Камчы Сарыбаев, актёр: «АЙЛЫГЫМ ЖАКШЫ БОЛСО ТАМАДА БОЛУП ИШТЕМЕК ЭМЕСМИН”

№707 20-май-26-май, 2016-ж

Адатта жылдыздарга чалганда номерлерин издеп таппай калабыз. Камчы Сарыбаев болсо көп жылдан бери бир номерде жүрөт. “Мен таза жүрөм да. Ошон үчүн номеримди такыр алмаштырбайм” деген актёр бапылдап кесиби тууралуу кызыктарды айтып берди.

– Камчы мырза, атактуулукка карай жолуңуз шыдыр болдубу же көп кыйынчылыкка тушуктуңузбу?
­­­­- Чыгармачылык жактан жолум шыдыр болду. Кинодо “Дезертир” деген тасмада тушоом кесилди. Андан соң Чыңгызхан тууралуу тасмада эпизоддук роль жараттым. Мурат Мамбетовдун “Чиркин өмүр” сериалына тартылдым. Артынан жарнамалык роликтер кетти. Кызыгы, мага суусундук, ун сыяктуу оокаттарды жарнамалап бериңиз деп сунуштай беришет. Жакында эле бирөө"колбасаны жарнамалап бербейсизби?" деп келиптир.
Чынын айтсам, азыркыга чейин көңүлүмдөгү ролду ойной элекмин. Менин могу жагымда (көкүрөгүн көрсөтүп) сакталып турган бир роль бар. Балким, кийин ошол тилегим ишке ашып калар.

– Тасмага тартылуу үчүн сөзсүз билим болуш керекпи же талант жетиштүүбү?
- Азыр бир эле адам билим албай киноактёр, ырчы, композитор да болуп жатпайбы. Аларды көрүп апей, кечээ эле ырдап жүрбөдү беле, актёр болуп кеткен турбайбы деп калам. Андайларды “одноразовый” актёрлор деп билем. Ашып кетсе 2-3 тасмага тартылат, андан ары фантазиясы деле түгөнөт.

– Сиз тартылган тасма сатыктан көрүүчү чогулта албай калса текке кеткен эмгек, аракетиңиз үчүн өкүнбөйсүзбү?
- Албетте, өкүнөм. Актёр пластилиндей эле, режиссёр кандай калыпка салса, ошондой болуп кете берет. Азыркы жеңил тасмалардын кемчилиги – жоопкерчиликтин жоктугунда. Тасма тартуу үчүн алдын ала актёр ким болот, кийими кандай болот, каякта, кандай аба ырайында тартылат, баарын пландаш керек. Ошондо гана жыйынтык жакшы болот. Азыр чала калып эле “Камчыке, түштөн кийин келе калбайсыңбы?” дегендер толтура. "Ай, кандай кино, эмне кийишим керек?" десең, “келе берсең бул жактан тууралап коёбуз” дешет. Келсең тартат да, кинону укмуш даңазалап жарнамалап салат. Ага ишенген эл келет да, көрүп "ушул да тасмабы?" деп түкүрүп чыгат. Элдин келген-келбегенинен эле режиссёрдун билим деңгээли билинип калат.
Бир жагынан жеңил тасмалардын тартылганы да жакшы. Бара-бара арасынан иргелип отуруп сапаттуулары сөзсүз чыгат.

– Быйылкы Маданият жана тарых жылына карата сиздерге кандайдыр бир колдоо көрсөтүлүп жатабы?
- Биздин актёрлорго иштөөгө стимул жок болуп калды. Айлыгыбыз 5000 сом, мораторий жарыяланып мурункудай Эл артисти деген сыяктуу сыйлыктар да берилбей калган, премия алчу элек, ал да жоюлуп кетти. Кишиге стимул болуш үчүн же айлыгын көтөрүп, же премия берип, же сыйлык берип койсо болмок. Азыр фанаттар жөн эле кагылып-согулуп жүрүшөт. Бир чети карап бооруң ооруйт, бир чети эмне иштеп жүрөт деп жиниң келет. Же колдон башка эч нерсе келбесе... Анан эле майрам, шаан-шөкөт болгондо "артисттерди чакыргыла, аянтка келишсин" деп калышат. Элестет, маданиятка мамлекеттик казынадан 0,03 пайыз эле бөлүнөт экен. Азыр маданият менен спорт бизди чет өлкөгө таанытып жатат да, туурабы? Анан ошолор үчүн бир темирди жасап берсе деле "ии" деп сүйүнүп калбайбызбы. Айлыгыбыз болсо аз, айла жок, тамадалык менен жан багып жүрөбүз. Эгерде айлыгым жакшы болсо, тамада болуп иштемек эмесмин.

– Келиңиз эми, кепти үй-бүлөңүзгө буралы. Алдыда жакшы кабарыңыз бар экен...
- Ооба, буюрса, жакында үй-бүлөбүз дагы толукталганы турат. Бир күнү театрга кирип баратсам Элнура
"УЗИге түштүм, кыз экен" деп чалып калды. “Жакшы, мен репетицияга кирип жатам” деп эмоциямды билдирбей телефонду өчүрүп койдум. Трубканы койгондон кийин өзүмчө сүйүнүп, кесиптештериме айтып алып кечке кубанып жүрдүм. Бирок үйгө келгенде анын бири жок. Мен эмоциямды ачык айтып көнгөн киши эмесмин. Жубайыма деле сүйөм-күйөм деп айта бербейм. Аябай сүйүп баратсам акырын кучактап, бетинен сүйүп коём. Анча-мынча кыздарга караганда келинчегим өзүмө ак куудай эле көрүнөт. "Жаркылдаган жакшынакай келинчегиң бар экен" дегендерди угуп өзүмчө топук кылып кудуңдап алам. Бирок, албетте, жубайыма ал сөздөрдү айтпайм.

– Артыңыздан айтылган кептерди териштиресизби? Мисалы, өткөндө бир окурман чалып сизди "тойго заказ алып өзү келбей койду" деп айтты эле...
- Мурдагы күнү дос балам экөөбүз кафеде отуруп калдык. Официанттар келип учурашып, чогуу сүрөткө түштүк. Ошондо досум айтат, "Атактуу болгон ушундай турбайбы. Баары эле келип учурашып, сүрөткө түшөт экен" деп. Ага мен айттым, "Мисалы, силер каалаганыңарды кыласыңар. Эч ким эч нерсе дебейт. А эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин кокус туура эмес күлүп, сүйлөп койсоң, тайгаланып кетсең элге шак эле көрүнүп калат" деп. Ушул кезге чейин мени жакшы да, жаман да кептер ээрчиди, "экинчи үй-бүлөсү бар" деп да чыгышты. Жеке өзүмө тийиштүү кептерге көнүп калгам, териштирбейм. Эгер үй-бүлөмө тийишсе кийлигишем. Бир жолу ошондой окуя болду эле, түбүнө чейин жетип, эркекче сүйлөшүп койгом.


Камчы Сарыбаев "Карт бойдок" тасмасында сүйүүдөн көңүлү калган карт бойдоктун ролун жараткан.

"Эгер өзүбүздөн жакшы режиссёр чыгып "Дем" театрын бир тасмага тартса, укмуш кино чыкмак".

"Азыркыга чейин көңүлүмдөгү ролду ойной элекмин".

"Чет өлкөгө чыкканымда биринчи кезекте жубайыма, балдарыма, анан артып калса өзүмө буюм алам".

"Балдарым кээде жиниме тийсе, чыбык менен зыпылдатып бутка чаап коём".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(22)
23.05.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Сонун маек болуптур, конулунуздогу ролду ойногонго насип этсин. Маданият онукмойун мамлекет онукбойт. Маданият тармагына жакшылап конул буруп коюшса жакшы болмок, канча деген таланттар бар.
23.05.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айлыгын жакшы болсо деле тамада болуп иштемексин, анткени айлыкты канча которсо дагы азыркы заманда уйго, бала-чакага ойдогудай жетмек эмес,жеткируу кыйын.Ишинде ийгиликтер коштоп элдин адамы болуп журо бер.уй-булон менен бактылуу бол
23.05.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саби,орустардай айлык берсе тамада болмок эмесда дагыда актёрлу жактан изденмек
26.05.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саби,туура эле, айлыкты которгон болушат да, мугалимдердей кылып ар жак-бер жагын кыркып мурунку калыбына келтирип коюшат,экономикалык козомол, тендеш деген нерсе жок..........
23.05.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун актер да!!!Бар болунуз!!!
23.05.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
талантынызды баалайм ишинизге ийгилик.уй булоолук бакыт каалайм.жубайыныз да мактагандай эле жаркылдак жан окшойт. албетте ар бир ийгиликтуу эркектин артында кучтуу чыдамкай аял турат эмеспи
23.05.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы талант ээси
23.05.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камчы байкени Кыргызстандагы эн таланттуу, мыкты актер катары баалайм. бул адамда жасалмалуулук деген кымындай да жок жургон жерин кулкуго бологон шайыр адам. Бар болунуз, ишинизге ийгилик, уй булоолук бакыт каалайм.
23.05.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркек
23.05.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коптон бери "Дил маэк" болумунон кызыгып кирип окуй элек болчумун, Камчы Сарыбаевдин маэгин суктануу менен окудум, бутпосо экен дедим. Эч кандай жасалмалуулук жок, ачык ачык тарс айтыптыр.
Бар болунуз, ар бир рольду режиссер каалагандан дагы ашырып аткарсаныз керек, мыкты талант ээсисиз.
23.05.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
КЕЛИНЧЕГИ ЖҮЗҮ ЖАРЫК ЭКЕН.
23.05.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
ата эненизден мурун аялынызга алсызго ай кокуй
23.05.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Fatima2016,Маанисине тушунбой калыпсын.Азыркы жаштар келинчегине суйом,куйом,жаны деп ата-энесинин козунчо айта беришет.Мен да келинчегимди жакшы кором,бирок айтпайм.Азаматсын,жакшы маек болуптур.Эл суйгон актердон бол!
23.05.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары ширин го! Ийгилик!
24.05.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актерлук чеберчилиги мыкты,байкеси, 5мин доллар алсаныз деле элге кызмат кылып,элдин батасын ала бериниз.Тамадалык кесипти да колунан келгендер кылат.
24.05.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки созунун бири эле ненди урайын эле анысы калды бекен
25.05.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы элдин таланты, ушундай ийгиликтеринизден жазбай ар дайым уй булонуз менен аман болунуз.Ишинизге чон чон ийгилик.
25.05.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аткарган рольдору, образдары жагат да чиркин!!Бар болунуз!
25.05.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчы байкени актер,куудул катары сыйлайм.кинолору да сонун..
26.05.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"ДЭМ" театры аябай сонун, концерттерин кутуп журуп кором, кобуроок коюшса жакшы болмок
26.05.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман болунуз, чыны менен коп одноразовый актерлор. Бирок сиз талантыныз бар. Боз салкын менен кок салкында сонунго. Балдарыныз озунузго копия экен, уй булоонуз менен аман болунуз.
28.05.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камчы байке мен баалаган актёрлордун ана башында турат. Талантыныз ташкындай берсин. Уй булолук бакыт каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо