ӨКМӨТТҮН ТҮЗҮМҮ ӨЗГӨРДҮ

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча демилге көтөрүп, Жогорку Кеңеш аны колдоп берди. Жаңы түзүм кошумча чыгымдарга алып келбеси айтылды. Өкмөттүн түзүмү төмөндөгүдөй болуп өзгөрдү:
– Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
– Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
Ошондой эле Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, ал эми Транспорт жана коммуникация министрлиги – Транспорт жана жолдор министрлиги болуп кайрадан түзүлгөнү жатат.
Мындан тышкары депутаттардын сунушу менен коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматы түзүлмөкчү.
23-июнда президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жетектеген Турдуназир Бекбоевди кызматтарынан бошотуп, аларды Жогорку Кеңештин колдоосуна алынгыча жаңы түзүлгөн министрликтердин жетекчилеринин милдетин аткаруучу кылып дайындады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо