АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ МЕНЕН ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВ КАЙЫМ АЙТЫШТЫ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков менен "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кайым айтыша кетишти.
Добуш берүү учурунда депутат Чолпон Жакупова процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыкканда төрага ага сөз бербей койгон. Мындан улам Жакупова кезектеги мыйзам долбооруна добуш берүүдөн баш тарткан. Долбоорго кайра добуш берүү жүргүзүлгөндө Жакупова менен дагы 6 депутат добуш берген жок. Төрага Турсунбеков бул долбоорго добуш берүүнү эртеңкиге калтырып, кийинки долбоорго өткөндө депутат Алтынбек Сулайманов буга нааразы болду.
"Эмнеге 6-7 депутаттан аттап, кийинки маселеге өтүп жатасыз? Сиз бизден эмнеңиз менен айырмаланасыз? Сиз биздей эле депутатсыз. Өзүңүздү бизден өйдө койбоңуз. Регламент боюнча иш алып барыңыз",- деди Сулайманов. "Абайлап сүйлөңүз. Мага акыл үйрөтө турган сиз эмессиз. Мен укугумду эң жакшы билем. Укугумдан пайдаланып кийинки маселеге өттүм",- деп жооп кылды Турсунбеков. Исхак Масалиев депутаттарды сабырдуулукка чакырып өттү.
Жогорку Кеңеште төрага болуп жаңыдан шайланган Чыныбай Турсунбековго өткөн аптада сөз бербей койгонуна нааразы болуп, депутат Зиядин Жамалдинов мыйзамга добуш берүүдөн баш тарткан эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо