БИР БҮРКҮМ

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж

  • Кыргызстанда ӨРТ КЫРСЫКТАРЫНАН жыл башынан бери 38 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

  • 2015-жылы чет элдик үй-бүлөлөр кыргызстандык 19 БАЛАНЫ ал эми кыргыз үй-бүлөлөрү 707 баланы асырап алышкан. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.

  • Өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп КАНАТ АМАНКУЛОВ дайындалды.

  • Жайкы эс алуу сезонуна карата БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ-БИШКЕК ПОЕЗДИ 17-июндан тарта "Бишкек I" станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 6:25те. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтында маалымдалат.

  • Кыргызстанда тамеки кутуларынын сыртына чапталган коркунучтуу сүрөттөр ТАМЕКИ ТАШТООНУ үгүттөөдө натыйжасыз. Мындай пикирин атайын сурамжылоого катышкандардын 77 пайызы билдирген. Изилдөөнү "Долбоорлор лабораториясы" борбору жүргүзгөн.

  • Кытайда 6 жыл аралыгында 16 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

  • Кыргызстанда кылмышты моюнга алуулардын 90 пайызы КЫЙНООЛОРДОН кийин ишке ашат. Бул тууралуу Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча борбору маалымдайт.

  • КЫРГЫЗСТАН Global Peace Index (Тынчтыкты сүйүү глобалдуу индекси) боюнча 163 мамлекеттин арасынан 124-орунду ээледи. Тынчтыкты сүйгөн алдыңкы өлкө Исландия экени белгилүү болду. Коңшу Казакстан аталган индексте 75-орунду ээлеген. Иликтөө өлкөлөрдүн коңшулар менен мамилелери, ички жана тышкы согуштары, террордук акттарды эске алуу менен жүргүзүлгөн. Эң акыркы орунда Сирия экени маалым болду.

  • Кыргызстандагы МУЗЕЙЛЕРГЕ 2015-жылы 700 миңден ашуун адам барган. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.

  • "Тазалык" муниципалдык ишканасына шаар ичиндеги ТАШТАНДЫЛАРДЫ жыйноочу 32 атайын унаа Европа биримдигинин делегациясы жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

  • Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы СҮЙҮН ӨМҮРЗАКОВ Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо