КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНДА ЖООКЕРЛЕРДИН ӨЛҮМДӨРҮ ТОКТОБОЙ ЖАТАТ

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Май айынын 5 күн аралыгында эле кыргыз армиясында бир нече мушташ, арасында жоокердин өлүмү менен аяктаган да окуялар катталды. 4-май күнү Улуттук гвардиянын №718-аскер бөлүгүндө эки аскердин ортосунда мушташ чыгып, анын айынан Ош облусуна караштуу Алай районунун тургуну 19 жаштагы Акжол уулу Актилек оор жаракат алып, ооруканадан каза болду. 5-май күнү Калыйнур Үсөнбаев атындагы аскердик окуу жайдын курсанты Арстанбек уулу Рустам өз алдынча аскер бөлүгүн таштап кетип, 6-майда өз үйүндө асылган абалда табылган. Айрым маалыматтарга ылайык, курсант жазып таштап кеткен катта “баарына 3-курстун балдары күнөөлүү” деп жазылган. Ал эми 9-май күнү Ала-Бука районунун №30670-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлер арасында мушташ чыгып, Алишер уулу Элдияр Арген Султановду бычактаган деп шектелүүдө. Бычактан жаракат алган жоокер ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандырарлык.
Жогорудагы 3 окуя кыргыз армиясындагы аскер кызматкерлеринин шалаакылыгын, чечилгис көйгөйгө айланган "дедовщина" маселесин көрсөтүп турат. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев парламент трибунасынан: “4 жылда 62 жоокер каза болуптур. Эмне, Кыргызстанда согуш жүрүп жатабы?”- деп суроо салган болчу.
Чырактай уулдарынан айрылган ата-энелердин көз жашы азырынча бул маселелерди жоюуга жетиштүү болбой жатат көрүнөт. Талкууга алынып жаткан окуялар, кемчиликтер таасир бердиби, айтор, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги президенттин жарлыгы менен алмаштырылды. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеп турган Райимберди Дүйшөнбиев дайындалды. Улуттук гвардиянын башчы командачысы Мелис Сатыбалдиев да кызматтан алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо