ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ДАГЫ БИР АЙЫМ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

Креслону бошотуп берип мандаттан баш тартуу КСДПны да кыйгап өтпөдү. 15-июнда Ашэра Халикова мандатынан баш тартып, анын ордуна жаңы депутат болуп Музаффар Исаков келди.
Ашэра Халикова мандатын тапшырып жатып: "Жеке себептерден улам депутаттык мандатымды тапшырып жатам. 8 ай билинбей өтүп кетти. Бул кыска мөөнөттүн ичинде мамлекетти бекемдөөгө салымымды коштум деп ишенем",- деп билдирди.
Парламенттик шайлоо алдында, партиялар гендердик, улуттук азчылык жана башка баланстар сакталган тизмени жарыялашат. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин 30 пайызын айымдар түзүүсү керек. Бирок шайлоо алдындагы тизме жыл айланбай акырындап өзгөрүп кетет. 6-чакырылыштагы депутаттардын арасында мандатын тапшыргандар жана мандатынан ажырагандар көбүнчөсү айымдар болууда. "Кыргызстан" фракциясынан Чолпон Эсенаманова, Эльмира Жумалиева, "Бир бол" фракциясынан Бакыт Эсенбаева, Лунара Мамытова жана КСДПдан Ашэра Халикова Жогорку Кеңештин бортунан сыртта калып, алардын ордуна жалаң мырзалар келди. Мындай жол менен партиялар мыйзамды буйтап өтүп жатышат. Жогорку Кеңешке келип, шайлоочулар алдында берген убадаларды жүзөгө ашырбай мандатын тапшырып кете берүү айымдарга да аброй бербеси турган иш.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо