Нарымбаев: "КЫРГЫЗСТАНДА СОТ БИЙЛИГИ ЖОК ЭКЕНИН ЖОН ТЕРИМ МЕНЕН СЕЗДИМ"

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевге жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовго байланыштуу сот ишинде Бишкек шаардык соту буга чейин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди өзгөртүүсүз калтырды.
Эскерте кетсек, Хажимурат Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда акчаны Президенттик аппараттын ошол кездеги башчысы Данияр Нарымбаевге бермек экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.
Айта кетсек, Нарымбаев менен Коркмазовго адегенде "коррупция", "опузалап пара талап кылуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кийин кылмыш иши "алдамчылык" беренесине өзгөртүлгөн. 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
24-майда Бишкек шаардык сотунун отурумунда Данияр Нарымбаев: "Мен соттук реформаны жасай алган жокмун. Тез арада соттук бийлик боюнча реформа керек экен. Бизде соттук бийлик жок экенине толук ынандым",- деп билдирди.
Айта кетүүчү жагдай, Данияр Нарымбаев сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү болчу. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу соттук реформанын башында турган адамдардын бири сот жообуна тартылып, өзү реформа кылган бул систем көз каранды эмес экенин өзүнүн ачуу тажрыйбасынан кийин моюнга алып отурат.

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо