АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ "КУМТӨР" БОЮНЧА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА ТАРЫХЫЙ МИЛДЕТ ЖҮКТӨДҮ

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

Башкы прокуратура 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылкы "Кумтөр" келишимдеринин мыйзамдуулугун кайрадан тергөөнү качан баштаары азырынча белгисиз. Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тергөө жанданары менен кабарлай турганын билдиришти. Президент Алмазбек Атамбаев 15-июнда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу "Кумтөр" келишимдеринин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча тергөөнү жандантуу тапшырмасын берди. Өлкө жетекчиси дал ошол 2003-2004-жылдардагы келишимдер түзүлгөн маалда "Центерра" компаниясындагы Кыргыз Республикасынын үлүшү аныкталганын, эл ичинде үлүш жасалма жол менен төмөндөтүлгөнү тууралуу пикир жаралганын баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын пайдасына иштей турган кен эмне үчүн коомдо "эң ири алдамчылык" катары терс түшүнүктө кабыл алынып калганын өлкө жарандары билиши керектигин, ал үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу элге өз убагында маалымат жеткирип туруу зарылдыгын айтты.
Парламенттин 5-чакырылышында "Кумтөр" маселеси көп жолу талкууланган. Өкмөт дайыма "2003-2009-жылдардагы келишимдер менен кыргыз өлкөсүнүн колу-буту байланып калган, ошондуктан маселени кыргыз тараптын пайдасына чечүү кыйын болууда. Ал келишимдерди мурунку бийлик мыйзамдаштырып берген, анын азабын эми тартып жатабыз" деп алакан жайып келет. Өлкө башчысы ал келишимдерди кайра иликтөө зарылдыгын, алтын запасы боюнча дүйнө жүзүндө 7-орунда турган кен мамлекеттин кызыкчылыгына иштетилиши керектигин айтып, мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү башкы органдын алдына тарыхый милдет жүктөдү. Башкы прокурор Индира Жолдубаева үчүн бул тапшырма – кесиптик сыноо. Аткара алса, демек, башкы прокурордук сынактан өттү десек болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо