"БИР ГЕКТАР САБИЗДЕН 500 МИҢ СОМДОЙ КИРЕШЕ ТҮШӨТ"

№707 20-май-26-май, 2016-ж

"Эр эмгегин жер жебейт" дегендей, жер иштетип бизнес жасоого болору баарыбызга маалым. Бирок жакшы түшүм алуу үчүн эге турган нерсеңди өстүрүп-багуу сырларын билүүң кажет. Сабиз бизнеси канча каражатты жана кандай эмгекти талап кылып, өзүн канчалык актаарын көрөлү.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Терек айылынын тургуну Абдыманап Качиев 3 жылдан бери өзүнө караштуу жердин 3 гектарына сабиз өстүрүп, жыйнаган соң аны кургатып сатып пайда табат. Өз түшүмүн бүтүргөн соң элден да аталган жашылчаны сатып алып, кургатып өткөрүү менен кирешесин көбөйтөт:
– Мен дайыма кызыл сабиз эгем. Аны аба ырайына карап, көбүнчө апрель айынын 10дорунда себем. Негизи сабизди кумдуу жерге эксе жакшы өсөт. Жылда фирмадан дарыланган уругун сатып алам. Сабиз 90 күндө бышат, анан казып алып, калыңдыгын 0,5-0,7 миллиметр кылып кестирип, кургаттырабыз. 1 адам 1 күндө 4-5 мүшөк сабиз туураганга жетишет. Күн ысык кезде 3-4 күндө кургап калат. Анан кайра иштетүүчү цехке жеткизип, чоңдугун 0,3-0,4 миллиметрден кылып майдалаткан соң Бишкектеги татымал даярдоочу фирмага алып барып дүңүнөн өткөзөм. Кургатпай сатсаң деле болот, бирок анда жакшы пайда көрбөй каласың.
Бизде 1 жылда 1 гана жолу түшүм алууга болот. Ал эми күн биздегиден да жакшы ысыган айрым аймактарда, мисалы, Араван, Шамалды-Сайда 1 жылда 2 жолу түшүм алышарын угуп жүрөм. Алар экинчи ирет сабиз эгүүгө июль айынын ортосунда киришишет.

ТАЛАА ИШТЕРИ, АГА КЕТЧҮ ЧЫГЫМДАР (1 гектар үчүн)
Аммофос (күздө себилет) 300 килограмм. 1 килограммы 30 сомдон. 300х30=9000 сом
Урук, 2,5 килограмм. 1 килограмм корей сорту 2000 сом. 2000х2,5=5000 сом
Жер айдатуу, малалатуу, тырматуу жана жөөк салдыруу – 5200 сом
Урук себүү (трактор менен) – 2000 сом
Сугаруу. Сугатчыга – 2000 сом, суу үчүн акы – 800 сом. Сабиз бышкыча 4 жолу сугарылат. Жалпы – 11 200 сом
Отоо чөпкө каршы 1 литр дары – 1000 сом
Жер семирткич – 300 килограмм. 1 килограммы – 20 сом, 300х20=6000 сом
Культивация – 2000 сом
Казуу (трактор үчүн) – 2000 сом
Жыйнатуу, каптатуу (акыга) – 10 адам 1 күндө бүтүрөт, 1 адамга 350 сомдон. 10х350=3500 сом.
Ташып келүү (трактор үчүн) – 2000 сом
Тазалатып жуудуруу, кырктыруу (акыга) – 50 тоннаны 30 адам 10 күндө бүтөт. 1 адамга 1 күнгө 350 сом төлөнөт. Жалпы – 105 000 сом
Түшкү тамак (иштегендерге) – 1 күндө 30 адамга 600 сом. Жалпы 10х600=6000 сом 50 тонна сабизден 5 тонна кургаган сабиз алынат.
Чүпүрөк (тууралган сабизди жайганга) – узундугу 1000 метр, 1 метри 25 сом. 25х1000=25 000 сом
Мүшөк – 1000 даана. 1 мүшөк 10 сом, 1000х10=10 000 сом
Ташуу (цехке) – 2000 сом
Цехте майдалатуу – 2000 сом
Бишкекке жеткирүү – 3000 сом
Чыгаша: 201 900 сом

КИРЕШЕ
5 тонна кургатылган сабиздин 1 килограммы – 140 сом. 5000х140=700 000 сом
700 000-201 900=498 100 сом
Таза киреше: 498 100 сом

КУРГАТПАЙ ЭЛЕ ӨТКӨЗГӨНДӨ
Эгер казгандан кийин кургатпай эле дүңүнөн өткөзсөң,
1 килограммы 7-8 сомдон болот.
Ошондо 50 000х8=400 000 сом.
Мындан кеткен чыгымды чыгарсак,
400 000-58 900=341 100 сом
Таза киреше: 341 100 сом

САБИЗДИ ЭЛДЕН АЛЫП, КУРГАТЫП ӨТКӨЗҮҮ
Өзүбүздүн сабизди өткөзгөндөн кийин элден баш-аягы 50 тонна сатып алабыз. Өткөрүүчүлөр өздөрү алып келишет. 1 килограммын 7-8 сомдон алабыз. Ошондо 50 000х8=400 000 сом. Калганы жогорудагыдай эле процессте уланат. Тазалатып жуудуруу, кырктырууга 105 000 сом, түшкү тамакка 6000 сом.
Мүшөккө 10 000 сом, цехке ташууга 2000 сом, цехте майдалатуу 2000 сом, Бишкекке жеткирүү – 3000 сом. 50 тонна сабизден 5 тонна кургаган сабиз алынат.
Чыгаша: 528 000 сом

КИРЕШЕ
5000х140=700 000 сом
700 000-528 000=172 000 сом
Таза киреше: 172 000 сом

Чүпүрөк үстүнө төгүлүп, күнгө кургатууга коюлган сабиз.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
23.05.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен Кайда откорот кантип байланышсак болот бул байке менен админ сураныч айтып койосузбу
23.05.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адимин сураныч айтып койунузчу мага жакты кантип байланышсам болот
23.05.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсептеп коюш оной, жайдын саратанында иштеп кор да анан айт. Анын устуно дыйкандар прогноз кылгандан коркуп калышты, былтыры киреше коробуз деп остургон картошка, капуста, помидордон тарта баары арзан болуп дыйкандардын тарткан туйшугу акталбады... Быйыл кулпунай 80-100 сомдон 25-30 сомго тушуптур... Ушуга карабай дыйканчылык кылгандаргп рахмат..

Окмот двйкандарды ойлоп бир реформа кылат бекен же быйыл да баары арзан болуп дыйкандар кыйналып куурар бекен байкайлычы...
29.05.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barpy,Оюңузга кошулам. Көрсөткүчтөр стабилно болбойт. Шартка жараша.
24.05.2016. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майдалап,кургаткан сабизди биринчи корушум.Кургаткан сабизди кайсы жерге откозот?
25.05.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ ушул байке менен кантип байланышсак болот айтып коюнуздарчы сураныч.
14.06.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарбыз айдоонун дагым жолжоболорун кимдер Менен байланышса болот бишкекте сапаттуу болушу учун кимге кайрылуу Керек материал даярдап бергилечи супер.
14.06.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PatriotKG01,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмдүн кызматкерлерине жеткирилди.
09.04.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул байкенин тел номерин алып бергилечи сураныч админ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо