№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
Кээ бирөөлөр алыс жол жүрсө же убагында ысык чай ичпей калса деле “шакыйым кармады” деп калышат. Ал тургай кусуп, шайы оойт. Бул дарт менен Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын 18 пайыз жашоочусу ооруйт. Шакыйдын эмнеден келип чыгары жана айыгуу жолу тууралуу маалыматты Бишкектеги Улуттук госпиталдын №3 неврологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбек Тургумбаев бермекчи.
НЕВРОЛОГИЯЛЫК ООРУШакый – бул неврологиялык дарт. Көбүнчө баштын бир бөлүгүнүн оорутуусу. Шаар тургундары стресске көбүрөөк кабылгандыктан алар бат-бат оорушат. Өзгөчө 12-45 жаштагылар чалдыгып, 50 жаштан кийин жоголот же аз кармайт. Аталган оорудан аялдар көп жабыркашат. Жай айында күч алуучу бул дарт алгач чыкыйда башталып, анан көзгө, желкеге өтөт. Кээде оорутуу 2-3 саатка же андан узакка созулганда баштын экинчи жарымына да өтүшү мүмкүн. Оору айрымдарда күн же апта сайын кармаса, айрымдарда 2, 3 же 7 айда бир кармайт. Бул жашоо жана иштөө шартына (өзгөчө ызы-чууда иштесе), өзүн алып жүрүүсүнө, өнөкөт ооруларына да жараша болот.
БЕЛГИЛЕРИ, ООРУТУУ АБАЛЫ (ПРИСТУП)
ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГУУСУНА СЕБЕП БОЛЧУ ФАКТОРЛОР
ДАРТТЫН КАРМООСУНА ТҮРТКҮ БЕРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР
БӨЛҮНҮШҮ
Аурасы бар шакый
Баш ооруй электе адам өзүнөн төмөнкүдөй белгилерди сезип калат: тамакка табиттин тартпай калышы, көздүн чыбырчыктап, караңгылашы, нервдин чыңалышы.
Аурасы жок шакый
Оору атайын белгилери жок башталат
ШАКЫЙ КАРМАГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
ШАКЫЙ 1 КҮНДӨ 2-3 ИРЕТ КАРМАСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
– Шакый – тукум кууйт. Энеден шакыйдын балдарына өтүүсү 50, атасыныкы 25 пайызды түзөт. Эгер ата-энесинин экөөсүндө тең болсо, анда балдарына өтүү коркунучу 50 пайыздан жогору.
Шакый кээде 2-3 саатка созулса, кээде 2-4 күнгө дейре созулушу ыктымал . Оорутуу абалы (приступ) өтмөйүнчө адам алсырайт. Кусса деле аз убакытка гана жеңилдейт (шакый кармаганда жеген тамак оңой менен сиңбей, ашказанда кармалып тура бергендиктен кусууга жеткирет).
Шакыйы барлардын кээ бири эмне кылса жана ичсе оорусу басыларын билип калышат. Андыктан эмнеден басылса, ошону жасай берүүгө болот. Айрымдар муздак душка түшүшсө, айрымдар ысык чай ичип, тердеп дарысыз эле айыгып калышат. Кээ бирөөлөрдүкү дары ичмейин басылбайт (же ошого көндүрүп алышкан). Эгер ушундай болсо бир күндө шакый 2-3 ирет кармаса, дарыны да 2-3 ирет ичүү сунушталат.
Оорусу кармаганда адам ого бетер нервденсе кан басымы көтөрүлүп, инсультка чалдыгышы мүмкүн. Шакый жолдобу, иштеби кармап калуусу мүмкүн. Ошол себептүү жанына дарысын салып жүрүүсү кажет. Адамда шакыйдан тышкары башка өнөкөт оорулары болсо, анда кандай дары ичүү керектигин врач менен кеңешип чечип алуусу кажет. Эгер оору бат-бат кармаса, анда ооруканага жатып дарылануусу керек.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |