№706 13-май-19-май, 2016-ж
Редакциябызга “төрөт учурунда жүлүнгө (белге) сайылуучу наркоздун пайдасы, зыяны жөнүндө маалымат берсеңиздер” деп кайрылгандар көп. Андыктан бул тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүнүн анестезиология жана кайра жандандыруу бөлүмүнүн анестезиологу, 18 жылдык иш тажрыйбасы бар Момунбек Рахманкуловго кайрылдык.
– Наркоз – бул анестезия (оорутууну сездирбөө). Төрөт учурунда колдонулуучу анестезиянын 3 түрү бар жана алардын экөөсүнүн Кыргызстанда жайыла башташына 3-4 жыл болду. Бирөөсү (паравертебралдык анестезия) биздин борбордо гана колдонула баштады. Үчөөнүн тең ичтеги балага зыяны жок. Оорутууну сездирбөөчү дары (анестетик) ийне менен аялдын отурган же капталдап жаткан абалында сайылат.
БЕЛГЕ САЙЫЛУУЧУ (СПИНАЛЬНЫЙ) АНЕСТЕЗИЯ
– Ичке ийне аркылуу жүлүндү курчап турган суюктукка сайылат. Кадимки жана операция аркылуу төрөттө колдонулат. Пациенттин боюнун узундугуна жараша бел омурткаларынын (L3-L4) ортосуна өлчөмү менен сайылып, 5-7 мүнөттө таасир этет. Таасирин 2,5-3 саатка чейин жоготпойт.
КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУЛБАЙТ?
АРТЫКЧЫЛЫГЫ
ТЕРС ТААСИРЛЕРИ
ЭПИДУРАЛДЫК АНЕСТЕЗИЯ
– Пландалган кадимки төрөт учурунда оорутууну сезбөө үчүн аялдын каалоосу менен колдонулат. Жүлүндү каптап туруучу катуу кабыкча менен омуртка каналынын ортосуна жоонураак ийне аркылуу ичке желим түтүкчө (катетер) киргизилет. Түтүкчөгө анестетик ийне аркылуу куюлат. Түтүкчө сөзсүз бел омурткасына эмес, көкүрөк омурткалар аралыгына киргизилсе деле боло берет. Анестетик берилгенден кийин 20-35 мүнөттө таасир этип, таасирин 10 саатка чейин жоготпойт.
Төрөт учурунда абал оорлосо, мисалы, аялдын жатын моюнчасы жетишерлик деңгээлде ачылбаса, төрөт кечеңдеп баланын дем алуусу кыйындап баштаса же аялдын кан басымы түшүп кетсе, анда ошол берилген анестетик менен операция жасалып кете берет. Болгону кошумча наркоз да берилет.
КАЙСЫ УЧУРЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?
Ал эми артыкчылыгы, терс таасирлери жана кайсы учурда колдонулбагандыгы белге сайылуучу наркоздой эле. Терс таасирине дагы кокус ийне менен анестезия жасап жаткан кезде жүлүндүн калың кабыкчасын тешип алса баш 1-2 апта ооруйт. Мындан тышкары анестетик куйган кезде катетер бир тарапка жылып кеткен болсо оорутууну ошол тарап гана сезбей, берки тарап сезе бериши мүмкүн. Эгер ушундай болуп калса аялдын венасына анестетиктин бир түрү сайылып, төрөт кабыл алына берет. Катетер да кымбатыраак турат.
ПАРАВЕРТЕБРАЛДЫК АНЕСТЕЗИЯ
– Төрөт 1,5-2 сааттан ашпайт деп белгиленген учурда аялдын макулдугу менен кадимки төрөттө оорутууну сездирбөө үчүн колдонулат. Омуртка араларынан чыккан нервдерге сайылып, 10-15 мүнөттө таасир этет. Жүлүнгө сайылбагандыктан коркунучсуз.
Төрөт убагы узарып кетсе 3-4 сааттан кийин анестетик дарыны кайталап саюуга болот. Терс таасирлери жокко эсе. Белге сайылуучу анестезия кайсы учурларда колдонулбаса, мында деле ошондой.
АЯЛДЫН ГРЫЖАСЫ, ОСТЕОХОНДРОЗУ БОЛСОЧУ?
– Аялда грыжа, остеохондроз болсо деле анестетиктер сайыла берет. Болгону омуртканын кыйшаюусунун оор түрүндө гана сайылбайт. Кош бойлуу кезде аял чалкалап басып калгандыктан бел омурткаларына, байламталарына кошумча күч келет. Төрөттөн соң ал омурткалар, байламталар бошойт да, грыжа, остеохондроз оорусу күчөйт. Андыктан “жүлүнгө анестетик сайдырдым эле, төрөгөндөн кийин ошол жерим ооруп жатат” дегендер бар. Анын үстүнө анестетиктин терс таасири да тийиши мүмкүн. Жогоруда айтылган анестетиктердин жалпы наркозго караганда терс таасирлери өтө аз.
Аял төрөөрдөн мурда анестезиолог менен кеңешип, анестетик түрүн тандап алуусу керек.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
билебиз?