№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
Көптөн күтүп төрөлгөн баланын оорукчан, майып болуп төрөлүшү ата-эне үчүн сыноо. Анан эмей, кан-жанынан жаралган баласынын өз алдынча жөндөп баса албаганын, чай иче албай жатканын көрүү азап да. Мындай оор дартка балдардын церебралдык шал оорусу да кирет. Бул оору жана аны алдын алуу тууралуу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун неврология бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Маткеева баяндайт. «УЛАМ БОЙДОН КОЗГОЛСО ДА ИЧТЕГИ БАЛАНЫН НЕРВИ ЖАБЫРКАЙТ»
Балдардын мээсинин шал оорусу (ДЦП) балдардын нерв системинин жабыркоосунан келип чыгып, келбеттин, кыймыл-аракеттин, сүйлөөнүн, тең салмактын бузулушу, акыл-эстин өсүшүнүн кечеңдеши (100 баланын 40ы) менен шартталат. Биздин бөлүмгө аталган дарт менен 1 жылда 450дөй бала жатып дарыланат. Өлкөдө ар бир 1000 баланын эки-үчөөсү ушул оору менен төрөлөт.
Аталган оору менен балдар майыптыкка кабылат:
ДАРТКА ЧАЛДЫГУУНУН СЕБЕПТЕРИ
Түйүлдүк кезинде
Төрөт учурунда
2 жашка чейин
БЕЛГИЛЕРИ:
ДИАГНОЗ КОЮУДА КЕРЕКТЕЛЕТ
ДАРЫЛОО
Бул оорудан айыгып кетүү күтүлбөйт. Дарылоо бала дарттын оор же жеңил түрү менен ооруганына жараша комплекстүү жүргүзүлөт. Тынымсыз жылдап аракеттенүү менен айрым гана бир булчуң менен нервдердин иштөөсүн калыпка келтирүүнүн өзү эрдик. Мисалы, өзү кашык кармап тамак жеп же дааратканага өз алдынча барып калууга жеткизүү чоң иш. Ооруканаларда энелери балдары менен кошо жаткызылып, аларды карап-багуу, дарылоо ыкмалары менен тааныштырылат. Мунун негизинде ата-эне үйдөн ал ыкмаларды өз алдынча колдонуп жүрүп отурушат.
Дарылоодо эмгек терапиясы, физиотерапия, дарылык укалоо жана физкультураны колдонуу менен булчуңдардын функциялары жакшыртылат. Логопеддин, психологдун жардамынын аркасында угуусун, сүйлөө речин, кабыл алуусун аздан өнүктүрүп жүрүү керек. Ортопедиялык кийимдерди колдонсо, алар басууда кулабай, тең салмакты сактоого көмөктөшөт. Дарылоодо булчуңдардын чыңалуусун жоюучу дары-дармектер да берилип, ботокс сайылат. Бирок бизде азырынча ботокс жок. Негизи ботокс өз алдынча диртилдеп, кыймылдап турган булчуңдарды катыруу менен, ал кыймылдарды акырындап калтырууга багытталган. Бирок ботокстун күчү 6 айга жеткендиктен, кайталап сайып туруу кажет.
Дарылоодо иппотерапия (ат менен дарылоо) да колдонулуп жүрөт. Ат минген адам ат үстүндө мүнөтүнө болжол менен 100 ирет термелет. Бул болсо бардык булчуңдарга таасир этип, татаал кыймылдарды жасоого аргасыз кылат. Аттын денесинин температурасы адамдыкына салыштырмалуу 1,6-2 градус жогору болгондуктан ат минген адамдын бутунун булчуңдары жылып, массаждалат. Денедеги кандын айланышы да ылдамдайт.
Дарттын алдын алуу үчүн бойдо болтуруудан 3 ай мурун баланын денесинин өсүп калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана кээ бир керектүү витаминдерди ичиши керек (врачтын кеңешине кайрылып).
Боюнда болгон алгачкы 3 айда врачтар тарабынан коюлган бардык талаптарды так аткаруу кажет. Анткени ушул кезде баланын дене мүчөлөрү жаралып, калыптана баштайт.
Ооругандардын:
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Аллахым дарт берген пендесине шыпаасын да кошо берсин ылайым
Баары 1-очур энеден, боюнда боло электен баштап эле даярданыш керек, баардык специалисттепге корунуп, даарыланып. Боюнда болгон убакта да озун этият кылып, нерв иштетпей...