Айжан Казакбаева, телеалпаруучу: «ЭКРАН АЛДЫНДА КЫЙМЫЛДАГАНДАН КОРКЧУМУН»

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

НТС телеканалынын телеалпаруучусу Айжан Казакбаеваны экрандан көрүп сулуулугуна, орундуу сүйлөгөн сөзүнө кызыгып жүргөндөр көп. «Адамда баары сулуу болушу зарыл: жүзү, кийими, жан дүйнөсү жана ою»,- деп орус жазуучусу Антон Чехов айткандай, Айжанда бул баалуулуктардын баары бар экенин бул маекти окуп баамдайсыз.

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 27-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 57 килограмм
Билими – КОСУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган
Кесиби – Телеалпаруучу, журналист
Алып барган берүүлөрү – «Жаңылыктар», «Прямая речь»
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Айжан, журналистиканы бирөө кесип катары, айрымдар хобби катары да көрүшөт. Сизчи?..
-Мен үчүн журналистика алгач жөн гана кызыгуу болчу. Анда бул кесиптин кичинекей бөлүгүн эле көрсөм керек. Экранга чыга калуу оңой, аябай сонун деп ойлочумун. Жыл өткөн сайын журналистика кызыгуу эмес, бүт өмүрүңдү арнай турган кесип экенин түшүндүм. Андыктан бул мен үчүн чыныгы кесип.

– Бирок сиз эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алыптырсыз...
-Көпчүлүк «журналистикага тапшырбай калганың өкүнүчтүү» дешчү. Мен болсо баары өз нугунда кетти деп ойлойм. Себеби эл аралык мамилелер бөлүмү – бул гуманитардык багыттагы кесиптерге эң жакшы база. Эгер мурун эле журналист болорумду билсем деле баары бир аталган бөлүмгө тапшырмакмын. Анткени бул адистик мага коомчулукта болуп жаткан саясат, экономика, социалдык тармактарды иргеп билүүгө жакшы база болуп бере алды.
Журналистикада карьерам 2009-жылы башталган. «Бешинчи элемент» деген студенттик программага катышып, ошол жактан алган тажрыйба журналистикага болгон кызыгууну арттырды. Бул кесип мага кызыктуу туюлду. Медиа бир гана саясатты эмес, коомдогу бардык процессти түшүнүүгө багыт берген кесип экенин билдим.

– НТСте алгач экономикалык жаңылыктарды алып барчусуз...
-Ал жакта 2012-жылдан баштап иштеп калдым. Кастингден өткөндө бир гана эфирге чыгууну көздөбөстөн, журналистиканы үйрөнгүм келди. Экономикалык программаны алып барып баштаганда өзүм каалагандай эфирде да, эфирден сырткары да жумуш пайда болду. Кийин жаңылыктарды, автордук берүүлөрдү алып барып калдым. Азыр «Прямая речь» көрсөтүүсүн алып барам.

– Эфир алдындагы толкундануу сезимдери жоюлдубу же азыркыга чейин барбы?
-Бизге «эгер толкунданбай калсаңар, силер кесибиңерден кете берсеңер болот» деп айтышат. Ошондуктан толкундоо дайыма болуп турушу керек. Бул сезимдин өзүнүн стадиясы бар. Башында мен кыймылдагандан ушунчалык коркчумун дейсиз, жадакалса калем сапты, кагазды башка орунга жылдырууга дитим барчу эмес. Кийин өзүмө болгон ишеним пайда болду, бирок толкундануу сезими дале бар.

– Жаңылыкты окуп жатып адашып кеткен учурлар болду беле?
-Түз эфирде ар бир алпаруучунун бир-эки күлкүлүү окуялары болуш керек. Бир жолу суфлёрдун педалы ордунан жылып кетип, аны бассам текст жылбай калып, анан кагаздан издеп киргем. Түз эфир болгондуктан кыжалат болуп, текстти таппай кыйналгам.

– Блоггерлерди массалык маалымат каражаттары менен салыштырып келишет. Бул бара-бара ММКны сүрүп чыгарат деп ойлобойсузбу?
-
Блоггерлер тууралуу көп сөз кылса болот. Мисалы, менин кумирим Владимир Познер «блоггер – бул ММК эмес» дейт. Мен бул кишидей даражага жетким келет жана ага умтулам. Блоггерлер, албетте, коомчулукка таасирин тийгизишет, аны төгүнгө чыгара албайбыз.
Кээ бир блоггерлердин окурмандары, күйөрмандары айрым ММКлардын кайсы бир программасынын көрүүчүлөрүнөн да көп болушу мүмкүн.
Бирок кандай болгон күндө да аларды массалык маалымат каражаттарына кошууга болбойт. Анткени бир маселе жаралса, ошону ар тараптан иликтеп, анализ жүргүзгөн журналисттер коомго керек. Журналист менен блоггер бири-бирине тең тайлашпай, ар бири өз жолунда кете берет деген ойдомун.

– Өлкөбүздөгү кайсы дикторду баалайсыз?
-
Менин кесипкөй диктор болуп калыптанышыма салымын кошкон адамды айтып өткүм келет, ал – Айнура Кабатай кызы. Ал менин мугалимим, биринчилерден болуп эфирдин кандай болорун түпкүрүнөн көрсөткөн адам. Анан кесиптештерим Жолдош Исаков, Мирзат Муканов, Манас Айжигитовду баалайм.

– Эфирде олуттуу көрүнөсүз, жашоодо кандай адамсыз?
-Албетте, эфир олуттуу көрүнүүнү талап кылат. Жашоодо ачык-айрым, ишенчээк адаммын. «Кесибиңде элдин башын тебелеп өтүп гана ийгиликке жетишесиң, ошондуктан катуу болуш керек» деп айтылат. Менин оюмча, бул туура эмес. Адамдык сапатты биринчи орунга коюп, айкөлдүк менен мамиле кылыш керек.

– Орусча маек курдуңуз. "Кыргыз тилинде оюмду толук жеткире албайм" деп кыжалат болосузбу?
-Эне тилимди жакшы түшүнөм, бирок орус тилинде оюмду толук жеткирем. Окурмандарды, көрүүчүлөрдү сыйлагандыктан сабаттуу сүйлөгүм келет. Буюрса, эне тилимди жакшы өздөштүргөндө, албетте, кыргызча маек курам.



«Атам кыздуу болууну самачу экен. Жыйынтыгында 3 кыздын сүйүктүү, идеал туткан атасы болду».

Айжан ата-энесинин тун кызы. Сүрөттө сиңдилери менен.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Журналист Айжан Казакбаева: "Эфирде эмоциямды жашыра алам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
04.06.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Айжаник, азаматсын :)
Алган интервьюларын дайым маанилуу, маныздуу, кызыктуу. Адамды бир интелектуалдык тепкичке жетелей турган денгээлде чыгат.
Ал эми озун интервью берип отурсан кызыктай болуп калат экен)))
Сонун!
Ийгилик сага!
SUPER.KG видео
04.06.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Akimova22saga kowulam kyrgyz bolgondon kuiun kyrgyzcha ele suiloboibu.
SUPER.KG видео
04.06.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Чынында сулуу, суйкайган кыз
06.06.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Айжан, мага байланышчы, кыргыз тилин бекер эле үйрөтөм...
06.06.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турмушка чыга элек кыздарды бойдок десек боло берет бекен)))
06.06.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurzada78,
Анан эмне деп айтыш кернк?
06.06.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Barika,Жигиттерди бойдок дечу эле кыргыз тилинде,турмушка чыга элек же турмуш кура элек десек кантет кыздарды.Кичинекей паспортко да ажырашкан жубайларды никеси деген жерге "ажырашкан" деп жазып койушуптур,кыргыз тили аябай онугуп жатабы деп коем)))
07.06.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurzada78,+ коем деп - болуп калды))сизге кошулам
06.06.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Об..бооооо!!!Орусча суйлосо эмне болуптур?Эне-тилди деле билген чыгар,тил билсе жакшы го негизи!Сулуу,таланттуу деп сыймыктангандын ордуна жамандайсынар!!Бут дуйно жузу корбосо да жарымынан кобу короттур дуйно эли кызыбызды!Билгиле силер дагы,суйлогуло,ушактап олтура бербей!Эне-тилди да унутпоо керек жана башка тилди да билуу керек!Орусча суйлосо да оз эрки!
06.06.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мира Шукуралиевадан дагы интервью алсаныздар соонун болмок
06.06.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
26 жашка чыгып эне тилди билбесе мындан кийин да эч нерсе умут кылбайбыз. Эми уйронот имиш... Уят!!! Ата-энеси уйротуш керек болчу жашынан. Ото начар!!!
07.06.2016. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
короодогу итим деле кыргызча тушунот бирок суйлой албайт
07.06.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat.,хаха бир нерсе тушунгондой болдум мен
07.06.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишине ийгилик!
Бирок кыргызча туш жорушун керек болчу 25 жыл Кыргызстанда жашап кыргызча оюнду жеткире албасан уют эле го уйрон срочна.
SUPER.KG видео
07.06.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызча эле сүйлөгүлөчү айланайындар
SUPER.KG видео
07.06.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кыргызча эле суйлобойбу дей бербегилечи кырг.силерден кыйын суйлосо керек орусча суйлогон озуно жагат экен суйлой берсин. Канча деген кыргыз жаштарыбыз орусча билбегендиктен москвада жакшы жумуштарга кире албай журушот. Кырг.деле кайсы жумушка орношкону барсан орусча, англисче билесинби деп сурашат. Кыргызча суйлоп туруп жерин саткандар да бар орусча суйлоп туруп кыргызстанды которгондор да бар.
07.06.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуусу сулуу экен, бирок эне тилинде суйлобогон,озунун тилин билбеген УЯТДА.
07.06.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргызча билбесе эле кандайча уят.? Билбесе билбейт да,айланасындагылардын баары орусча суйлошсо. Кыргызча тушуном деп атат ко.
SUPER.KG видео
07.06.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!!
08.06.2016. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Обу жок кыргыз тилин суйлобойт дегендерге кошулбайм. Ар кимге кандай оной болсо жашоодо ошондой жашап ошондой тил менен суйлойт. Эркин мамлекетте жашайбыз. Биз учун баардык жол ачык. Кыскасы ийгилик
SUPER.KG видео
08.06.2016. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Орусча тушунбогондор дей беришет да.
08.06.2016. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айланайындар,азыраак критикалагылачы,Бир жакшынакай эле кыз экен,суйлогону деле бир жакшына.
Медиа-портал
08.06.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 жыл)))а андан коп иштегендер жылдыз болбой эле журот
08.06.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тангалдым, азыр дикторлор озунун созун айтпай эле, экрандан окуп беришеби. Анда менин деле колумдан келет мындай иш. Илгерки дикторлор кантип иштешти болду экен
08.06.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз болуп туруп кыргыз тилин билбесе кантип мыкты журналист болсун...
08.06.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билет мактанганда кыргыздын кызы кыргызча билбесе ХХХ ХХХ ХХХ ашыкча мактанган ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-08 16:16:03
08.06.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Inna_91,кимдир-бирөөнү мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген бирдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! 24 саатка БАН!
08.06.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызча суйлой албаган кыргыздарыбыз биздин эн олуттуу маселебиз.Азыр баары балдарын орус садикке,мектепке берип атышат.же жалганбы?бизге окшоп кыйналбасын деп... Туура айтат кай жумуш сурап барба орусча билесинби дейт.анан ким куноолуу?кыйналбасын деген ата энеби же талап кылган коомбу?
08.06.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Татына
09.06.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу кыз экен.
10.06.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз болгондон кийин кыргызча суйлош керек дегендерге кошулам.
11.06.2016. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!!! Жаштарды колдошубуз керек!!!! Азаматсын Айжан!!!!
11.06.2016. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
11.06.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Обу жок катын орсок уй саайт! Эгер чыныгы журналист болгусу келсе кыргызча жакшынакай уйронсун! Анткени коомчулуктун он жака да, терс жака да бурулуусуна кабарчылар туздон-туз себепкер болот!!!
Медиа-портал
16.06.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча билбеген кыргыз бир канаты жок самолет Ч.А
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо