Гүлшан Молдоева, Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, диктор: «ТААНЫШАМ ДЕГЕН ЖИГИТТЕР ЖУМУШТУН АЛДЫНА КЕЛИП АЛЫШЧУ»

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

Гүлшан Молдоеваны алгач теледен 1-класста көргөм. Азыр жашы 60ты таяп калса да анын сулуу жүзү, күлмүңдөгөн көздөрү бүгүн да мен алгач көргөндөй. Дале жаш, көзгө жылуу учурайт. Маектешүүгө барганда жаңы ачкан студиясы менен тааныштырып, келечек пландарын айтып, басып өткөн жолун баян кылды.

Гүлшан айымдын сүйлөгөнү да өзүндөй жагымдуу. Алгачкы суроомо эле жарым сааттай жооп бергенин уккулуктуу үнүнө муюп сезбей калыптырмын.

– 1960-жылы биздин айылга сыналгы жаңыдан келип, жаңылык болгон. Анда сыналгыны сатып алуу ар кимдин колунан келчү эмес. Биздин үй-бүлө айылдын алды болуп жашаганы менен, телевизор таңсык болуп мен 3-4-класста окуп жатканда сатып алдык. Ал күнү үйүбүздө өзүнчө эле майрам болгон. Балдарга арналган эфир башталар алдында дикторлор Роза Рыскелдинова, Тамара Жаманбаевалар сүйлөп, андан соң мультфильм көрсөтүлчү. Кошуна балдар үйдө тизилип калат эле. Балалык баёо сезим болсо керек, дикторлорду мультфильмди жараткан сыйкырчылардай элестетип, кол жеткис нерсеге теңечүмүн. Алардан таасирленсем керек, балдарды столго отургузуп алып дикторлорду туурайт элем. Көркөм окутуп, күзгүнү каратып сүйлөтчүмүн. «Роза Рыскелдинованы көрдүңөрбү? Мындай сүйлөдү. Бул жерде жылмайды» деп үйрөтүп, мен элестеткен теле ааламына сүңгүп кетер элем.

Каарманым балалыгын, жаштыгын эстеген сайын жүзүндө жылмаюу пайда болуп, кубанып баяндап берди.
– Мектепти аяктагандан кийин Кыз-келиндер институтунун музыка факультетине тапшырдым. Студенттердин фестивалынын аркасы менен Орусиянын көп жерин кыдырып чыктык. Ошондо Георгий Вицин, Евгений Моргунов өңдүү чыгаан актёрлор менен бир сахнадан кезигип калдык. Вицинден алган кол тамганы бүгүнкү күнгө чейин сыймыктанып сактап жүрөм. Бир гана студенттер арасында эмес, мамлекеттик ири иш-чараларды да алып барып калдым.
Бир күнү "филармонияда тандоо болуп жатат" деп мугалимдер алып келишти. Көрсө, Москвада СССРдин жаңы Баш мыйзамы кабыл алынып, ошонун урматына карата чоң фестиваль өтмөк экен. «Фестивалга 1 кыз, 1 эркек алып баруучу керек» дешти. Улан-кыздарды электен өткөзгөндөрдүн катарында ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова өзү отуруптур. Берген тапшырмасын аткарып бүткөндөн кийин министр «кызым, бери кел» деди. Анын чакырыгын угуп сүрдөй түштүм. Барсам «ушул кызды даярдагыла» деди. Ошентип Брежнев катышкан чоң иш-чарада кыргыз жеримди даңктадым. Ал үчүн азыр да сыймыктанам. Теле жаатында иштегениме 40 жылга чукулдап калды. Дайыма өзүмдү карап жүрөм. Элди "карып, жүдөп кетиптир" деп иренжитким келбейт.

Маектешим сүйлөп жатканда кудум «Арноо концерт» көрүп жаткандай эле болдум. Чалынбай, такалбай, бир дем менен суроого жооп узатып отурду.
– Институтту аяктагандан кийин радиого сынак менен жумушка орноштум. Күнү-түнү тынбай иштемей. Жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп койгон элем. Кесиптештерим «бул жигит менен тааныш» дешсе, «эртең эфирге чыгам» деп алардын машинасына отурбай, кызматтык унаага урданып түшүп качып кетчүмүн. Антпесе жигиттер унаасы менен келип, жумуштун алдына туруп алышчу.
Майрам күндөрү деле эс алууну билчү эмеспиз. Эфирди жаап, элди куттуктап анан үйгө кетчүбүз. Бир жолу жаңы жылда элди майрамы менен куттуктап, эфирди жыйынтыктап бүттүк. Кызматтык автобус эшикте күтүп турган. Эфирге кийген жеңил кийимимди алмаштырып чыкканча кесиптештерим мени унутуп кетип калышыптыр. Таксиге чалсак жооп бербейт. Анан күзөтчүгө «Тез жардам» чакыр» дедим. Алар дагы бир топто келишти. «Эмне болду, азыр эле элди куттуктап жатпадыңыз беле?» деп таңыркашты. Жагдайды түшүндүрсөм, күлүп үйгө жеткирип коюшкан.

Кеп нугу жеке жашоого бурулганда иш деп жүрүп турмушка кеч чыкканын айтып, жолдошунун эмгекчилдигине, боорукерлигине, иш билгилигине көпкө токтолду.
– Бир күнү бирге окуган курбум «иштин артынан куубай, эс алсаң боло» деп үйүнө чакырды. Ошол жерден өмүрлүк жолдошум менен тааныштым. Табалды ошондо Ленинграддан окуусун бүтүп, илимдин кандидаты болуп келген экен. Убакыттын өтүшү менен жылдызыбыз келишип, баш коштук. Кудайга шүгүр, 2 кыздуу болдук. Улуу кызым турмушка чыгып, бизди 3 неберелүү кылды. Кичүүсү Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда окуйт. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин жолдошум чарбачылык менен алектенүүгө киришти. Ысык-Көлдөн жер алып, эрте түшүм берчү жапыз өскөн бактарды отургуза баштады. Жаңы баштаганда «бул таштак, суу чыкпаган жерге кантип бак отургузасың?» десем, «Эмгектенсе баары болот. Кыргыздар эмне үчүн кашаага жөлөнүп отура беришет?» деп кейиди эле. Азыр 10 гектарга жакын багыбыз бар.

«Коомдо болуп жаткан айрым көрүнүштөргө ичим жылыса, кээ бири зээниңди кейитет» деген диктор саамга токтолду да, сөзүн улады.
– Мейли дүйнөлүк масштабда болсун, мейли мекенибизде болсун, бардык жаңылыктардан артта калбаганга аракет кылам. Айрым жаштарыбыз көр тирилик деп жаман жолго түшүп, жакшынакай кыздарыбыз бөтөн улуттун балдарына турмушка чыкканына ичим ачышат.

 


"Эгиз неберелерим бар. Таята-таене болгон бакыт экен".

"Мөмө-жемиш сатып албайбыз. Анткени жолдошум мөмөнүн түрүн өстүрөт".

"Легендага айланган дикторлордон сабак алдым, иштештим. Жолдубай Кайыпов, Бактыбек Мамытов эфир үчүн төрөлгөн инсандар".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(25)
06.06.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эжени туурап күзгүнүн алдында далай отурдум го))).
06.06.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн жакшы, эжени корсом жаш кезимди энсейм, ар дайым жаш бойдон журо бериниз. Сиз дагы теле учун туулгансыз.
06.06.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул эжени коргондо, уйдогу эски телевизор, мектептеги кундор эске келет.
Дайым жылуу сезим берет коргон сайын.
Узак жашаныз, эжеке !!!
06.06.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Башыма чач чыкканда ушундай эже эле, дагы эле ошол бойдон.. А, мен...
06.06.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Соонун маек болуптур, дайымкы маектердей эмес!
06.06.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинизге ийгилик!Сиздей диктор жок,бар болунуз.
06.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сиздей аял болгум келет эжеке.бар болунуз)
06.06.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындап эле балалык кез эске келет. Бар болунуз.
06.06.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Диктор деп ушу эжени айтыш керек. Баардык жагынан топ келишет
06.06.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bar bolunuz!!!"
06.06.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо Гулшан эже мн кантип байланышсак болот, же студиясынын адресин берип кое аласыздарбы.?
hanzada_samatova түзөттү 2016-06-06 21:46:34
06.06.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hanzada_samatova,КТРК да иштейт да.Молодая гвардия 59
06.06.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжени обожаю
07.06.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болунуз азыркы теле алыпбаруучу кыздарга сабак отуп койсонуз жакшы болмок
07.06.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулшан эжени мен тааныганда азыркыдай эле ал убактан бери канча жылдар отсо да ошол бойдон. Ушул бойдон эч карыбай, оорубай журунуз эжеке.
08.06.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да ушул эже аябай жагат бар болунуз.мен да сизди туурап телевизордун алдында далай тургам.
08.06.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшан эже дагы деле сизге ден-соолук,омур,сулуук каалайм ,дагы жашсын коп нерселерди иштеп журо берин.
08.06.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булоонуз менен тушкон суроттунузду жуктоп койсонуз болмок,кичине кызыныз
08.06.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени уйдогулор,достор,коншулар сиздин кочурмонуз деп окшоштурат,бугун аябай тигилсем чынында окшош экенбиз.
08.06.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосу жок ко, ыя?
09.06.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalima88,саламатсызбы? Сунушуӊуз эске алынып, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
09.06.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйкумдуусуз сулуусуз...
09.06.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соонун маек болуптур. коп жашап кыздарыныздын жакшылыгын гана корунуз.
11.06.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосу жок экенго
12.06.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо