ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

ИНТЕРНЕТ
Моралфаг – (англисче moral fag), социалдык тармактардын негативдүү колдонуучусу. Моралфагдар ошол эле социалдык тармактардагы кыйыр айтылган ойду же тамашаны түшүнбөй, ага ачуулануу менен пикир калтыргандар. Алар адатта коомдо талкууланып жаткан тамашалуу же популярдуу окуяларга ачуулуу, агрессиялуу комментарийлерди көп жазышат. «МДК», "4ch" сыяктуу белгилүү пабликтердин мүчөлөрү моралфагдарды жек көрүшөрүн көп жазышат. Себеби бул пабликтерде дал ушул колдонуучулардын ачуусуна тийген темалар талкууланат.

КООМ
Гуру (санскрит түшүнүгүндө көптү билген адам) белгилүү бир тармакта эң жогорку тажрыйбага ээ, өзүнүн артында шакирттерин тарбиялап калтырган адамды айтышат. Акыркы учурда ар түрдүү тармакта дасыккан адамдарды ушундай атап келишет. Мисалы, «кулинария гурусу», «пикап гурусу» же «секс-гуру» деген сөздөр менен адамдарды сыпаттап жүрүшөт. Демек, сизди өз адистигиңиздин гурусу экениңизди айтып калышса, төбөңүз көккө жетип, көкөлөп кубана берсеңиз болот.


ТЕХНИКА

Чип-тюнинг (англисче «chip» – микросхема, «tuning» – тууралоо), автоунаа кыймылдаткычтарынын программасын заманбап үлгүдө тууралоо, иштеп чыгуу же оңдоо. Чип-тюнинг автоунаанын түзүлүшүн өзгөртпөстөн туруп, анын мүнөздөмөсүн жакшыртуучу эң жеткиликтүү ыкма. Мындай ыкма менен унаанын кыймылдаткыч күчүн жогорулатууга, унаанын көп «май ичишин» төмөндөтүүгө, мотордогу иштелип бүткөн газдын уусунан арылтууга болот. Автосервисте мындай ыкма менен кызмат көрсөтүүчүлөрдү тюнерлер деп коюшат.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо