ЗАМАНБАП АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКАЛАРЫ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Кыргызстан –агрардык өлкө. Өлкөбүзгө жаңы техникалар алынып келип жатканы менен, көбүнчө союздан калган техникалар колдонулуп келет. Азыркы тапта айыл чарба иштери көп машакат жаратпай, заманбап техникалардын түрү чыгууда. Каражатты аз талап кылып, бирок чоң иштерди бүтүргөн техникалар менен тааныштырабыз.

СЭЭП-ЧАЧУУЧУ "ТУМАН"

Сээп-чачуучу прицепсиз "Туман" техникасы өсүмдүккө суу же агрохимикаттарды чачуу үчүн колдонулат. Саатына 50 чакырымга чейинки ылдамдыкта иштей алат. Конструкциясы жөнөкөй жана жеңил болуп талаада иштөөгө абдан ылайыктуу. Тетиктерин да оңой тапса болот. "Тумандын" топуракка болгон басымы өтө аз болгондуктан иш учурунда өсүмдүктөргө зыян келтирбейт. Орусиянын заводунан чыккан техниканын орточо баасы – 1 миллион 300 миң сом.


САБИЗ ТЕРҮҮЧҮ КОМБАЙН

Каражат болсо түшүмдү чогултуу үчүн күрөк менен казуунун кереги жок. СМ-1000 сыяктуу комбайн түшүмдү өзү эле чогултат. Аталган комбайн топурактан өзү казып, андан ары сабагын да кесип, толугу менен өзү даярдап берет. Прицепке чегилүүчү же өзү иштөөчү комбайндар да бар. Мындай дизелдик май менен иштөөчү комбайндар Германия менен АКШда түрлөп чыгарылат. Заводдук баасы 2 миллион сомдон жогору турат.


Техникалык жөндөмү:
Иштөө ылдамдыгы – 3-6 саат/чакырым
10 саатта – 0,5 гектардан 1,5 гектарга чейин
Салмагы – 1,4-2 тоннага чейин

ЖҮЗҮМ ЖЫЙНООЧУ КОМБАЙН

Германияда чыгарылган Pellenc комбайндары жүзүмдү терип эле кетпестен, сортко бөлүп, жууп-тазалап коюучу артыкчылыкка ээ. Бул адамдар менен жыйналган жумуш убактысын бир канча эсеге кыскартып, ыңгайлуулук жаратат. Баасы 1 миллион 300 миң сомдон башталат.


КАРТОШКА КАЗЫП-ЧОГУЛТУУЧУ ККУ-1

ККУ-1 комбайны картошка казып-чогултуучу шайман. Механиканын жардамы менен чогултуучу шайман ташка толгон талаада да иштей алат. Анын таш же башка нерселерден тазалоочу системи эффективдүү болуп, түшүмдү мол чогултат. Ыңгайлуулугу – казган картошкасын өзү терип кеткенинде. Беларусь заводунан чыккан техниканын орточо баасы – 1 миллион 400 миң сом.


Техникалык жөндөмү:
1 сааттын ичинде – 0,25 гектар
Казуу тереңдиги – 220 миллиметр
Иштөө ылдамдыгы – 6 саат/чакырым
Салмагы – 2,7 тонна

Адилет Керимбек уулу,
Эмилбек Жунусов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
04.07.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага техникааа, тытынбай техникага буйруп коюп жатат экенсиндаа...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо