Садыр Сагынбаев, актёр: "КЕЛИНЧЕГИМ БАШКАГА КЕТИП ЖҮРӨГҮМ ООРУП КАЛДЫ"

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

"Өтөбүз деп жүрчү элем ойноп-күлүп,
Азыр болсо ойлоном ичим күйүп.
Сүйгөнүнө жетпей калган жигиттердей,
Ошолордун катарына кошулдумбу сен деп жүрүп...",- бул актёрдун сүйүү ырларынын чети гана. Тасмаларда көбүнчө бай, терс каармандын ролун жаратып элге таанылган Садыр Сагынбаевдин жеке жашоосунда көйгөйлөр жаралып турат. Маектешүүгө барганда актёрду араң тааныдым. Жашы 60ты таяп калганда Садыр мырза сүйүүдөн жолу болбой калганын айтып кейип-кепчип отурду.

Туулган жылы, күнү –
1959-жыл, 3-май
Туулган жери – Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Октябрь айылы
Билими – Чуйков атындагы сүрөтчүлөр училищесин, Москвадан ВГИКтин (Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институту) көркөм факультетин бүтүргөн
Тартылган тасмалары – "Аманат", "Салам, Нью-Йорк!", "Ермак", "Миллиондук мелдеш", "Миллиондук мелдеш-2",
"Ак бас", "Курманжан датка", "ЖинМэн" жана башкалар.

– Саламатсызбы, агай? Сизди башкача элестетип келе жаттым эле. Көрүп тааныбай калдым. Өңүңүздөн азып калыптырсыз...
- Саламатчылык! Ооба, "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" демекчи, минтип жашоомдон адашып отурбаймынбы.

– Келиңиз, ага аягында кайрылалы да, маекти балалыгыңыздан баштайлы. Окурмандарыбызга өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз...
- Атам көп жылдар бою мектепте директор болуп иштеген, ээр, комуз чапкан уста эле. Апам колхоздо иштеп, бала багып үйдө отурду. Атамдын көзү өткөнүнө 5 жыл болуп калды, апам 92 жашка чыкты. Жаштайымдан сүрөт, искусствого жакын болдум. 6-7-класста болсо керек, айылга Кыргыз драма театры гастролдоп келишти. Экрандан көрүп жүргөн артисттерди карап отуруп кантип спектакль бүткөнүн сезбей калгам. Ошондо биринчи жолу Таттыбүбү Турсунбаеваны көрүп суктанып бүтпөй койгон элем. Окууну бүткөндөн кийин Чуйков атындагы сүрөтчүлөр училищесинде, андан кийин ВГИКте окудум.

– ВГИКти аяктасаңыз да жумушка орношуу кыйын болгон экен. Анан кантип кино чөйрөсүндө ордуңузду таптыңыз?
- Мен союз урап, баш аламандык болуп турган чакта окуумду бүтүп калдым. "Кыргызфильмге" келсем аңгырап бопбош. Директор Рыспай Алыбаевичке кирсем, "Маданият жоюлуп кетпедиби. Эми өзүң эптеп жумушуңду кыла бер" деп кейип калды. Эмне кыларымды билбей "Ош базарын" айланып жүрдүм. Тегеректин баары мас. Эптеп жан багыш керек болду. Экинчи балам жаңы төрөлгөн. Ага сүт, нан, чай алыш керек, а менде 1 тыйын жок. Жетишпеген турмуштан казан-аяк кагышып, үйдө ызы-чуу башталды. "Акча таап келбейсиңби, эмнең эркек? Телтейип мас болуп, бир нан көтөрбөй келесиң!" деген сөздөр болду. Бизнеске аралашайын десем ал колдон келбейт, павильон ачып соода да кылып жүрдүм. Жүрөктү өйүгөн нерсе баары бир тынч койбойт экен. Аябай катуу кыйналып, Швецияга чейин барып көчөдө сүрөт тартып сатып тыйын таап жүрдүм. Ошол учурда казактарда бирин-серин кино тартылып калгандыктан Казакстанга келип "Көчмөндөр" тасмасында ойнодум. Ошентип 1998-1999-жылдардан баштап киного илине баштагам. 2005-жылы Жаштар театрынын ал кездеги директору Темирлан Сманбеков жумушка чакырып калды. Ошондон бери театрда башкы сүрөтчү-коюучу болуп эмгектенип келем.
Жакында "Кыргызфильм", Кыргыз кино департаменти, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп, мени Москвадагы 2 жылдык режиссёрлук курска окуганы жөнөтүп жатышат.

– Чет элдик тасмаларга да тартылыптырсыз. Арасынан эң көп гонорар алган кайсы тасма болду?
- Орусиялык "Ермак" деген сериалга тартылып эң көп гонорар алгам. Ал акчага 3 бөлмөлүү батир келмек. Ал кез союз бузулуп жаткан убак эле. Жаш кез, ары басып, бери басып жукпай деле калды. Швецияда иштеп келип жарым үйдү алып бир тууган иниме жаздырып койгон элем. Кийин иним үйдү бербей,"Акылыңызга эми келдиңизби? Үй керек болсо сотко бериңиз" деп койду. Ошондон бери сүрөтканада жашап келем.

– Жайы-кышы мастерскойдо жашайсызбы? Кышында суук эмеспи?
- Бул жакка жайгашып алгам, жашаганыма 10 жыл болду. Кышында жылуу, ыңгайлуу. Христиандар чиркөөнү, мусулмандар мечитти ыйык туткандай эле театр биз үчүн ыйык. Бир окуяны эстеп кеттим, Бакен Кыдыкееваны пенсияга чыгарып коюшса деле көнүмүш адат менен күндө жумушка келе берчү экен. Күндө (мастерскоюнун бурчун көрсөтүп) тээтиги бурчта креслого отуруп алып бир пачка папиросту түтөтүп күн батканча терезени карап отура берчү экен. Анан күн батканда туруп алып үйүнө жөө жөнөчү тура. Күндө ошентчү дешет. Артисттерди кесибинен оолактатып койгон дарга асып, атууга кетүүдөн да жаман. Бакен эжени кийин Совет көчөсүнөн машина уруп кетип 1 ай өлүкканада таанылбай жатпадыбы. Ошону ойлоп аттиң, маданият адамдары ишсиз калбаса экен. Таяк менен басса да ошого ылайыктуу роль берип, сөз менен болсо да көңүлүн көтөрүп койсо ошол деле канча дем берет деп калам.

– Жаш келинге үйлөнүп, аныңыз башкага кетип калганын айтып отурасыз. Ал балдарыңыздын энеси эмеспи?
- Жок, биринчи келинчегимден 1 уулум, экинчимден 1 уул, 1 кызым бар. Бул үчүнчүсү болчу. Үчүнчү аялым Перизат таланттуу, ишке чебер, комузга, ырга шыктуу келин, менден 20 жаш кичүү. Мурунку күйөөсү менен ажырашып, 2 кызы бар экен. "Актриса болгум келет, искусствону баалайм" деп армандарын айтып калчу. 10 жыл мурун "экөөбүз тең бойдок экенбиз, чыгармачылыктагы ысык-суукка бир күйүп, бири-бирибизге түркүк болуп жүрөлү" деп сунуштап, үйлөнгөнбүз. Окуйм дегенинен өксүткүм келбей режиссёрлукка окуттум, дипломдук жумушунун баарын жасап бердим, грим жасоону үйрөтүп, актриса катары "Көк салкын", "Көч", "Мунабия" тасмаларына тарттырдым.
"Үркүн" тартылат дегенинен кастингге чогуу барганыбызда "жеңебизди грим жасаганга алалы" дешкен. Өзүм "жакшы жүр" деп иш сапарына узаткам. Тарыхта айтылат эмеспи, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялды таш бараңга алып, дарга асып же өрттөп салышчу деп. Кыргызстанда андай мыйзам жок. Кудайга койдум. Бетине көө шыбалып калганынан бул жакка келбей качып жүрөт. "Үйү жок тажадым. Мени, кыздарымды бакпайт" деп кеп кылып жүрүптүр. Угушумча, ал капчыгы калың бизнесменди таап алыптыр. Ал жигит менен иш сапарда таанышып калышкан экен. Анын телефон номерин таап сүйлөштүм, "бир ай талаада жүрсөм, өзүңүз деле түшүнүңүз, келинчегиңиз ажырашып кеткем деген" деп баарын ачык айтып берди.
"Менин грим салган сумкамды сындырып салды" дептир. Ал чындык. Өзүм ичпейм, чекпейм, андайды жаман көрөм. Ичип-чегип жаман жолго түшүп туруп алганынан урган эмесмин, сөккөн эмесмин, катуу сөз менен айткам, акылына кирер деп ойлогом. Бул жашка келгенде кайра-кайра аял алды деген кеп деле уят да, өзүм деле ага ишенип, берилип калдым эле. Бүк түшүп кечирим сурап да көрдүм, көнбөй койду. Өткөндө жолугуп, "Эмне кылсам мени менен жашай аласың?" десем, "бир машина, бир үй алып берсең" дейт. "Же конок чакыра албайм, же тууган чакыра албайм. Же туугандар менен катташа албайм" деп арманын айтты. Аны моюнума алам. Экөөбүз тең искусствонун адамдарыбыз, бири-бирибизди түшүнүшүбүз керек да. Акыры "сен 10 күйөөгө тийип чыксаң да сени коюнумду ачып тосуп алам" деп айттым.
Ажырашканыбыз белгилүү болгондон кийин мени сыйлагандар куттуктап, "сизге татыктуу эмес болчу, эң туура кылдыңыз" деп азыркыга чейин айтып жатышат. Чыгармачыл адамдар эркин болуш керек деп жубайымды чектечү эмес элем. Ошол нерсени ал түшүнбөй койду.

– Жүрөгүңүздүн ооруганына да ушул окуя себеп болгон окшобойбу?
- Оору дегенди билчү эмесмин. Бир күнү эле таңкы саат 4тө поезд жүрүп жаткандай кулагым шакылдап, жаман болуп чыктым. Сейил бакта басып бир аз сергип келип жатсам кайра кайталанды. Кулагым чуулдап, колум калтырап жаман боло баштаганымда "Тез жардам" чакыргам. Кан басымымды өлчөтсөм 220га көтөрүлүп кетиптир. Ичиме салып жүрүп эле ушул болуп кетти окшойт. 1 жумага жакын тамак өтпөй, суу ичип калган элем. Учурда дарыланып жатам. Ушул окуядан кийин 1 айдын ичинде 13-14 килограмм арыктаптырмын.

– Агай, маегиңизге рахмат. Оору-сыркоодон алыс болуңуз!

"Кызым келечекте комузчу болсо, каалагандай кылып өзүм комуз чаап берем".

"Улуу балам Кайрат менин жолумду жолдоп сүрөтчү болду".

"Салам, Нью-Йорк!" тасмасында жер саткан акимдин ролун жараттым. Премьерада экрандан мени көрсөтүп жатса аялдар "могуга окшогон как баштар жерди сатып жок кылышты" деп жаман көрүп алышыптыр".

Актёр "Курманжан датка" тасмасында Кудайберди бийдин ролун ойногон.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Актёр Садырбек Сагынбаев өзүнөн 20 жаш кичүү келинчеги таштап кеткенин айтат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(66)
30.05.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошондо аялы кайсы актриса? Билгендер айтып койгулачы?
30.05.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ Ислам Акматовдун интервьюсу 2жыл мурунку экен го...жаны интервью алса болбойбу не?
30.05.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүчү билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
30.05.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр кыздарга турмушка чыгуу оюнчук болуп калдыго, турмушка чыгып ажырашып, ортодо балдарына эле кыйын, келинчегинин кыздары ушул интервьюну окуп кандай абалда калаар экен... Кыздарында ойлош керекда эне деген, куйоого тийип - ажырашып журо бербей
30.05.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озубуздун айылдан чыккан белгилуу инсанды буга чейин тааныбаган экенмин. Мен да ойлогом, бир туугандарына окшоп, байлыгына манчыркаган киши болсо керек деп... Бирок жонокой киши экен. Ден соолук берсин сизге. Мындан да кобуроок ийгиликтерди жаратыныз. Бар болунуз.
30.05.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аябай ачык маек болуптур.Агай эч нерсени жашырбай айтып бериптир. Кино тасмалардагы рольдору озуно абдан жарашат жана жеткире аткарган таланттуу инсан.Байлардын ролун аткарганы менен жашоосу жакшы эмес экендиги окунучтуу.Кинодо гана байдай жашап алат экен да анда. Чынында бизде нукура таланттарды мамлекет баалабайт.Маданияттагы эмгеги учун бир комната батир же болбоду дегенде жатаканадан деле болмо берип койсо болмок да Маданият министрлиги.Уят.Агай сизге кенешим биринчи аялыныз менен жарашын
30.05.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно чала, 20 жаш кичууну алган
03.06.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnazi, озунон улууну алсынбы, жылдызы келишсе Раймалы менен Бегимайдай болуп жашка карап отурмак беле... Болгону аялы суюк аяк экен никелуу боло туруп башка эркектер менен ойноп кетсе...
30.05.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
келинчегин билгендер айтып койгулачы
30.05.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен ойлогондон таптакыр башкача аруу инсан экенсиз
30.05.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар кимибиз Ар кайсыны айтып кыйын болобуз, не болсо да бактылуу карылык тилейбиз
30.05.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
3 комнатага уй ала турган акчасын нары бери кылып коротуп салса конечно баарынын эле жини келетда. Эртерээк ойлонуш керек эле
03.06.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnara2014, бойдокчулукта баары ойнойт, акчаны уномдобой, саран-зыккымдардан башкасы... Просто ал убакта мега-гипер инфляция, девальвация кеткен, акчанын куну учуп 90-жж башында, ошол убакка туура келсе керек да
31.05.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран гана з комнат уйдун акчасы ... ХХХХ десе.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-31 10:39:59
31.05.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu,кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Оозеки эскертүү.
31.05.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр байке мен сиздин талантынызды сыйлайм,бала белде катын жолдо деп коет эмеспи кыргыз элибиз илгертен. Ошондуктан коп кайгыра бербениз сизге да омурлук жакшы тугой жоолуктурганды аллах таалам насип этсин.
31.05.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
DAF-077, ХХХ ХХХ макалды айтып. Ал соз бул жигитке дал келбейт озу. 60 жашта болсо ооруп жатса анан бала белде катын эолжл деп иииииии
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-01 09:31:09
06.06.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu, туура айтасын. мыкты аялдар бар эрлери арактан козу ачылбаган. Балдарын оздору уйлоп,кыздарын эрге берип турмуш арабасын озу тартып, "ичсе да мейли эми балдардын атасы да ,мунун болушу ушу" деп турмуш арабасын озу судурогон кыргыз аялдары толтура. Эми агай 60 чыгып калды белден деле куч кетти.жолдон деле ылайыктуу аялзаты кетти да. Деги эрекетер озунун карыганын качан сезишет. 90 чыкса деле 19 жаш жигит болуп куйгузушот да.
31.05.2016. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аял жакшы эр жакшы дейт элибиз. Эркекти эр кылган да аял кара жер кылган да аял, аялдын амалы алтымыш эшекке жук,жашоонун туруктуулугу 90% аялдардан коз каранды
31.05.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эки уулу бир кызы бар экен. Жалгыз калганына озу эле куноолу экен деп калдым. Гулдон гулго конуп журуп ушуга келди да ХХХ. Биринчи аялдын баркына жетпесенер ушинтип талаада каласынар эркектер!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-01 09:26:51
31.05.2016. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы коруп калдым жакшы адам экен аялы жаман тура. Ошондой да куйоосу жакшы аялы жаман аялы жакшы куйоосу жаман. Мени ушинтип суйсо эх.
31.05.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rianair, ХХХ ХХХ. Кайсы бир аялын айтып жатасын жаман тура деп. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-01 10:46:12
01.06.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bereke10,жакшы эрден аял кетпейт жаман аялды жакшы эр катын кылбайт
31.05.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу киши жакшы киши келгиле жакшы аял таап беребиз
31.05.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Театрда иштеген кишилер озу жан дуйносу жашоого коз карашы да башкача болот , ошентип журушуп каарыганда уйсуз же семейный жатаканада калышат копчулугу
01.06.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10, DAF-077, arzuuu,
Эскертүү!
1. Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар, сайттын башка колдонуучуларын кемсинтүүгө тыюу салынат!
2. Талкуудан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-01 09:42:03
02.06.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Siz bashka, jash ayaldardy tandap ketkende, 1-ayalynyzdyn da jurogu oorusa kerek. Jashoo bul bumerang.
FSB түзөттү 2016-06-02 00:34:31
02.06.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ункур да болсо уйум болсун деген ушул да....Атадан алтоо туулсан да жалгыз болосун бир мезгилде деген соз бар го...уй жай да керек...
02.06.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой билбейм мейли жакшы Адам болсун, Анан карылыкты Да эстей журуукерек го, минтип караганда уйу жок же уйбулосу жок болуп,албетте тагдыр, бирок ошол тагдыр аркимибиздин озубуздун колубузда Да караганда кайдажашайм дер бир уй алып койсонуз болмокк акыл калчап ,ийгилик демекчимин
02.06.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бирине зар, башка бироого кор дуйно да. Кайдагы бир арсыздар акчасы батпай кооп журот эч кимди козуно илбей. Ал эми чыгармачыл кай бироолор турмуштун азабын коруп катардагы уйго жетпей арман кылып келет... Жогору Кенештеги депутаттардын сабатсыздыгын, маданиятсыздыгын, туркойлугун, ач коз, уурулугун коруп же ыйлаар же кулоорунду билбейсин. Мындай адамдарды коргондо журогум ооруп чыгат боорум ооруп... Кай бироого кор болгон омур, кай бироого зар омур...
02.06.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсода жашоосунун мындай болуп кетерине озу куноолуу экен.
Биринчи экинчи аялдарынын урушканына бир аз кылыгына чыдабай таштап кетсе учунчусуно жалдырап да кайтара албай жатат.
Эх эмне болсода бактылуу карылык!
SUPER.KG видео
03.06.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaigyrbanyz
03.06.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Мастерской" дегенди "өнөркана" десе болобу...
05.06.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ
Кай созуно мактананат
Кызындай болгон бир кызды
ХХХ ХХХ
Алла талла кечиргин
Мен да айттым шайтандап
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-06 09:21:29
06.06.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makemake1979,кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-06 09:24:51
05.06.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгон кундо да агайга бактылуу карылык,ден-соолук каалайм!маегинизди окуп алып ыйлагым да келип кетти.
06.06.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат кылыныз, озунузду краныз. Кыргыз элинин таанылышына коп коп салымынызды кошо бериниз. ИЙГИЛИК!!!
30.06.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу режиссёр, актерлер бир кыргызча сериал кино тартпайсыздарбы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо