АКЧАҢЫЗДЫ КАНТИП ТОПТОЙСУЗ?

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Акча топтоп керекке жаратуу үчүн ар бирибиз аракет кылабыз. Бирок кимдир бирөө акча топтоп керегине жаратса, кимдир бирөө алган айлыгын заматта таппай калып, "тапканым жугумсуз" деп отуруп калат. Белгилүү адамдар кантип каражат чогултушат, айрымдарына собол салдык.

Нурлан Насип, ырчы: "МЕНИН БАНКЫМ – АЗЫРЫНЧА АПАМ"

– Менин банкым – азырынча апам, келинчек алганда эмне болуп кетет, билбейм. Учурда тапкан акчамдын бир аз бөлүгүн өзүмө алып калып, калганын апама берем да, менде башка акча жок деп эсептеп коём. Анткени жаныма көп сумма алып жүрсөм, бат эле жок кылып салмай адатым бар. Анын үстүнө көп эле жолу уурдатып, чөнтөктөн түшүрүп алып жалкып калгам. Күнүмдүк керектөөм үчүн чөнтөгүмө 5000 сомдой салып алам. Кээде бул сумманы бир күндө жок кылсам, кээде 2-3 күн коробой жүрө берет.
Берген акчамды апам дептерге датасы менен жазып турат. Корогон чыгымды да жазат. "Апа, канча чогулду?" деп сурабасам деле өзү отчёт берип турат. Акча чогулуп калганда чоңураак бир нерсе алабыз. Учурда Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушуна эки кабаттуу там салып жатабыз, тапканым ошол жакка жумшалууда. Буюрса, күзүндө бүтүп калабыз го.


Нурзат Токтосунова, алып баруучу: "ЭМНЕГЕ ТОПТОП ЖАТКАНЫҢДЫ ТАК БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ"

– Акча топтоодо максатыңды так аныктап, эмне үчүн топтоп жатам деп ойлонушуң керек. Жөн эле уулум үйлөнсө, кызым күйөөгө кетсе керек болот деп чогулткандар бар. Мындай ойдо эмес, бизнес ачайын, өзүм үчүн иштейин деп ойлонуу пайдалуу. Бизде өзү иш ачып акча табуудан коркуп, "Мага ашыкча маселенин кереги жок, башымды оорутуп эмне кылам? Андан көрө бирөөнүн кол алдында иштейм" деп жоопкерчиликтен качкандар көп. Жоопкерчиликтен качкан адам эч качан көп акча таба да, топтой да албайт. Мага келген ар бир акчанын 10 пайызын такыр жок деп катып коём, башкача айтканда, чогултам. Акча топтоонун бир сыры – уютку болмоюн акча чогулбайт, мен буга ишенем. Мисалы, 5000 сом тапсам, анын 500 сомун сөзсүз топтоп жаткан акчама кошом. Калганын инвестицияга, күнүмдүк керектөөгө, кайрымдуулукка деп бөлөм.
Чынында бардык нерсе ойдон келип чыгат. Колунда жоктор менен байлар эки башка ойлонушат. Мисал келтирсек, лотереядан миллион утуп алган колунда жок адамдын байып кеткенин уккан эмесмин. Себеби ал акчадан оңой кутулууну ойлоп, короп кете электе деп үй же дагы бир нерсе сатып алат. Ал эми байлар топтогон акчамды кандай жол менен көбөйтүп, бизнесимди кантип өнүктүрөм деп ойлонот.


Азамат Аттокуров, экономика боюнча эксперт: "ТАПКАНЫМДЫ ДАРОО ҮЧКӨ БӨЛӨМ"

– Мен айлыгымды үчкө бөлөм. Бир бөлүгүн долларга айлантып банкка салам. Балдар чоңоюп келе жатат, алардын келечегин ойлоо керек дегендей. Экинчи бөлүгүн акча алып келе турган жакка жумшайм, мал алып коём, жашылча-жемиш өстүрүп сатам. Мисалы, сарымсак айдоо кирешелүү бизнес, өстүрүү да оңой. Сарымсакты үч бөлүккө бөлүп сатуу керек, биринчисин күзүндө, экинчисин кышка жуук, үчүнчүсүн жазга жеткирбей. Үч мезгилде баалары да ар кандай болот. Айдаганга кеткен чыгымдан бир топ акча түшүп калат.
Айлыгымдын үчүнчү бөлүгүн кийинки айлыкка чейин жашаганга, тагыраагы, тамак-ашыма, кийимиме, ар кандай катыштарга бөлүп коём. Бирок бул үч бөлүк ай сайын туруктуу сакталат дебейм. Кээде дарыланууга туура келет, жамандык-жакшылык болот дегендей, ошондо үчкө эмес, экиге бөлүнүп калышы мүмкүн.
Машина, үй алуу максат болсо, анда акчаны доллар менен сактоо кажет. Алар доллар менен сатылат, ал эми мөмө-жемиш өстүрүү же мал алып көбөйтүү үчүн акча топтоо пландалса, анда сом менен чогултуу керек.


Чыңгыз Мырзаев, ырчы, тамада: "КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК АЛУУ ЭҢ ЖАКШЫ ИДЕЯ"

– Акчаны аз табасыңбы, көп табасыңбы, Кудай берекесин бербесе эч нерсе жукпайт. Кээ бирөөлөр көп таап жатышкансыйт, бирок жугуму жок. Мен тамадалык кылам, теледе алып баруучумун, анда-санда ырдай коём дегендей. Кирешем ар кандай болот, кээде 1 айда тапканымды 2-3 айлап табам, кыскасы, тапканым мынча деп бир сумманы айтуу кыйын. Тапканымды атама алып барып берем. Анан четинен керектөөбүзгө жумшай беребиз. Бир үйдө 2-3 кожоюн болгон болбойт да. Биздин үй-бүлөнү атам башкарат. Мен акча таап барган күндө деле баласымын да, "эмне кылдың, каякка короттуң?" деп менден эсеп-кысабын алып турат. 3 жылдан берки тапкан акчамды 3 кабаттуу үй курууга жумшап отуруп, толук бүтүп алдык. Негизи топтогон акчаң болсо кыймылсыз мүлк, мал алган туура. Унааны көтөрүп кетиши мүмкүн, жерди, үйдү эч ким уурдай албайт. Шаардын четинен 5 гектар жер алгам, эми тапкан акчамды ошол жакка жумшайм. Ал жерге бак тигип, мөмө-жемишин сатам. Учурда агрономдор менен кандай бак тиккеним туура, жерибиздин сапаты кандай деген суроонун үстүндө иштешип жатам. Иликтебей туруп иш баштап алсаң күйүп кетесиң да. Мындан сырткары мал сарай салып кой, уй, жылкы алып койгом. Малдын башын акырындан көбөйтүү планымда бар.


Съездбек Искеналиев, ырчы: "АКЧАМ ДАРОО ДИРЕКТОРДУН КОЛУНА ТҮШӨТ"

– Менин колум аябай ачык, акча топтой албай эле кыйнала берем. Тапканымды бирөөгө берип салбасам да, кичине чогула баштаганда эле бир нерсе алып салам. Мага караганда келинчегим жакшы кармайт. Ошондуктан тапкан акчам дароо эле үй-бүлөлүк фондго, анын директорунун көзөмөлүнө түшөт. Тапканымдын үчтөн бир бөлүгү балдарымдын банктагы эсебине салынат. Үч баламдын баарына тең эсеп ачкам, баарына бирдей сумма бөлүнөт. Экинчи бөлүгү чыгармачылыгыма, үчүнчү бөлүгү тамак-ашка, баскан-турганыбызга, кийим-кечегибизге жумшалат. Үч баланын эле тамак-ашы, баскан-турганы бир топ болуп кетет. Кудайга шүгүр, тапканым жакшы эле.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Акча чогултам десеӊиз, эркти машыктырыӊыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(30)
Медиа-портал
14.05.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Орус копсо "англ" суйлойт ..... Кыргыздар Эне тилди сыйлаасак.
SUPER.KG видео
14.05.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
бир кыргыз орусча сүйлөп,бир кыргызга которттуруп.
SUPER.KG видео
16.05.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии анан аялы куйоосунон куйоо аялынан жашырып оздоручо секрет жумуш жашашып калыщатко бул видеону корсо
16.05.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Белгилуу инсандар десе дуйнолук масштабдагы белгилуулорду ойлоп алыпмын
16.05.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы кенештер экен рахмат.
16.05.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы ото жакшы мактана турган эле экен...
16.05.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизинен жакшы кенеш мен да орусия да иштейм тапканым жакшы эле бирок зарплата 2 болунуп берет жашы эле пландап авансты квартира,жол кире тамак аш баскан турганым деп пландасам эле негедир-жетпей калат такыр эле тапканым башка жака коп жумшалып кеттет кантип чогултам деп эле башым ооруй берет ойлосом кафе,парк,кино деле-барбайм ичимдик тамеки колдонбой-
17.05.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тапканымды учко болом. Бир болугун мамама берем бир болугуно мал алып атам мал кобойтуш керек бир болугун кунумдук баскан турганыма коротом. Мурда тапканымдын баарын мамама берчулем акча керек болуп калганда сурасан эле жок кайсы акча деп бербей койчу. Кийин атамдын кенеши мн мал алып баштадым) банкка салбайм акчаны иштетип туруш керек.
17.05.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анда аз айлык алып айлыктан айлыка жетпегендер кантет? Карапайым эл. Айлыгынын учтон бир болугу бир айга жетсе анда жонокой адамдардын айлыгынан эле 3-4эсе коп экен да
17.05.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата эне жакшы сактоочулар. Эч ким баласына кыянатчылык кылбайт да. Биз ата энебизге беребиз алар топтоп буюрса уй алдык жакында машина алып анын карызынан да кутулайын деп калдык
17.05.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурзат эжекебиз Мен Жана Акча (Я И Деньги) деген китепти коп жолу кайталап окуганго дейм.
17.05.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ Чынгыз Мырзаевден кенири интервью алгылачы?сураныч
17.05.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai05, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
17.05.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э билбейм,ишин жакшы болсо акча топтойсун бекерчи болсон кайдагы акча?
17.05.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Банкда турат Кыргызстанга
кетеерде алам насип кылса
17.05.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынгыз мырзаевге сунушум, беш гектар жериндин ар гектарына аркандай дарак эк, мисалы,алма гелас орук малина жузум ушул момолуу дарактар сени и балдарынды багат. эгер колундан келбесе ортодо иштетели мен кочотун отургузуп берем эн мыкты сортунан. 1 гектарга 300туп алма 1гек. 300 орук, 1 гек.300 гелас калганына 2 гектарына малина жузум эк ошондо сенден артык милионер жок
17.05.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Копчулугу топтобой эле айдан айга жеткенче карыз болуп калат булардын киреше булагы барда карапайым элде жок
18.05.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мырзаевдин идеялары жакты
19.05.2016. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Огооо булар учко болотко.Биз айлык ала электе эле пландап коебуз айлык тийсееееее деп
19.05.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Э супер инфо бул кенешинерди кимдерге берип атасынар карапайым элгеби же артистергеби айлыкты 3 ко болсок болбой калатко башты иштетпейсинерби биздин элдин айлыгы канча элдики канча деп
21.05.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dedadilet, эң жакшы суроо...
19.05.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурзат Токтосунова бизнеследидей суйлоптур го, Чынгыз Мырзаев азамат.
20.05.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле булардай тапсак жакшы болмок.Мен деле ушулардай ырдап,ушулардай суйлойм.Бирок талант барда,тааныш жок.
20.05.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде үй-бүлөлүк бизнес ким канча тапканы белгисиз аралашып эле иштейбиз .
20.05.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз деле билебиз 2-3 ко болуп коротуш жолун, бирок биздин эмгек акыны абайлап иштетсен да айдан айга аран жетет ко, биз мугалимдердин эмгек акысына жебей-ичпей 20 жыл иштесен да бир там салууга же сатып алууга жетпейт
21.05.2016. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз экиге болобуз кассага тамак ашка
21.05.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орточо айлык 8миң сом, эми үчкө бөлүп көр
22.05.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фит алам деп топтоп жатам ээми иншАллах 30мин чогулду Дуа кылып койунуздар сураныч, рахмат...
22.05.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
taro экобуз окшош экенбиз акчаны тапкандан кийин созсуз тура колдону керек
03.07.2016. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенештер учун рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо