Кыргызстанда жалпысынан
3 миң ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ иштейт. Ал эми өлкөдө бул кызматтагы адистерди Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети гана даярдайт.
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун XXI Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруу кеңешинин сессиясынын алкагында РИМ ПАПАСЫ Франциск менен жолугушту.
- Өзбекстан 15-июндан 25-июнга чейин ЧЕК АРАСЫН жаап, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жарандарын жана унааларды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды. 23-24-июнь күндөрү Ташкентте ШКУнун жыйыны өтөт.
- Улуттук банктын төрагасы ТОЛКУНБЕК АБДЫГУЛОВДУН айлык акысы 120 миң сом. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
- Нарын шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик ишмер ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИН айкели тургузулат. Бул боюнча Нарын шаарынын мэриясы маалымдайт.
- Биринчи Май райондук соту "КАДЫР МАЛИКОВГО кол салган" деп айыпталган Алибек Тилек уулун өмүр бою эркинен ажыратты.
- 2015-жылы балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча 260 билдирүү келип түшүп, алардын 123ү такталып, 73ҮНӨ КЫЛМЫШ ИШИ козголгон. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымдайт.
- Чет өлкөлөрдө Кыргызстандан даярдалып чыккан жогорку КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРГЕ суроо-талап дээрлик жок. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов билдирди.
- МИРБЕК КАСЫМКУЛОВ Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалды. Касымкулов буга чейин УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.
- АК ИЛБИРСТИ аткан Ысык-Көл облусунун тургуну 200 миң сом айып пул төлөдү. Дагы 300 миң сом төлөшү керек. Учурда ал үй камагында. Бул боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги маалымдайт.
- Кыргызстанда учурда, эл аралык БАЛА БАГЫП АЛУУНУ ишке ашырган чет элдик 12 уюм бар. Бул боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
- Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда 250дөн ашык кыргыз МИГРАНТТАРЫНЫН 10 миллион рубль суммага "алдамчылык" боюнча кайрылууларын карап жатат. 2016-жылдын башынан бери кыргыз жарандарына 2 миллион 468 миң рубль төлөнүп берилген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg