ГИНЕКОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

Окурмандардан келген суроолорго Бишкек шаарындагы «Темир жол» ооруканасынын акушер-гинекологу Элмира Акматова жооп берет.

"ЖЫНЫС ЭРИНДЕРИМДИН БИРИ ЧОҢ"
– Мени көптөн бери ойлондурган көйгөй бар. Турмушка чыга элек кызмын. Жыныс эриндеримдин бири өтө чоң, экинчиси нормалдуу эле. Чоң болушунун себеби эмнеде, зыяны жокпу? Дарыласа же хирургиялык жол менен кичирейтсе болобу?

Элиза, Ош

-Мунун эч кандай коркунучу жок. Кээ би­рөө­лөрдүкү тубаса ушундай болот. Турмушка чыкканда жолдошумдан уялам деп кыжалат болсоңуз, кичирейтүү жолу бар. Муну гинекологдор жасайт. Бирок эң жакшысы тийбей эле коюңуз. Анын төрөткө да, ден соолугуңузга да зыяны жок.

"5 ЖАШТАГЫ КЫЗЫМДЫН ИЧ КИЙИМИ БУЛГАНА БЕРЕТ"
– Кызым 5 жашта, кээде ич кийими булганып калат. Кынынан суюктук келет окшойт, анан «кычышып жатат» деп калат, эмне кылуу керек?

Анипа, Талас

-5 жаштагы кызды балдар гинекологуна алып барып көр­сө­түп, мазок тапшыртуу керек, ошондой эле гельминттерге дагы анализ берүү кажет. Анализдердин жыйынтыгынан кийин дарыгер кантип дарылоо керек экендиги тууралуу кеңешин берет.

"СПЕРМАНЫ СЫРТКА АГЫЗСА БОЙГО БҮТПӨЙБҮ?"
– Жолдошум экөөбүз азыр ба­лалуу болууну пландай элекпиз. Сперманы сыртка агызып эле сактансак болобу?

Акылай, Нарын

-Сперманы сыртка агызып сактануу туура эмес, бойго бүтпөйт деген кепилдик жок. Анан да мындай ыкма эркектерди импотенцияга алып келиши мүмкүн.

"МУСУЛМАН СВЕЧАЛАРЫ ЗЫЯНБЫ?"
– Мага таежем "бойго бат бүтүрөт" деп мусулман свечаларын берген. Жакында эле боюмдан түшүп калды, свечаны колдоно берсем болобу? Бойдон түшкөндөн кийин канча ай сактануу керек?

Жийдегүл, Бишкек

-Мусулман свечалары зыяндуу деп айта албайм. Алар зыяны жок чөптөрдөн жасалат. Бирок кош бойлуу кездин алгачкы айларында свеча салууга болбойт. Балким, сиз боюңузда болгонун билбей свеча салып алдыңыз. Биринчи бойдон түшүүнүн себептерин аныктап алуу керек, ал үчүн анализ тапшырыңыз. Эгер дарыгер свеча да бойдон түшүүгө себепкер болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келсе, анын курамын текшерүү керек. Эгер свечанын зыяны жок болсо бойдон түшкөндөн кийин бир айдан соң сала берсеңиз болот. Негизи бойдон түшкөндө 6 айдан кийин кайра балалуу болууну пландоо керек.

"ЖЫНЫС КЫНЫНАН ЧЫККАН СУЮКТУКТАН ТАКЫР АРЫЛА АЛБАЙ КОЙДУМ"
– Бир нече жылдан бери эле жыныс кынымдан жагымсыз жыты бар суюктук келет. Бир канча жолу анализ тапшырып, дарыландым. Дарылангандан кийин баягы суюктук жоголот да, көп өтпөй кайра пайда болот. Врачка айтсам "коркунучтуу эмес, эч нерсе болбойт" деп койду.

Асия, Бишкек

-Бул бактериялык оору, жыныс кынынын микрофлорасынын бузулушунан пайда болот. Жыныстык жол менен жукпайт жана зыяны жок. Бирок аял өзүн ыңгайсыз сезе берет, анан оңой менен да жок болуп кетпейт. Ошондуктан этап менен бир нече жолу дарылоо керек. Жакшылап дарылансаңыз толук айыгып кетесиз.

"ЭТЕК КИРИМ КЕЛБЕЙТ"
– Менин этек кирим биринчи жолу 18 жашымда келген. Андан кийин келген жок. Азыр жашым 26да, бүлө күтүш үчүн ден соолук болуш керек деген ойдо турмушка чыкпай жүрөм. Оштогу жеке менчик клиникалардын бирине барып анализ тапшырып көрүнгөм. Алар 10 күн массаж да жасашты. Андан сырткары 6 ай ичесиң деп дары жазып беришкен, жазып берген дарыны ичип жатканымда этек кирим келип жатты. Биринчи айында белим ооруп келди, кийин оорубай калды. Дарыны ичип бүткөндөн кийин кайрадан эле этек кирим келбей калды. Ушинтип анализ тапшырып, дарыланып, УЗИге түшүп эле жатам, жыйынтык жок, эмне кылам?

Айзуура, Ош

-Этек кирдин келбей жатканы гормондордон көз каранды. Ошондуктан гинеколог-эндокринологго кайрылыңыз. Жатындын көлөмү да кичине болушу мүмкүн. Мындай учурда балалуу боло албай калуу коркунучу бар.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(15)
20.06.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялдарга ото пайдалуу экен
20.06.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кеңештер үчүн рахмат, так ушул керек эле мага
21.06.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пайдалуу кенештер..
21.06.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы. Супер суроонун жообун канча кундо чыгарастар.
22.06.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроону каякка калтырсак болот?
22.06.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоон рахмат кенешинерге
22.06.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактануунун турлору жонундо маалымат берсениздер зыяны пайдасын кошуп , жакшы болоор эле. Рахмат
23.06.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzatka94,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
26.06.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу туугандар эн манилуусу никесиз кошулудан сактаныныздар
01.07.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ маткадабы же турбадабы айтор варикоз болот экен ушу жонундо кененирээк маалымат бере аласыздарбы кантип дарылайт кантип пайда болот?
01.07.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Serenada,саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
01.07.2019. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмушка чыга элекмин,11-класстан бери этек кирим келгенде оорутуп келет албаган укол даары калбады бара бара ооруганы көбөйүп кусуп калтырап кыскасы эмне кылсам болот,мени ойлондурганы турмушка чыкканда кантем балалуу болошуң кыйын деп көөптөрдөн уктум,анча мынча врачтар да айтты ошону ойлоп эле колумду сурап келгендерден баш тарта берем,турмушка чыкканда калабы бул нерсе?
24.04.2020. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ мен kenesh@super.kg ге кат жонотком бирок эч кандай жооп ала алган жокмун да
28.04.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barbaristka, саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жооп болот. Суроолор болсо көрсөтүлгөн телефон номерге жазып жана кат жазган e-mail дарегиңизди жөнөтүп коюңуз, карап чыгабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо