САРИЕВ МЕНЕН БАБАНОВ БИРИГЕБИ?

№707 20-май-26-май, 2016-ж

«Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу тендердин шылтоосу менен өкмөт башчылык кызматтан кол жууган Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов бириккени жатат». Мындай кабар саясатчылар арасында айтыла баштады. Буга чейин Сариевдин ысымын «Кыргызстан» партиясына байланыштырып келишкен. Бирок анын премьерликтен кетишинде «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев чоң роль ойноду деген сөздөр биринчи версияны жокко чыгарды. Эми «эл башкарам» деген дымагы күчтүү бул эки саясатчы тандем түзүп, Темир Сариев президенттик тактыны, Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкты алууга даярданып жатканы талкуулана баштады. Бири парламентке абдан демдүү келип, шайлоочуларга убада кылган бир дагы ишти жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк ала албай, экинчиси парламенттик шайлоодон жыл айланбай өкмөт башчылыктан шыпырылып түшүп, учурдагы бийликке таарынып жүргөн чактары. Демек, экөөнү бириктирүүчү жагдайлар бар.
Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев: «Президенттик шайлоого карата биригүүлөр сөзсүз болот. Саясат – бул консенсус... Бабанов менен Сариевдин биригери тууралуу менде азырынча эч кандай маалымат жок. Бирок экөө тең мурунку өкмөт башчы, төбөсү көрүнгөн саясатчылар. Биригүүгө барышы мүмкүн»,- деп билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо