Рахман Разыков, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер:"МЕН АНТ БЕРЕМ,ЭМИ САЯСАТТЫ СҮЙЛӨБӨЙМ"

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Куудул, сатирик Рахман Разыковдун сахнада жүргөнүнө жакында 40 жыл болот. Өзү айткандай, анча-мынча актёр, анча-мынча акын, көп кырдуу таланттуу агабыз "60 жашка чыгып калп айтсам болбой калат, ошондуктан силерге чын маек берем",- дейт. Куудул агабыз чын маек бердиби же калппы, аны өзүңүз баамдаңыз, окурман.

– Саламатсызбы, Рахман мырза? Жакында концерт берем деп түйшүк тартып жүргөн кезиңиз экен?
- Саламатчылык! Ооба, 60тын ашын жеп сахнада жүргөнүмө 40 жыл болуп калыптыр. Бул жылдарда ким элем, кандай болуп өзгөрдүм эл билсе керек, ошого отчёттук концерт берип чыгармачылык кечемди элге тартууласамбы деп жатам. Концерттик программада поэзиялык бөлүк болуп, анда ырларымды окуйм, обондуу ырларымды аткаруучулар ырдашат. Жанагы депутат Мискенбаев ызы-чуу кылган "Күйгөн кошок" деген дастаныма да орун берилет. Силердин гезит аркылуу аны да концертиме чакырам. Маалыматты туура эмес жеткиргендердин сөзүн чын көрүп айтып алгандар болот да. Ошондуктан Мээрбек келип, мен элди түндүк-түштүккө бөлүп жатамбы же ынтымакка үндөп жатамбы, көрүп, баасын берип кетсин дегеним. Сүйлөйм десе сөз да берем. Бири-бирибизди туура эмес түшүнүп жүрсөк, балким, түшүнүшүп калабыз деген ойдомун.

– Мээрбек Мискенбаев менен куудулдардын кайым айтышы сиздерге жарнама болуп берди окшойт. Ошол окуядан кийин концерттериңиздер аншлаг менен өтүп жатканын уктук. Жеке сизге пайдасы тийдиби?
Пайдасын көрсө Абдылда (ред. Иманкулов) көргөндүр, меники мурункудай эле. Ырды жазганын жаздым го, бирок дебаттар болуп жатканда мен Орусияда болуп катыша албай калдым. Эл деген эл да, адатта оңой эмес акча төлөп жарнамабызды берип жүргөн телеканалдар бекер эле күндө бизди көрсөтүп жатышса кызыкты да.

– Көпчүлүк куудулдар саясат тууралуу сатираларды аткарышат. Элди саясаты жок деле күлдүрсө болбойбу?
- Сатира – бул коомдун ооруп жаткан жерин көрсөтүп турчу курал. Бүгүнкү күндө биздин оорукчан жерибиз саясат болуп жатат. Ошон үчүн сындардын көбү ошол тарапка айтылууда. Мисалы, унаасын түз эле айдап бараткан шоопурду 4 жүргүнчү отуруп алып "сен кыйшык айдап баратасың" деп түрткүлөй бербейт да, туурабы? Арасынан бирөө айтса, берки үчөө "түз эле айдап баратат" дейт да. Ошондой эле мен да эгер бизде саясатта маселе жок, элибиз жыргап жашап жатса деле бийликке сын айта берсем, "Рахман, келесоо болдуңбу, койчу айланайын" демек. Көрүүчүлөр концерттерибизге эмнеге көп келет? Анткени ошол сынды укканга муктаж. Кээ бир бийликтеги адамдар Рахманды атайын лидерлер, партиялар чоң акча берип каржылашат, көрүүчүлөрдү акча төлөп алып келет деп ойлошот экен. Бул карандай калп, адам ишене турган нерсени айтыш керек. Жакында эле "Ант берем" деген ыр жаздым, уруксат берсең окуп берейин:

«АНТ БЕРЕМ»

Мен ант берем, саясатты сүйлөбөйм,
Андан көрө уурулукту үйрөнөм.
Кылмышкерлер бийлик жакта отурса,
Кылмыш кылбай үйдө отурам эмне мен?
"Келесоолор гана Ак үйдө уурдабайт" деп,
Кезегинде өкмөт башчы сүйлөгөн.
Президентке тийишпейм,
Ата болуп эл башкарган бийиктен.
Иштебеген мыйзамдарга кол коюп,
Ишенгин деп байкуш элди жибиткен.
Мен ант бердим, бирок аны аткарбайм.
Көр пендемин, түшкөн жокмун асмандан,
Жерди саткан, элден качкан, элди аткан
Антты бузуу ажолордон башталган.
Ата-Бейит күбө болуп бирге уккан
Аткарылбай анттар турат какшанган,
Ошондуктан мен да антымды аткарбайм!

– Мындай ырлардан кийин сизге саясий кысымдар болот деп коркпойсузбу?
- Саясий кысым болуп жатат. Март айындагы концертимди Спорт Ордосу менен түзгөн келишимибиз колдо турса да концертке 1 күн калганда токтотуп коюшту. Эми бүгүн (ред. 11-май) эртең менен чалып, "концертиңерди койгонго уруксат бере албайбыз" деп жатышат. Биз концерттик программабызды маданият министринин орун басары менен бекиткен элек, эми "маданият министринин өзү менен программаңарды бекитип келгиле" деп жатышат. Биз цензурасы жок мамлекетпиз, туурабы? Мен "эч кандай министрге да, орун басарына да барбайм. Колумда Спорт Ордосу менен түзгөн келишимим бар, элди да Спорт Ордосуна чакырам. Ошол жерден да эшигин жаап алышса соттошуп, адилеттүүлүктү далилдегенге бар күчүмдү жумшайм" дедим.

– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак. Элге жагымдуу көрүнүш үчүн эмне кыласыз?
- Өткөндө достор менен мончого барып калдык. Достор "таманыбызды тазалаталы" деп калышты, өмүрү андай кызматты пайдаланып көрбөгөн жаным макул болдум. Бир корей кызы тазалап жаткан, улам-улам башын чайкайт, анан мени карап "таманыңызды тазалай элегиңизге канча жыл болду?" деп жатпайбы. Уялбай эле "60 жыл болду" дедим. Кайра таң калып "канча?" деп сурайт. "Ой, төрөлгөнүмө 60 жыл болсо, ошондо 60 болобу?" дедим. Өмүрү бутумду тазалатып көрбөптүрмүн, бутка буттай эле мамиле кылыш керек да.

– Бат толуп жана бат арыктай аласыз. Тез калыпка келүүңүздүн сыры эмнеде?
- Бул денени башкара билүүдөн. Адам үч нерседен турат, акыл, дене жана жандан. Баарын акыл башкарат. Элде "кара курсактын кулу болуп калыптыр" деп айтылат, андайда акылды курсак башкарып калат. Качан гана акыл денени башкарганда каалагандай толуп, арыктай берсең болот. Мен 132 килограммга чейин толгом, азыр 96-97 болуп калдым. Депутат Мискенбаев кубалагандан бери дагы арыктадым окшойт, таразага түшө элекмин.

– Өткөн күнгө өкүнгөн учуруңуз болду беле?
- Азыр ойлосом, жаш кезде көбүрөөк уктачу экенмин. Азыр убакыт таба албай убарамын. Бир нерсе кылганга жетишейин деп шашам. Түнкү саат 3тө уктасам деле таңкы 6да туруп алам. Ошон үчүн азыр кыла турган жумуштардын көбүн жаш кезде кылып жетишип калсам болмок экен деп калам.

– "Неберелеримди көргөндө картайганымды сезем" деген элеңиз. Сахнада дагы канча жыл кармалууну каалайсыз?
- Меники эми бүттү, ушул жыл акыркысы болуп калат. Атайын сахнадан кеттим деп элге жарыя кылбай эле кетейин деп чечтим. Кетем дегенде такыр эле сахнадан эмес, жеке концерттерге чекит коёюн деп жатам. Ал эми дос-курдаш, окуучуларым юбилей концерттерине чакырышса, албетте, катышып турам. Алдыда чыгармачылыктан алыс өндүрүш тармагында ийгилик жаратсам деген пландарым бар. Өзүм 1,5 жылдан бери Кытайга барып-келип жүрөм, кытайча сүйлөгөндү бир аз үйрөнүп калдым. Япондордо "бир өмүрдү 2 жолу жаша" деген накыл кеп бар, алар чынында эле өмүрүнүн кайсы бир жылына чейин башка кесипте иштеп, андан ары аты-фамилиясын өзгөртүп такыр башка тармакта иштешет экен. Мен да ошентейин деп жатам. Бирок аты-жөнүмдү өзгөртүп, беткап кийип алсам деле эл "койчу, Рахман" деп таанып алат да. Кудайга шүгүр, 3 уул, 3 кызым, так билбейм, 12-13төй неберем бар. Мени колдогон артымда элим турат, ошон үчүн дайыма баймын.

Куудул өмүрлүк жубайы Диля айым менен көп жылдан бери ынтымакта жашап келишет.

"Киного мени Рысбек Жабиров алып келген. Аз да болсо ролдорум менен элдин маанайын көтөрүп жатам деп ойлойм".

"Бир жылдары мен да депутаттыкка талапкерлигимди коюп өтпөй калгам. Азыр депутат болгум келбейт. Анткени бүгүнкү күндө мандатты кармап отуруунун өзү кылмыш".

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(46)
16.05.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бар болунуз Рахман ака.
16.05.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Элдин жузуно жылмайуу тартуулап журо бериниз. Бар болунуз. Татынакай кыздарыныз бар экен.
16.05.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эн жакшы суйлоптур , аткарылбай анттар турат какшанган, соз жок дагы да уланта бериниз рахман ага сиз башкача жол баштаныз .
16.05.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эл артисти эмгек синирген артист деген наамды Берип койушса болот 80% сатиралар ушу Рахман байкеники биз кулуп жургон
16.05.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Интервьюсу хахаго
16.05.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ишинизге ийгилик
16.05.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизде уркордой болгон бир ууч ,таанымал куудул,сатириктердин бири Рахман аке. Булардын эмгегин жогору жактагылар баалабаса да,эл баалайт. Иштеринизге ийгилик!
16.05.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коп жашаныз эмгегинизди эл баалайт, а, иттер алар болсо уро берет
16.05.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бутка буттай эле мамиле жасаш керекда дегени жакты
17.05.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Антты бузу ажоолордон башталган. Эн соонун соз жана таамай айтылган
17.05.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооой Рахман ага ишинизге ийгилик
17.05.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгармачылыгынызга ийгилик.
17.05.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жазган ырлары журоко жетет да!!!Бар болунуз!!!
17.05.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sayasatchy_bala, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
17.05.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, сыйлайм ушул инсанды
17.05.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
60 жылдан бери)))) бутка буттай мамиле)))
17.05.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бар болунуз!
17.05.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тырандан дагы интервью алып оюн жазып кетсенер Жакшы болмок. Ырахмат.
18.05.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hann, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Бул жерден да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/34531
18.05.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун
18.05.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саясатчыларга оздорундой жооп болуптур го какшык ыры))) Азаматсыз, Рахман ага! БАР БОЛУНУЗ!
18.05.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен куудулдардан кобунчо Абдылда Иманкуловдун тамашаларын жактырам, Рахман Разыков сатираны мыкты жазат бирок ошол денгээлде аткара албайт болуш керек.Ал эми Рахман байкеге бут тосуулар болуп жатканы албетте айдан ачык эле билинип калды.Эми ушул интервьюсунан кийин бийлик бут тоспойт деген ойдомун, болбосо мындан "хуже" ырлар чыгып кетет го)))
18.05.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде эле ушундай болду бекен козун тируусундо бут тосуп козу откондон кийин мактап той берген.Сизди эн башкысы эл баалайт.
20.05.2016. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маеги кулкулуу да,кызыктуу да болуптур,уй-булонуз менен бактылуу болунуз!
20.05.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жашаң ака жашаң көп жашаң, зэригип жашагыңыз келбей калганча жашаң
20.05.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ajo81."Жашаң" дегенди кандай тушунсо болот? Жаны чыккан чопту жашаң десе керек эле.
22.05.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aash,)))))жашаныз дейт, яшанг деп койбоптур да
20.05.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз Рахман ага
21.05.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек,Рахман аке!!! Депутаттардан коро ушул агаларыбыз элге кобуроок пайдасы тийип жатат..... и баса админ Тынар брат менен да маекешип корбойсунорбу?
23.05.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
general2030, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Бул жерден да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/34531
21.05.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-) так билбейм, 12-13той неберем бар дегени жакты...
21.05.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayima bar bolunuz, omurunuz uzun bolsun!!!
21.05.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда куудул , сатира, тамаша деген тушунукту элге жайылткан адам катары билем бул агайды! Мыктысыз бар болунуз!
23.05.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ХХХ ХХХ, Абдылда корду пайдасын дейт, Абдылда концерт койбой элего, силер Тынар экоонор аталышын коюп кортасынар
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-23 09:42:54
23.05.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnazi, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо