“МУЛЯЖ ТАРТПАЙБЫЗ!” дешет улакчылар

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр торпоктун ордуна муляж тартып калышы ыктымал. Бирок мындай жаңылык көк бөрү күйөрмандарынын арасында сынга кабылды. Кыргыз мамлекети көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракетин көрүүдө. ЮНЕСКО буга чейин жандыктарды аёосуз кордоого каршы экенин белгилеп, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн торпоктун ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган. “Көк бөрүнү тизмеге каттатуу максатын көздөсөк, муляж тартканга туура келет”,- дейт Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов. “Аны байкап көрүп, кемчиликтерин оюнчулар айтсын деген ойдо Улуу Жеңиш майрамына карата Бишкектеги “Аккула” ат майданында уюштурулган көк бөрү мелдешине алып барганбыз. Улакчылардын муляж менен ойноп жатышканын көрүп, эл ат майданда баш аламандык кылып жибере жаздады. Сөгүнүп, салтты унутпоого чакыргандар болду”,- дейт Алмаз Касенов.
Уюштуруучулар элдин реакциясын көрүп, муляжды улакка алмаштырууга мажбур болушкан. Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов интернеттеги баракчасы аркылуу: “Мен да муляжга каршымын! Социалдык тармакта талкуу болуп кеткендиктен өз оюмду айтканга туура келип жатат”,- деп улак тартыш кыргыздын канына сиңген оюн экенин айтып жана бул оюндун өзүнүн философиясы бар экенине бир канча жүйөлөрдү келтирген. “Муляж тартабыз деп жүздөгөн жылдар улут катары сакталып келген салтыбыздан арылып калбайлы? Ар бир улут өзүнүн салты менен өзгөчө!”- дейт эл өкүлү.
Улуттук оюндар боюнча дирекция элге түшүндүрүү иштери уланарын айтат.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрь аралыгында өтөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо