-

Өлкөдө
ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУСУ бар 23,5 миң адам каттоодо турат, жылына 3,5 миң киши ушул дарттын айынан кайтыш болот. Бул тууралуу Онкология боюнча улуттук борбордун директору Бактыгүл Султангазиева билдирди.
-
"Түркия Кыргызстандын жарандарына ВИЗАСЫЗ ЖҮРҮҮ мөөнөтүн 90 күндөн 30 күнгө кыскартат",- деп түркиялык ЖМКлар маалымдашты. Мындай кыскартууга Казакстан, Азербайжан, Орусия жана Беларустун жарандары да туш болот.
-
АБИТУРИЕНТТЕР үчүн ЖОЖго тапшыруунун 1-туру 11-июлда башталат. 2-тур 18-23-июль, 3-тур 25-30-июль күндөрүнүн аралыгында өтөт.
-
"ОРОЗО БОЛЖОЛДУУ түрдө 6-июнда башталат",- деп билдирет Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.
-
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы болуп ЧЫҢГЫЗ ЭСЕНГУЛ УУЛУ, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун басма сөз катчысы болуп МИРЛАН ТОКТАЛИЕВ дайындалды.
-
Быйыл 15-майда белгилене турган ЭНЕЛЕР КҮНҮНӨ карата 1902 аял “Баатыр эне” ордени, 437 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.
-
Бишкек шаарындагы 73 миң окуучуга ылайыкташтырылган МЕКТЕПТЕРДЕ 126 миң бала окуйт.
-
Өлкөдө 954 ЖЕТИМ БАЛАГА ай сайын 2 миң сомдон жөлөк пул берилет. Мындан тышкары кароосуз калган 15 722 балага ай сайын миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
-
ИИМдин ПАТРУЛДУК милиция башкы башкармалыгын Эркин Баев жетектемей болду. Ал буга чейин ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгын башкарып келген.
-
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Жогорку Кеңешти камсыздоого апрель айында 82 миллион сом коротулду.
-
Кыргызстандын МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗЫ 3 миллиард 646 миллион долларды түзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.
-
Кыргызстан Google’дун "GOOGLE STREET VIEW" сервисинин картадан көрсөтүү системине киргизилген дүйнөдөгү 77-мамлекет, ал эми Борбордук Азиядагы эң алгачкы мамлекет болду. Аталган сервис интернет аркылуу Кыргызстандын айрым жерлерин 2,5 метр жакындыкта көрсөтө алат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg