БШК БАШЧЫЛЫГЫНА НУРЖАН ШАЙЛДАБЕКОВА КЕЛДИ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Келерки 5 жылда кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоону өткөрүүчү БШКнын мүчөлөрү жаңыланды. Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна Борбордук шайлоо комитетинин башчысы болуп Нуржан Шайлдабекова шайланды.
Президент тарабынан БШК мүчөлүгүнө Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Нуржан Шайлдабекова, парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн Акылбек Эшимов ("Кыргызстан"), Гүлнар Журабаева ("Ата Мекен"), Назарали Арипов ("Өнүгүү-Прогресс"), Адилет Сатыгулов (КСДП), оппозициялык блоктон Атыр Абдрахматова ("Республика-Ата Журт"), Елена Жылкычиева ("Республика-Ата Журт"), Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"), Кайрат Осмоналиев ("Бир бол") сунушталып, Жогорку Кеңеште жетиштүү добуш топтой алышкан. 27-июнь күнү жаңыдан шайланган БШК мүчөлөрү Нуржан Шайлдабекованын БШК жетекчилигине талапкерлигин бир добуштан колдошту.
БШКга эч качан "сырттан келген кадр" жетекчилик кылган эмес. Бул жооптуу кызматты бийлик дайыма ишенимдүү адамга тапшырат. Жаңыдан шайланган БШК башчысы да бул планда жаңылык эмес. Ал буга чейин Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары катары иштеп келген. Ушуну менен Президенттик аппаратта иштеп келген бешинчи адам өлкө жетекчилигиндеги жооптуу кызматка дайындалды. Учурда УКМКны жетектеп жүргөн Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов, АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кадыр Токтогулов да Президенттик аппаратта иштеп жүрүп аталган кызматтарга келгендер.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо