-

1-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жаңы
УНАА НОМЕРЛЕРИН бере баштады.
-
2015-жылы Кыргызстанда 1179 ЭГИЗ жана 15 үч эм балдар төрөлгөн. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.
-
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп НУРБЕК КУРМАНБЕКОВ дайындалды.
-
Кыргызстанда 13 жаштан 18 жашка чейинки ар бир сегизинчи бала ТАМЕКИ ЧЕГИП көргөн же чегет. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Ярно Хабихт маалымат жыйында билдирди.
-
Кыргызстандан СИРИЯДАГЫ согушка ата-энеси менен кошулуп 100дөн ашуун бала кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
-
"The Walk Free Foundation" укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, Орусияда 1,5 миллион адам КУЛЧУЛУКТА жүрөт. Алардын көбү Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түндүк Корея жана Украинанын жарандары.
-
АДАМКУЛ ЖУНУСОВ Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды. Ал 2016-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Бажы кызматын башкарып келген.
-
КЫТАЙДА ОКУУГА 5 бюджеттик орунга конкурс жарыяланат. Конкурс 20-июнда Ош шаарында өтөт. Аталган сынакты "Патриот KG" коомдук бирикмеси жана "Феникс" билим берүү борбору Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырууда.
-
Быйыл Орусияга кыргыз жеринен барган ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН саны 41 пайызга азайган. Мындай көрүнүш рубль өз наркын жоготуп койгонуна байланыштуу экенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
-
ЭЛДАР АБАКИРОВ экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Ал 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПдан депутаттыкка талапкер болуп чыккан.
-
Акыркы 4 жыл ичинде Кыргызстанда 577 836 жаранга АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди.
-
2010-жылдан тарта Кытайда кармалган кыргызстандыктардын үчөө ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА тартылган. Алардын экөө адам өлтүргөн деген айып менен, бири баңгизатына байланыштуу кылмыш иштери менен күнөөлүү деп табылган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg