3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтө турган
II ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА 23 спорт түрүнөн 99 комплект медаль ойнотулат.
- Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалгандыктан депутаттык мандатын тапшырды. Анын ордуна КСДПдан МАКСАТ ЭГЕМБЕРДИЕВ депутат болуп келди.
- Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-КАРТА даярдап берүүнүн баасы – 137 сом 50 тыйын. Паспорт бөлүмүнүн кызматкерлеринин мындан ашык сумманы талап кылууга акысы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады.
- Америкалык жөө күлүк Дин Карназес 29-июндан 10-июлга чейин байыркы ЖИБЕК ЖОЛУНУН БАГЫТЫ менен Өзбекстан, Кыргыз Республикасы жана Казакстан аркылуу чуркап өтөт. Мындай чуркоо аталган үч өлкөнүн эгемендүүлүк майрамынын 25 жылдыгына карата АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулууда.
- ЖЕҢИШ РАЗАКОВ Кыргыз Республикасынын чек ара маселеси боюнча вице-премьер- министри болуп дайындалды.
- ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨДӨ эң жогорку баллды Бишкектеги №61-мектеп-лицейинин окуучусу алды. Маалыматтарга ылайык, ал мүмкүн болгон 245 баллдан 237 балл алууга жетишкен. Былтыр да ушул эле мектептин окуучусу эң алдыңкы болгон.
- ОРОЗО АЙТ 5-июлда белгиленет. Бишкек шаарында Айт намазы Жеңиш аянтында окулат.
- КУРМАНБЕК БАКИЕВ Москвада иштеп жүргөн мигранттарга ооз ачар уюштурганы маалым болду. Анын атынан Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев мигранттар менен ооз ачарда жолугушкан.
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан Алмазбек Кадыркулов бошотулуп, ордуна МЭЛИС МАМБЕТЖАНОВ дайындалды.
- Өлкөдө ИЧЕГИ ООРУЛАРЫ 2016-жылдын 6 айында өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өстү.
- Акыркы 5 айда өлкө аймагында 2028 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталды. Анын кесепетинен 320 адам каза тапса, 3 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. Жол кырсыктарынын келип чыгышына көпчүлүк учурда айдоочулар себеп болууда. Мындай маалыматты Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
- Кыргызстанда жыл сайын миңге чукул баладан КУРГАК УЧУК илдети табылат. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg