модага кайтып келди. Стилисттердин айтымында, бул түс кемчиликтерди жашырып, келбеттүү көрсөтөт. Арык кыздарга да куп жарашат. Клёш жынсы шым менен блузка, рубашканы шымдап кийсе болот. Ошондой эле ар кандай түстөгү пиджак, булгаары күрмө менен да жарашат.
Өткөн жылы мода болгон багелеги бүктөлгөн жынсы шым 2016-жылы да өз позициясынан тайган жок. Андыктан мырзалар классикалык фасондогу жынсы шымдын багелегин түрүп, рубашка менен кийишсе болот.


ДУДОЧКА ЖЫНСЫ ШЫМ
Дудочка жынсы шым – бул универсалдуу фасон. Мындай моделдеги шым бутка өтө чапташпай, бир аз бошураак отурат. Ал арык, толук, узун, кыска бойлуу бийкечтердин баарына жарашат. Багелегин түрүп кийсе кыздардын дене мүчөсүндөгү сулуу деп саналган томугун көрсөтүп, көрк берет. Аны лодочка туфли, узун рубашка менен кийсеңиз, 2016-жылдын саркечине айланасыз дешет стилисттер.



БОЙФРЕНД ЖЫНСЫ ШЫМ
Бойфренд жынсы шым денеге бош отургандыктан жигитиңиздин шымын кийип алгандай сезилет. Ушундан улам бул модель «жигитимдин жынсысы» деген аталыш алган. Түрдүү фурнитура, булгаары, түстүү материалдар менен кооздолгон, айрылган жынсы шымдар бул жылдын тренди. Кыска бойлуу кыздар бул фасондогу шымды бийик такалуу бут кийим менен кийгени оң. Узун бойлуу кыздар балетка, кеда менен кийсе жакшы жарашат.



ЖЫНСЫ КОМБИНЕЗОН
1990-жылдары хит болгон жынсы комбинезондор 2016-жылдын тренди. Стилисттердин айтымында, аны бир түстөгү футболка, блузка, жука рубашка, топ менен кийсе болот. Образды моюнга шуру, илмек тагып толуктаса ашыкча болбойт. Бут кийимди тандап алган стилге жараша бийик такалуу туфли, балетка, сандали жана кеда менен айкалыштыра аласыз.
Мырзалар үчүн кенен жынсы шымдар 2016-жылдын тренди. Бир канча жыл бою чапташкан шымдар модадан түшпөй келгени менен, алар мырзаларга эч кандай эркектин образын берчү эмес. Ошондуктан чапташкан скинни жынсы шымдын модадан акырындап сүрүлүп чыга баштаганы чыныгы эркектерди сүйүнтүүдө. Мындай жынсыны свитер, пуловер же ачык түстөгү рубашка менен кийсе болот.


Мырзалар үчүн кенен жынсы шымдар 2016-жылдын тренди. Бир канча жыл бою чапташкан шымдар модадан түшпөй келгени менен, алар мырзаларга эч кандай эркектин образын берчү эмес. Ошондуктан чапташкан скинни жынсы шымдын модадан акырындап сүрүлүп чыга баштаганы чыныгы эркектерди сүйүнтүүдө. Мындай жынсыны свитер, пуловер же ачык түстөгү рубашка менен кийсе болот.

ЖЫНСЫ ТУУРАЛУУ УЧКАЙ КЫЗЫКТАР

  • Жынсы шымды актёр Жеймс Байрон Дин тартылган тасмаларына кийип чыкканга чейин көптөгөн жылдар бою жумушчулардын кийими катары саналып келген.
  • Эң кымбат жынсы шым 60 миң долларга бааланган. 1951-жылы Levi Strauss & Co фирмасы чыгарган бул жынсы шымды мына ушундай баага 2005-жылы япониялык коллекционер сатып алган.
  • Дүйнөдөгү эң узун жынсы шымдын узундугу 68 метр, туурасы 25 метрди түзүп, салмагы 3 тонна турат.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(34)
09.05.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары аяалдар учун зыяан.
09.05.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дудочканы кийсем апам чалкасынан түшкөн :)))))
09.05.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комбинезондор жататта
09.05.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men da dudochkani kiisem apam,ii kizim shimin titilgicha kiidinbi degen)
09.05.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sinta,дудочка десе жыртык деп түшүнүп албагыла да ой.))
09.05.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
хадисте: “Келечекте үммөтүмдүн
акыркыларында кийимчен жылаңачтар чыгат,
............. албетте, алар
каргышталгандар” (сахих хадис). Ал эми Абу
Дауддан айтылган сахих хадисте мындай
делет: “ Эркектин кийимин кийген аялга,
аялдын кийимин кийген эркекке Аллахтын
каргышы болсун”. Ошол себептүү кээ бир
аалымдардын фатвасында шым эркектердин
кийими болгондуктан, кең болобу, тар болобу
аны кийгенге тыйуу салынат. Абу Дауддан
айтылган даг
13.05.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslima.aksy, темадан алыстабагыла, kundduz, Kut-begim, seli, vivaldi, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү баарыңа.
09.05.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абу Дауддан
айтылган дагы бир хадисте айтылат; “Кайсы
бир аял атыр себинип, бир элдин жанынан
өтсө, ал аялдан атыр жыттанса, ал аял зынаа
кылган болот.”.
11.05.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Muslima.aksy,андан кору тер жыттанып журо бергени жакшы ээ колтугу сасып турса анданда жакшыбы
13.05.2016. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kaidiger,сизге жакса болду да
13.05.2016. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Muslima.aksy,хадисте аял заты ар дайым пардаз менен журсун жана жыпар жыты буркурап турсун деп жазылган
13.05.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina-85,ал туура эмес кочого жасанып чыгуучу аял знакор дей лген аял адам озунун жолжошунун алдыда ган жасанып журушко укуктуу
09.05.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул шымдын түрү эч жакпайт.Ушунун ордуна, айрыкча кыздарга көйнөк кийгени жакшы. Аял кишинин көркүн ачат, ден-соолукка да зыяны жок эле.
09.05.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кызга жарашкан бир да шым коро элекмин.Жана шым жарашкан бир кыз коро элекмин.
Rednalf түзөттү 2016-05-09 22:45:16
13.05.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rednalf,эн туура айтасыз шым кыздар учун эмес кыз кыздай болуп адеби мн болушкерек эркекке окшобой.
10.05.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ээй мен ороном деп ниет кылтам ошон учун окубадым
10.05.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жанылык деле эмес. кыздардын бары эле бул жакта жазылып турганды билсе керек. жынсы анча кыйын эмес.
10.05.2016. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фотомодель кыз Гулжигит Калыковдун суйлошкон кызы эмес беле ?
13.05.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
munara.11.,ошол кыз просто оозун жаап тушуптур кулгондо тааныйт элен 32 тиши корунуп
10.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу тытылган жынсы кийгендерге тушунбойм же жарашсачы, анысы да бутун жынсыдан кымбат болуш керек
10.05.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен мода куубай эле жарашканын алып кийе берем
10.05.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде баары бар :)))
10.05.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
арты алды жыртык шым кийгиле кыздар шамалдаап журосунор.
11.05.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мм мен жыртык шымга жетпей журом......
11.05.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgiz91,береинби
12.05.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurgiz91, уйдогу жынсыныздын каалаган жерин лезвие менен тилип жыртып алсаныз эле болду да, анын оорчулугу деле жок)))
Бойфренд дегенге байкениздин же жолдошунуз бар болсо, жолдошунуздун кенен шымын кызыл ашык корунгондой багалегин буктоп кийип аласыз, болду)))
12.05.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Дудочка киймектен эмне кийсен да куйругун тасырайып жарашпайт силерге шым деген нерсе.Кыздай эле болгулачы.Кузгудон го озуно ажайып коруно бересин,азыр кочого чыксам,баары суктанса,мени карашса деп кыялга батасын.Ооба карашат бирок ал шым сени сулуу кылганы учун эмес,кулкулуу болуп калганын учун.
12.05.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
джинсы шымды жамандап жазып жатканынарда деле кеминде 1 джинсы шымынар болсо керек
13.05.2016. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
клёщ джынсы жагат. толук адамга дале арыктарга дале жакшы жарашат.
13.05.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тема мага жакты,айрыкча клеш джынсынын модага кайтканы
13.05.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilyazdin shimi en sonun
15.05.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Джинсы жакшы, ынгайлуу, ар жакка кие берсен болот(ходовой),жудотпойт, ото жармашпайт да, мода десен модасы бутпойт.
15.05.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
leonar,++
16.05.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектердин да шалбыратып штан койногун сасыган сапсайган сакалын жаза кетпепсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо